Добавить статью
8:40, 11 июня 2011 38458

Акыйкатчынын чектелип жаткан укугун ким коргойт?

Автор: Кайрылуу

2011-жылдын 3-майында Түп районунун Корумду айылында «Корумду майыптар коломтосу коомдук бирикмесинин демилгеси менен Акыйкатчы институтун колдоо боюнча жүз киши катышкан чогулуш болуп өттү. Ошондой эле чогулуштар Каракол шаарында «Элдик революциянын баатыры Таалай Сарыбаев» атындагы фонддо, «Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо» коомдук бирикмелеринде да болуп өттү. Чогулуштун катышуучулары Акыйкатчы институнун жана анын жетекчиси Кыргызстандын биринчи укук коргоочусу Турсунбек Акундун жүргүзүп жаткан иштерин колдой тургандыгын билдиришти. Жогорку Кеңештин адам укуктары боюнча профилдик комитетинин Акыйкатчынын статусун төмөндөтүүгө жана заседаниеге катышкан депутаттардын 50 добушу менен жумуштан бошотуу демилгеси менен Акыйкатчы жөнүндөгү Мыйзамга өзгөртүү киргизүү аракеттери Турсунбай Бакир уулу профилдин комитетке мүчө болгондон баштап ишке аша баштаганын маалымат каражаттарынан угуп да көрүп да жаттык. Турсунбай Бакир уулу депутаттык мандатын комитетке мүчөлүгүн Турсунбек Акун менен мурдатан келе жаткан өз-ара чатактарын чечүүгө пайдаланышы Акыйкатчы институтуна зыяндан башка пайда алып келе албай тургандыгы айдык ачык көрүнүп турбайбы. Депутаттардын Турсунбай Бакир уулу менен Турсунбай Акунду жараштыруу демилгеси дагы ишке ашпай калганын да уктук. Мушташкан депутаттар деле жарашты го бири-бирине чапан кийгизишип. Турсунбай Бакир уулу намазга жыгылган кудайга ишенген куран кармаган мусулман катары өткөн-кеткенди кечирген кеменгер адам болушу керек эле. Турсунбай Бакир уулу Акыйкатчы жөнүндөгү Мыйзамды жазган адамдардын бири, биздин өлкөнүн биринчи Акыйкатчысы болгондуктан Мыйзамдын жетишпеген жактарын жакшы билет, ошондуктан Мыйзамга Акыйкатчынын укуктарын күчөтүү жана кайсы бир бийлик органдарына көз карандылыгын жою максаттарын көздөйт го деген оюбуз бар эле. Тилекке каршы тескерисинче Акыйкатчыны депутаттарга көз каранды кылуу аракеттери жүрүп жатат. Көз каранды «Акыйкатчы» Кыргыз Республикасынын Конституциясынын экинчи бөлүгүндөгү кырк үч беренеде камтылган «Адам жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин» кантип коргойт жана ишке ашырат.2002-жылы кабыл алынган «Акыйкатчы» жөнүндөгүмыйзамда «Акыйкатчынын» жылдык баяндамларын депутаттар жактырбаса «Акыйкатчыны» мөөнөтүнөн мурда бошотуу маселеси каралат деген түшүнүк жок. Жылдык баяндама жактырылбаса мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр 2007-2008-жылдары К.Бакиевдин тушунда «Акыйкатчыны» көз каранды кылыш үчүн кабыл алынган. Бул өзгөртүүлөр жокко чыгарылышы керек деп эсептейбиз. Акыйкатчынын жылдык баяндамасы, аппаратта иштеген жүздөн ашык адамдын бир жылдык эмгеги жөнүндө экенин депутаттар эске алган эмес. Жүз адамдын эмгегине башка баа берилип, ал эми Турсунбек акундун кетирген кемчиликтери болсо же кылмыш жасаса ал абдан текшерилип такталып ага сот аркылуу баа берилиши керек. Турсунбай Бакир уулу 2011-жылдын 10-майында пресс-конференция өткөрүп «Акыйкатчынын» ордуна Д.Декешев, Ч.Жакыпова, Э.Байсалов жана башка өзүлөрүнүн кандидатурасын коюп жаткандыгы жөнүндө жана «Акыйкатчыны» ордуна парламенттин коалиция, оппозиция кандидатура сунуштай алат деген мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча сунуш даярдалып жаткандыгын айтты.

Парламент Турсунбек Акунду кызматтан четтетүү чечимин кабыл ала электе эле Турсунбай Бакир уулунун «атыла элек аюунун терисин» бөлүштүргөнгө аракеттенишине кандай баа берерди да билбей калдык. Азыркы парламент элдин турмушун кандай жол менен жакшыртууну ойлобой эле портфель бөлүштүрүүнү ойлойт деп нараазы болобуз. Карапайым элге бийликке көз каранды «Акыйкатчынын» жардамынан майнап чыгабы. Кыргызстанда адамдын укугун атайын «Акыйкатчы» (Омбудсмен) институту коргойт деп Эл аралык коомчулукка жакшы аталып, бирок иш жүзүндө өзүнүн укугу чектелген көз каранды «Акыйкатчынын» барынан жогу деген ойго келесин.

Урматтуу депутаттар Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16,20 беренелерин эсиңиздерге салып койгубуз келет. - «Адам укуктары жана эркиндиктери эң жогорку баалуулук болуп эсептелет. Алар тикелей колдонулат, мыйзам чыгаруу, аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча органдарынын ишинин маани мазмунун аныктап турат». Айткан сөзүңүздөр менен жасаган иштериңиздердин бирдей болушун каалоо менен колубузду коюп мөөрүбүздү бастык.

Элдик революциянын баатыры Таалай Сарыбаев атындагы фонддун байкоочу Кеңешинин төрагасы: К.Бегалиев

«Корумду майыптар коломтосу» коомдук бирикмесинин төрагасы: А.Дюшенбеков

«Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо» коомдук бирикмесинин төрагасы: Б.Абдиев

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

08-06-2011

Журналисттер ЖМК өкүлдөрүнүн укуктары бузулуп жатканына байланыштуу тынчсызданууда

14504

07-04-2011
Биз эми бийликтин катачылыктарына жана өтүп кеткен кайгылуу окуялардын кайталанышына эч качан жол бербешибиз керек
21748

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×