Добавить статью
9:58, 2 июня 2011 33399

Чолпон чолпондой жанган жан эле...

Автор: Эстутум

«Ата Мекен» партиясынын жаш лидерлеринин бири Чолпонай КАБУЛОВА күтүлбөгөн кырсыктан каза тапты. Нарынга сапар алган «Ата Мекен» жаштары тениртоолук партиялаштары уюштурган форумга катышып, кайтып келатканда унаа жолдон чыгып, жол четиндеги бакка урунган. Жыйынтыгында, бир кыз, бир бала ооруканага жаткырылып, дагы эки жигит дарыгерлердин жардамын алышты.

Чолпон Базар-Коргондун Акманынан эле. Быйыл марттын биринде 23 жашка гана толгон. Бишкек гуманитардык университетинин чет тилдер факультетинин бүтүрүүчүсү. Алгач котормочулук менен алектенип келсе, быйылкы апрелден тарта Жогорку Кеңеш депутаты Өмүрбек Текебаевдин ассистенти катарында ишке алынган. Ал эми Ата Мекен социалисттик партиясына мектепти аяктап келгенден бери мүчө эле. Партиялаштарынын айтымында, Чолпонсуз бир да митинг, жыйын, семинар өтпөптүр. Чолпон партиянын ар бир ишине активдүү катышып келген. Былтыркы парламенттик шайлоодо да Чолпон талапкерлер тизмесинде болчу. Андан тышкары, Чолпон партиянын Республикалык жана Свердлов райондук кеңешине мүчө эле.

Бакыт КАЛМАМАТОВ, ЖК депутаты: - Ачык, жайдары жан эле. Жаркылдаган мүнөзүнөн, ашкере жөнөкөйлүгүнөн жазчу эмес. Арабызда жаркылдап жүргөн Чолпонду жоготтук. Партиялаштардын бирине жакын курбу, бирине эже, бирине сүйкүмдүү карындаш эле. Баарыбыз жоктоп, анын акыркы күндөрдөгү айткан сөздөрүн, өмүрүнүн акыркы ирмемдериндеги өзүн алып жүргөнүн эскерип олтуруп калдык. Миң себеп издеген күндө да, ажал экен, аны кайрый албайбыз. Ата-энеси, бир туугандарына Жараткан кайрат берсин, сабыр берсин. Чолпондун жаркын элеси ар дайым биз менен!..

Гүлниза БЕЙШЕНБАЕВА, Ата Мекен жаштар канатынын лидери: - Чолпон менен 2006-жылы партиянын иш-чараларынын биринде таанышкам. Таанышкан күндөн тартып бүгүнкү күнгө чейин бир тууган эже-сиңдидей жылуу мамиледе болчубуз. Ар дайым эжелеп сыйлаганынан жазбай, бир да жолу жаман мамиле кылганын, жаман сөз айтканын укканым жок. Ар дайым күлүп-жайнап бир калыпта жүрчү. Улууну улуудай сыйлап, кичүүгө урмат менен мамиле кылчу. Жакшы үй-бүлөдө чоңоюп, мыкты тарбия көргөнү байкалып турчу.

Экөөбүздүн партиялык иштерден тышкары да мамилебиз бар эле, узакка сырдашаар элек. Болгон сырын айтып, капа болсо да, кубанса да бир келип кеңешип кетчү. Партияда канчалаган жаштар менен иш алпардым, бирок, мен билгени Чолпон дайым активдүүлүгүнөн, карманган позициясынан тайчу эмес. Партияны, партиялаштарын бөтөнчө аздектеп жакшы көрчү. Арабызда анын кадыры зор эле. Кайда барсам да Чолпонду жанымда ала жүрчүмүн. Келечекте Чолпондон мыкты инсан чыгарына ишенип, анын жөнөкөйлүгүнө, акниетине, жүрөгүнүн өзгөчө тазалыгына суктанаар элем. Бакиевдин бийлиги ураганга чейинки кез. Үйүмө мейманга келип, түн бир окуумга чейин чер жазыша баарлашканбыз. Турмуш жакшырса экен, келечекте адилет, жакшы заманда жашасак экен деп өзүнүн бир топ кыялдарынан бөлүшкөн. Күлгүндөй курагында ошол кыялданган келечегин көрбөй узай берди.

30-май түнү чоочуп ойгонуп, көпкө чейин жүрөгүм тынч алалбай жаткан. Ага чейин үч-төрт күн бою көңүлүм жай алалбай, белгисиз нерселерге сарсанаа болуп аткам. Таңга маал телефондун шыңгырынан ойгонуп, бирок, жаман кабар укчудай жооп бергенге шашкым келбеди. Сезгендей эле суук кабар алдым. Неге мындай болду? - деп өзүмө миң түркүн суроо бердим, кайгырдым, капаландым. Чолпонайдай жаркыраган, жароокер курбум кайра келбесин ойлоп, жүрөгүм ыйлап турду. Жаткан жериң жайлуу болсун, Чолпон!..

Улан БАЙЫШБЕКОВ, Ата Мекен жаштар канатынын активисти: - Чолпон менен 2006-жылдан бери тааныш болуп, коомдук иштерде ушул күнгө чейин бирге жүрдүк. Партиянын кандай иш-чарасы болбосун, сөзсүз Чолпон уюштуруучулардын арасында болчу. Ансыз бир да жыйын, митинг, семинарлар өтпөйт эле. Чолпон Мекенди сүйгөн, патриот, жүрөгү таза, карапайым, адамдык сапаты бийик, билими жогору адам эле. Адамга жасаган аяр мамилеси көз алдымда. Дипломду колго алып, Чолпондун чолпону жаңыдан жанып баштаганда шум ажал кырсык салып, жаш өмүрүнн кыйып кетти. Орду толгус жоготууга учурадык...

Кош бол, кымбаттуу партиялашым! Сенин элесиң жүрөгүбүздө терең сакталат. Ата-эне, бир туугандарыңдын азасын тең бөлүшүп, аларга кайрат тилейм. Жаткан жериң жайлуу, топурагың торко болсун! Жаның жаннаттан, ордуң бейиштен болсун деп куран тилеп, сооп айткандан башка аргабыз жок экен...

Жоомарт САПАРБАЕВ, ЖК депутаты: - Акыркы беш-алты жылда бирге иштешип, Чолпонду жакындан билип калдым. Кыз болсо да мырзалардан ашкан мекенчил, алдында пландары арбын болчу. Кыргызстанга кызмат кылсам деген кыялы бийик эле. Кичи мекендеш агасынын жолун жолдоп, коомдогу акыйкатсыздыкка айбат кылгысы келчү. Бирок, тилектерин орундатууга жетпей кетти. Тилекке каршы, өмүрү кыска экен... Ата-энеси, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам.

Калысбек БОРОНБАЕВ, Ата Мекен жаштар канатынын активисти: - Чолпон экөөбүз бир мектепти аяктаганбыз. Жакын достордон элек. Мектепте кандай мыкты окуп, кандай үлгүлүү болсо, кийин партияда да дал ошондой активдүүлүк менен дайым алдыда жүрчү. Келечекте көптү үмүттөндүргөн кыз эле... Курбумду күлгүндөй курагында минтип жоктоп калаарыбыз түк ойго келбеген...

Гүлмира КОЖОМКУЛОВА, Ата Мекен жаштар канатынын активисти: - Кырсык каш-кабактын ортосунда демекчи, шум ажал жаштыгына карабай арабыздан Чолпонду алып кете берди! Кудайым өзүнө жаккан пендесин эрте алып кетет турбайбы. Чолпон менен таанышкандан тарта жакшы мамиледе элек. Анын ар бир адамга жасаган мамилеси, көрсөткөн сый-урматы өзгөчө эле. Боорукердиги, токтоолугу менен өзгөчөлөнүп турчу. Чолпон менен куракташ болсом да, андан көп жагынан үлгү алаар элем.

Кечээ жаныбыздагы адамдын бүгүн жок болушу өтө оор экен. Нарында өтчү форумга чогуу сапар алганбыз. Эртең мененки тамактанууда «менин колумдан чай ичкиле» деп чай куюп бергени көз алдымдан кетпей койду. Көрсө, силер менен акыркы жолу бирге олтурам дегени го. Арабызда жүрсө, буларды кадыресе көрүнүштөй карамактырбыз. Ал эми азыр Чолпондун ошол акыркы күнүндөгү жүрүш-турушун эстеп, биз менен коштошкону турбайбы дейм.

Чындыгында ошол каргашалуу күнү Чолпон баарыбызга өзгөчө сезилди эле. Форумда талкууланып жаткан маселеге да кайдыгер карабай, Кыргызстан үчүн жүрөгү күйгөн атуул экендигин далилдеп жатты. Биз, жаштар Кыргызстанды көтөрсөк, атын чыгарып дүйнөгө таанытсак деген ойлорун ортого салган. Партиялаштары Чолпондун тилегин жерге калтырбай, анын аракетин улап кетүүгө бекем ынтымакта, болгон күчүбүздү жумшап иш алпармакчыбыз. Бишкекке кетчүлөргө да кайра-кайра кол булгалап, улам биз жакты кылчактай карап жатканы бизге байкалбаганы менен биз менен биротоло коштошуп жатканы тура!

Кайыр кош, Чолпон! Сенин ар бир күнүң, ар бир жасаган ишиң, сүйкүмдүү элесиң биздин жүрөгүбүздө дайым сакталат! Жаткан жериң жайлуу, топурагың торко болсун! Кудайым бейиштин төрүнөн орун берсин!

Перизат АКМАТБЕКОВА, Ата Мекен жаштар канатынын активисти: - Тагдырдын тайгүлүк ташыбы же адамзат түбөлүккө жаралган эмеспи, күлгүндөй курагында Чолпонайды ажалга алдырдык. Аттиң деген арман өзөктү өрттөп кетти. Он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек, жан дүйнөсү аруу жанды алып тынган ажалга айла жок экен. Кечээ эле шайыр күлкүсү аралаш шаңкылдаган партиялашым бүгүн козголбос жайда.

Кайгырсак да, ыйласак да, сени арабызга кайттыра албайбыз. Бирок, сенин адамгерчилигиң, назик, токтоо, боорукер мүнөзүң, жайдарыңкы жаркын элесиң жүрөгүбүздө түбөлүк сакталат. Сен жөнүндө толкуп ташкан кайгы-муң менен коштолгон эскерүүлөр кагаз бетине батпайт.

Жаткан жериң жайлуу, топурагың торко болсун деп гана КУРАН түшүрүү менен түбөлүккө жаркын элесиң менен коштошобуз. Артың кайрылуу болуп, ыйманың саламат болсун менин ардактуу, партиялашым!!!

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×