Добавить статью
5:04, 16 июня 2011 83395

Министр Төрөгул Бековду кызматынан алууну суранам жана 1 млн сом айып коюп сотко берем

Үстүбүздөгү жылы 30-майда айыл чарба министри Төрөгул Беков өз жамаатына дүйшөмбү күнкү аппараттык жыйын өткөрүп жатып, өзүнөн өзү эле «биз дыйкандарга жазгы айдап-себүүгө үрөндөрдү берип жатсак, айрым адамдар өздөрүнө энчилеп жатышыптыр. Ошол үрөндү Ат-Башыда таратып жүргөндө ат-башылык Бүкүр Арабаев, гестапо Оморов дегендер бар экен. Алар деле унчуккан жок» деген сөздү айтыптыр.

Мен, Арабаев Калыбек КР айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер, айыл чарбасынын отличниги, Нарын облусунун ардактуу атуулу, персоналдык пенсионер болсом, менин адамдык турпатыма асылып, өз аппаратындагы жыйырмадай адамга ушундай сөздү айтып, мени кемсинткидей министрдин кандай укугу бар? Адамдын ким экенин билбеген, оозуна алы жетпеген, коомдук жайда жана министрликте кандай сүйлөөнү билбеген бул жетекчини кандай десем болот? Мен ушу сөзү үчүн Төрөгул Бековду кызматынан алуу жөнүндө премьер-министр Алмазбек Атамбаевден суранам жана министр мырзаны 1 млн сом айып коюп сотко берем.

Оозуна алы жетпеген чиновниктерге дагы бир мисал. 2-июнда Бишкекте бир акыркы сапарга узатууда отурсак, урматтуу Азимбек Бекназаров, Исмаил Исаков келип калышты. Мен «уулум, мени тааныбай калдыңбы?» десем, көпчүлүк элдин көзүнчө Бекназаров «сени ит дагы тааныйт» дейт. Бекназаров бүт кыргыз элин итке теңеп калыптыр. Ардактуу элим, ушул өңдүү оозуна алы келбеген чиновниктер бүт кыргыз элин кууратып жатпайбы.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×