Добавить статью
7:58, 10 июня 2011 7101

Кыргыз Аба Жолдору Түркияга каттамын арзандатса, пайда көбүрөөк түшмөк

2-3 айдан бери K.Airways ачылгандан баштап аэропортко «Карго» фирмасынын кардарларын алганы жана күзөтүү үчүн барып жүрөм. Авиакомпаниянын өкүлдөрү менен көрүшкөн убакыттарда улуттук фирманын канча жүргүнчүсүн алып келип, ала кеткенин сураштырып турам.

Билишим боюнча, өткөн эки айда Кыргыз Аба Жолдору эч кандай пайдага иштебеди, жалаң минуска кирген, себеби 160 орундук аэробустар бул жакка толуп келип (кээде), кайра учуп кеткенде 1/3 эле толуп жаткан (40-50 пассажир).

Адан тышкары, Кыргызстанда өзүбүздүн энергетикалык жер асты байлыктарыбыз көп эмес (Азербайжан, Түркмөнстан же болбосо Казакстан сыяктуу казак туугандардын билет баалары да «Стамбул-Алмата» көп арзан эмес), ошондуктан эгер өзүбүздүн улуттук авиакомпания ачылсын жана иштешсин деген патриоттук ойлорду колдогон болсок, бирок сезон убакытта баалары көтөрүлсө эле кыргызстандыктардын ыймансыз же болбосо ачкөздүгүнөн эмес, туугандар! Эгер 50% арзандатылган жана 2 жылдан бери барбагандар үчүн өзгөчө ыңгайлык программаларды жүргүзүп жатышса... Качанга чейин өзүбүздүн жеке эле финансылыгыбызды ойлой беребиз. Эч ачылбагандан көрө жок дегенде ТНУдан 100-200$ эле арзанырак болсо да, өзүбүздүн да аба жолдорубуздун бар болгону сүйүндүрбөйбү.

Мекендештерибиздин толугу менен ой-пикирлерин билдиргенге укугу бар, ошол себептен Венеранын каты жана башка нараазычылыктар Кыргыз Аба Жолдору бааларынын түшүшүнө жардам берсе (экономикалык жактан авиакомпанияга ошондой мүмкүнчүлүк болгон соң), сүйүнүч андан да көп болот. Андыктан авиакомпаниябыздын ийгиликтүү иштешине да толугу менен ишенем.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×