Добавить статью
12:09, 30 мая 2011 35821

Ө.Бабанов - махинатор

Парламенттик шайлоо учурунда биринчи премьер-министр Өмүрбек Бабанов Кыргызстанда эң бай жана жолдуу адам экенин көп ирээт кайталаган. Депутат Өмүрбек Абдрахманов жетектеген депутаттык комиссия аныктагандай, биринчи вице-премьер-министр 1 автомобилинин баасы 7 миң доллар, бир квартирасы 12 миң доллар, ал эми жылдык чыгымы 35 миң доллар болоорун салык декларациясында көрсөткөн.

Ал өзүнүн чыныгы абалын, байлыгын жана салык төлөмүнөн качыш үчүн өз байлыгын жакын туугандарына каттатканын жашырган.

Ошондой эле, депутаттык комиссия аныктагандай, Ө.Бабановдун «Манас Интернешнл Сервис» фирмасына тиешеси бар жана А.Акаевдин учурунда Гансиге авиациялык күйүүчү май ташуу менен алектенген.

2005-жылы мартта бийлик алмашкандан кийин Мамлекеттик салык инспекциясы жана Жогорку Кеңештин Бюджет жана каржы боюнча комитети бул фирманын 743 млн сом салыгы жашырылганын табышкан.

2006-жылы Ө.Бабановдун апасы — Анипа Бабановага таандык «Альянс» фирмасы «Газпромнефть» ААКга 101 млн АКШ долларына сатылган. Мунун менен Кыргызстандын бюджетине бир дагы сом салык төлөнгөн эмес.

2008-жылы Ө.Бабанов оффшордук фирмадан 20 млн доллар алган жана алардын бюджетине эч бир сом төлөгөн жок. Ал өзү айткандай, апасы карыздар болуп, оффшордук компания бул 20 млн долларды бөлүп берген. Демек, ал эч кандай салык төлөбөш керек экен.

Анча чоң эмес маяна алгандар, жөнөкөй мүлктү сатып алуучулар жана сатуучулар, Кыргызстандын жарандары аларга кадимкидей салык төлөш керек. Ал эми Ө.Бабановдун салык төлөөсү милдеттүү түрдө эмес болуп, көпчүлүк кыргызстандыктар үчүн фантастика кылып көрсөтүүдө.

Чиновник-ишкерлер Салык кодексин жана анын кемчиликтерин жакшы билишет. Алар өздөрүнө пайдалануусуна байланыштуу салыктан толук баш тартышы мүмкүн. Дүйнөлүк тажрыйбада мындай адамдар, салык төлөөдөн чыгуу үчүн ар кандай схемаларды колдонгондор махинатор аталышат.

Мындай схема бизде эле эмес, кээ бир башка постсоветтик мамлекеттерде да пайдаланылат. Бул - олигархтар өздөрүнө керектүү мыйзамдарды «заказ» кылууда дегенди билдирет. Катардагы адамдар салык төөлөдөн четтетилип жатса, анда коомчулук түшүнмөк, кечирмек. Ал эми жогорку посттогу чиновниктер мамлекетке салык төлөбөй жатканы - бул башка кеп. Түйшөлткөн маселе - мындай чиновниктердин иштөөсүнө моралдык укугу барбы?

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын айрым аймактарында элдер бир үй-бүлөгө 4 сотыхтан жер үлүштөрүн алып жатышат. Көптөгөн кыргызстандыктар 4 сотых дагы жерге ээ боло албай, шаардын чекелеринен жер издеп жана башка мамлекеттерге иштеп кетүүгө аргасыз болушууда.

Ал эми Ө.Бабановдун жакындары Талас облусунун Кара-Бура районундагы Чолпонбай айылынан муктаж болгон жаш үй-бүлөлөргө бөлүнүп берилген 248 гектар жерди басып алышты.

Буга карабастан, Ө.Бабановдун айланасындагылар Чүй облусунун Сокулук районундагы «Азамат» автобазарынан 81 га жерди алууга жетишти. Судалар болсо, биринчи вице-премьер-министрдин жакындары тарапта, аларга жардам катары дайыма берилип турат.

Ө.Бабанов 1995-жылы Казакстан республикасынын паспортун алып, беш жыл ичинде ал жактын жарандыгын колдонгондугун мойнуна алды.

Аягында, ал Казакстандын жараны болгонун билбегендигин айтып чыкты. Ал эми иликтөө органы жана сот андан Казакстандын №0138446 паспорту жана №000630739 күбөлүгү бар экенин табышты.

Жогорудагы негиздерге ылайык, вице-премьер-министр Ө.Бабанов жакындарына каттаткан мүлктөр боюнча жүз млн доллар салык төлөөдөн качып, туугандары аркылуу махинация кылууда деген бүтүм чыгарса болот.

Биз, Ө.Бабановдун Кыргызстандын өкмөтүнө биринчи вице-премьер-министр кызматына келүүсүнө моралдык укугу жок, деп эсептейбиз.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×