Добавить статью
9:46, 16 июня 2011 25552

Атилланын 1600 жылдыгын белгилейли

Урматтуу окурман!

Биз эгемендик алгандан бери, далай ирет байыркы элбиз деп жар салдык, бирок байыркы тарыхыбыз болгон кырк уруулуу оңдордун-кыргыздардын тарыхындагы эң баалуу орду бар Эдил хандын саясий ишмердигин, мамлекет куруудагы ролун баалоо мезгили келди. Анткени Европа менен Азияны бириктирип соода-сатык, маданияттардын, тилдердин аралашуусуна негиз салган Эдил хандын адамзат тарыхында, Александр Македонскийдей эле эки материкти бириктирген жана биригүүгө жол ачкан улуу инсандар. Эдил хан саясий ишмердигин биз кыргыздар ар тараптуу изилдеп, окуп үйрөнсөк, анда биздин мамлекетибиздин келечеги, учурда дагы бир ирет чоң ашууну ашкан болор эле жана тарыхыбыздын ак тактары кайрадан толукталмак, улуттук аң-сезимибиздин бекемделишине чоң шарт жаралмак, улут катары биригүүгө өбөлгө түзүлмөк. Эдил хан дүйнөнү титиреткен Византия империясын баш ийдирип, басып алган аймактарындагы элдердин динине, тилинин өнүгүшүнө эч качан тоскоолдук кылган эмес. Эдил хан ар бир барган аймагында ырчы, манасчыларын алып жүргөн. Анын улуулугу элчилерди кабыл алганда кыргыз салты менен кабыл алып, манасчылары бабалардын баатырдыгын даңазалап ырдаганын тарыхчылар эскерген маалыматтардан билүүгө болот.

Демек, биз тарыхыбызды тааный турган мезгил келди, окурман.

Келгиле Эдил хан бабабыздын 1600-1800 жылдыгын белгилөө туралуу ойлоруңарды билдиргиле.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

25-03-2011
Шумердин «ме, мээ, неме» сөзү кыргыздардын төл сөзү
46269

14-03-2011
Гергесдер (хеттер) - байыркы кыргыздар (фото)
64328

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×