Добавить статью
10:47, 25 мая 2011 4821

Өлкөбүздүн келечеги силердин колдо!

Урматтуу бүтүрүүчүлөр!

Бүгүнкү күн турмушуңардагы маанилүү күн. Силер улуулардын дүйнөсүнө расмий түрдө кошуласыңар. Мындан ары тең укуктуу жарандар катары өлкөбүздүн өсүп-өнүгүшүнө салымыңарды кошуп, жоопкерчиликти алганга даяр болууга тийишсиңер.

Менин көз карашымда, мектеп – бул жаңы муунду космостогу орбитага алып чыкчу ракета. Агай-эжелериңер, насаатчыларыңар силерге келечекке карай кеткен жолдун каалгасын ачып беришти. Бирок ал жолду мындан ары талыкпай-тайбай басып өтүш өзүңөрдөн. Алдыда силерди ачылыштарга жана табышмактарга, мүмкүнчүлүктөргө жана азгырыктарга бай кызыктуу дүйнө күтөт. Көптөгөн кубанычтардан жана сыноолордон өтүп, силер тапкан жана жоготкон нерселер да болот. Өмүр – бул оңой-олтоң эмес.

Өзүмдүн тажрыйбама таянып, силерге бир кеңеш бере алам. Өз күчүңөргө ишенгиле, ичте туюлган баалуулуктардан жана принциптерден баш тартпай, адилетсиздиктин алдында артка чегинбегиле. Ар-намысыңарды ылдый түшүрбөй, атуулдук жоопкерчилигиңерди эсиңерге туткула!

Чоң турмушка аттангандар!

Багытын унуткан кербен жол аягына чыкпайт. Негизги максатыңарды аныктап, ага карай сабырдуулук менен жана өжөрлүк менен бет алгыла. Мындан ары силерден бир гана ата-эне жана агай-эжелер үмүт артышпайт. Бүткүл өлкөбүздүн келечеги силердин колдо. Француз акылманы Алексис Токвильдин айткан сөзү бар: азыркы коомдо ар бир муун – бул жаңы эл. Силер эртеңки улуттардын жана мамлекеттердин арасында татыктуу орун ээлейт деп ишенем.

Жеке тарыхыңыздын маанилүү барагына айланган алтын уянын элеси силерге жолдош болсун. Узак жолго узаткан насаатчылар, бир туугандай ынак классташтарыңар таттуу элестериңерде сакталсын.

Силерди Кыргызстан күтөт. Силерди келечек күтөт. Алга кадам таштагыла!

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×