Добавить статью
7:33, 15 июня 2011 2837

Мамлекеттик кызматты жолго коюу жагындагы пикирлер

Кыргыз Республикасында мамлекеттик кызматтын калыптанышынын базасы мурдагы советтик мамлекеттик кызмат болуп саналат жана республиканын мамлекеттик кызмат жөнүндөгү заманбап мыйзамдарындагы айрым жоболор мурдагылардан алынган же алардагы мурдагы советтик мыйзамдардын таасири сезилип турат, анткени, Кыргыз Республикасында мамлекеттик кызматты түзүү Россиянын жана мурдагы Совет мамлекетинин оң мисалдарынан жана тажрыйбасынан улам жаралган.

СССРдин кулашы менен саясий жана социалдык мүнөздөгү олуттуу өзгөрүүлөр пайда болду. Рыноктук жаңы экономикалык мамилелер жайылтылып, коомду демократиялаштыруу башталды, мунун өзү эгемендүү Кыргызстанда идеологиялык көз караштардын толук алмашуусуна алып келди. өлкөнүн алдына мамлекеттик кызматтын өзүнүн мааниси жана мазмуну боюнча жаңы институтун калыптандыруу көйгөйү коюлду. Натыйжада азыркы мезгилде мамлекеттик кызмат биздин өлкөбүздө өзүнүн калыптанышынын жана өнүгүшүнүн жаңы деңгээлине көтөрүлүүдө жана өзүнүн коомдогу ролуна карата заманбап ой жүгүртүүнү талап кылып жатат.

Кыргызстанда мамлекеттик кызмат калыптануу стадиясында турат жана бул системада мамлекеттик кызматкердин имиджине жана беделине терс таасир тийгизип жаткан көптөгөн жагымсыз тенденциялардын дагы эле бар экендигин белгилей кетүү керек. Мамлекеттик кызматчылардын төрөпейилдигинин, ишти ыксыз создуктурушунун, текеберчилигинин жана компетентсиздигинин фактылары сейрек эмес. Айрым мамлекеттик кызматкерлер жол берилбей турган көптөгөн иштерди жасап жана ушуну кадыресе көрүнүш же мамлекеттик кызматкердин зарыл сапаты катары карашат. Мамлекеттик кызматкер бардык жагынан алганда кынтыксыз, таза жана ак ниет болууга, өзүнүн милдетин мыйзамдарга жана адеп-ахлактын башка ченемдерине ылайык аткарууга жана өз ишин ыйык тутууга тийиш. Бул кызматта жалаң гана ак ниет жана компетенттүү адамдар иштеши керек.

Мамлекеттик кызматты республиканын бүткүл калкы урматтап жана кастарлашы үчүн тиешелүү кызматтарда иштей турган адамдар дыкааттык менен тандалып алынууга тийиш. Мында тааныштык, телефон чалуу же кыйбас тууганынын өтүнүчү боюнча ишке кабыл алуу фактыларына таптакыр жол берүүгө болбойт. Бир сөз менен айтканда, биз азыр мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө орун алган жана анын өнүгүшүнө тоскоол болуп жаткан бардык терс тенденциялардын тамырына балта чабышыбыз керек.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматы өзүнүн калыптанышынын тушунда көптөгөн этаптардан өттү, алар: эгемендүү республиканын мамлекеттик кызматынын калыптанышынын жана ролунун, маанисинин концептуалдуу негизделишинин этаптары, ал эми азыркы мезгилде болсо ал мамлекеттик кызматтын өнүгүшүнүн заманбап этабы, мамлекеттик кызматты модернизациялоонун жана толук масштабдуу иш жүргүзүшүн камсыз кылуунун этабы болуп калды.

2004-жылы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттиги түзүлгөн, өзү иш жүргүзө баштаган кыска мезгилдин ичинде эле Агентство мамлекеттик кызмат системасын өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасынын кесиптик мамлекеттик кызматынын көз карандысыздыгын камсыз кылуу боюнча олуттуу оң багыттагы иштерди жүргүздү.

Жүргүзүлгөн реформанын жүрүшүндө мамлекеттик кызмат системасын жаңылоо жүргүзүлүп, мамлекеттик кызматты уюштуруунун негиздерин, мамлекеттик кызматкердин жана мамлекеттик кызматты өтөөнүн негизги укуктук статусун жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды жаңылоо жана өркүндөтүү жүзөгө ашырылды.

Мамлекеттик кызмат системасын өнүктүрүүнүн келечеги бир калыптагы жана туруктуу өнүгүүгө, ошондой эле мамлекеттик кызмат институтун өркүндөтүүгө, мамлекеттик кызматтык мыйзамдарды өнүктүрүүгө, мамлекеттик кызмат иштери боюнча Агенттиктин ишин өркүндөтүүгө жана орун алган кемчиликтерди четтетүүгө жараша болот. Мамлекеттик кызмат институтунун ушул орун алган кемчиликтерин четтетүүдө Мамлекеттик кадрлар кызматы башкы ролдордун бирин ээлеп турат.

Мамлекеттик кызмат – бул мамлекеттин системасын түзүп турган, анын ажырагыс бөлүгү, ал эми мамлекеттик кызматкерлер социалдык-экономикалык кайра түзүүлөрдү аткара турган адамдар. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик-кызматтык мыйзамдары өзгөртүлгөн шартта; мамлекеттик кызматтын, мамлекеттик кызматкерлердин укуктук статусу жана мамлекеттик кызматты өтөөнүн негиздери; мамлекеттик кызматкерлерди даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу системасы өркүндөтүлгөн шартта мамлекеттик кызмат алда канча сапаттуу жана квалификациялуу деңгээлге көтөрүлө алат.

Азыркы мезгилде Мамлекеттик кадрлар кызматы Кыргыз Республикасында мамлекеттик кызматты модернизациялоонун Концепциясын иштеп чыкты. Ушул Концепцияда башкаруунун парламенттик системасынын шарттарында мамлекеттик кызматты андан ары өнүктүрүүнүн, мамлекеттик кызматты жөнгө салуунун ченемдик укуктук негиздерин өркүндөтүүнүн негизги багыттары аныкталат.

Концепцияда мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүктүн заманбап принциптерин өнүктүрүүгө, мамлекеттик органдардын коомчулук менен өз ара аракеттенишин күчөтүүгө, калкка сапаттуу мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүгө, мамлекеттик кызматка прогрессивдүү усулдарды жайылтууга, өзүнүн кесиптик сапаттары менен ата мекендик кызматты өнүктүрүүгө оң таасир тийгизүүгө жөндөмдүү болгон башкаруучулардын жаңы муунун тарбиялоого зор көңүл бурулат.

Корутундуда азыркы мезгилде мамлекеттик органдарда мамлекеттик кызматка алда канча квалификациялуу кадрларды тартуу, мамлекеттик органдардагы кадрлардын резерви менен иш алып барууну күчөтүү, коррупцияны болтурбай коюунун механизмдерин түзүү, мамлекеттик кызматкерлерге материалдык жана материалдык эмес түрткү берүүнүн таасирдүү механизмдерин иштеп чыгуу жана жайылтуу, мамлекеттик кызматкерлерди баарыдан мурда калктын талаптарын жана мамлекеттин таламдарын камсыз кылууга багыттоонун зарылдыгын белгилеп кеткибиз келет.

Жакынкы келечекте мамлекеттик кызматты андан ары өнүктүрүү мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө өлкөнүн туруктуулугун жана прогрессивдүү өнүгүшүн камсыз кылууга багытталган реформаларды ийгиликтүү алга жылдырууга көмөк көрсөтө алат.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×