Добавить статью
8:46, 25 мая 2011 5963

Айрым саясатчылар «кара пиардын» өзгөчө технологиялары менен жийиркенбей иштей беришкендиги таң калтырат

Интернет-түйүнүндө дагы бир кезектеги компромат же дагы бир жалган жалаа чыкты. КР 1-вице-премьер-министри Ө.Бабанов менен М.Бакиевдин сөздөрү деп, ар жерде сүйлөнгөн сөздөрдү кесип бириктирип, сүйлөштү имиш аракет кылган баш аламан аудиоматериал жарыяланды.

Азыр өлкөдө «кара пиар» технологиясынын арааны күчөп турган кези. Биз бул ыкмалар аркылуу Ө.Бабановго каршы уюштурулган саясий «кара пиарлардын» көбүнө күбө болдук.

Бүгүнкү жасалма сүйлөшүүнүн текстин, массалык маалымат каражаттарына электрондук почта менен жайылткан Өмүрбек Абдрахмановдун жардамчысы Урмат Иманалиев болуптур. Буга чейин деле урматтуу депутатыбыз массалык маалымат каражаттары аркылуу Ө.Бабанов жөнүндө көптөгөн ушактарды тараткан. Азыр деле ошол ишин улантып келүүдө. Тилекке каршы, биздин кээ бир саясатчылар «кара пиардын» өзгөчө технологиялары менен жийиркенбей иштей беришкендиги таң калтырат.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×