Добавить статью
11:15, 17 июня 2011 9080

Тажрыйбалуу мамлекеттик кызмат – Кыргызстандын келечеги (макала)

Мамлекеттик кызмат – бул мамлекеттин системасын түзүп турган, анын ажырагыс бөлүгү, ал эми мамлекеттик кызматкерлер социалдык-экономикалык кайра түзүүлөрдү аткара турган адамдар.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик-кызматтык мыйзамдары өзгөртүлгөн шартта; мамлекеттик кызматтын, мамлекеттик кызматкерлердин укуктук статусу жана мамлекеттик кызматты өтөөнүн негиздери; мамлекеттик кызматкерлерди даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу системасы өркүндөтүлгөн кезде мамлекеттик кызмат алда канча сапаттуу жана квалификациялуу деңгээлге көтөрүлө алат ойлойм.

Мамлекеттик кызматты республиканын бүткүл калкы урматтап жана кастарлашы үчүн тиешелүү кызматтарда иштей турган адамдар дыкааттык менен тандалып алынууга тийиш. Мында тааныштык, телефон чалуу же кыйбас тууганынын өтүнүчү боюнча ишке кабыл алуу фактыларына таптакыр жол бербеш керек. Бир сөз менен айтканда, биз азыр мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө орун алган жана анын өнүгүшүнө тоскоол болуп жаткан бардык терс тенденциялардын тамырына балта чабышыбыз керек.

Мамлекеттик кызматкер бардык жагынан алганда кынтыксыз, таза жана ак ниет болууга, өзүнүн милдетин мыйзамдарга жана адеп-ахлактын башка ченемдерине ылайык аткарууга жана өз ишин ыйык тутууга тийиш.

Бул кызматта жалаң гана ак ниет жана компетенттүү адамдар иштеши керек.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматы өзүнүн калыптанышынын тушунда көптөгөн этаптардан өттү, алар: эгемендүү республиканын мамлекеттик кызматынын калыптанышынын жана ролунун, маанисинин концептуалдуу негизделишинин этаптары. Ал эми азыркы мезгилде болсо ал мамлекеттик кызматтын өнүгүшүнүн заманбап этабы, мамлекеттик кызматты модернизациялоонун жана толук масштабдуу иш жүргүзүшүн камсыз кылуунун этабы жүрүп жатат.

2004-жылы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттиги түзүлгөн. Кыска мезгилдин ичинде бул агенттик кызмат системасын өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасынын кесиптик мамлекеттик кызматынын көз карандысыздыгын камсыз кылуу боюнча олуттуу иштерди жүргүздү.

Мамлекеттик кызмат системасынын келечегин өнүктүрүү үчүн жана мамлекеттик кызмат институтун өркүндөтүү үчүн мамлекеттик кызматтык мыйзамдар өз убагында туура иштетилип чыгыш керек. Бул болсо мамлекеттик агенттиктин ишин өркүндөтүүгө жана кемчиликетерди кетирбөөгө жардам берет.

Ошондой эле мамлекеттик кызматтык мыйзам – мамлекеттик органдарда мамлекеттик кызматка алда канча квалификациялуу кадрларды тартуу, мамлекеттик органдардагы кадрлардын резерви менен иш алып барууну күчөтүү, коррупцияны болтурбай коюунун механизмдерин түзүү, мамлекеттик кызматкерлерге материалдык жана материалдык эмес түрткү берүүнүн таасирдүү механизмдерин иштеп чыгуу жана жайылтуу, мамлекеттик кызматкерлерди баарыдан мурда калктын талаптарын жана мамлекеттин таламдарын камсыз кылат.

Андыктан, мамлекеттик кызматты андан ары өнүктүрүү мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө өлкөнүн туруктуулугун жана прогрессивдүү өнүгүшүн камсыз кылууга багытталган реформаларды жүргүзүү керек.

Менин бул макаламда мамлекеттик кызаткерлер арасында да мамлекеттик тилди колдонуу маселесине токтолгум келет.

Улуттун эң негизги белгиси – анын улуттук тили экендиги баарыбызга маалым. Ар бир улуттун улуттук тили өз улутуна кызмат кылышы керек.

Улуттук тил жоголсо, улут да жок болот, улут болбосо, анын тили да болбойт.

Учурда мамлекеттик мыйзамдар, токтомдор, укуктук актылар жана башка ушул өңдүү документтердин биринчи варианты орус тилинде даярдалып, анан мамлекеттик тилге которулат. Биз ушуну мамлекеттик тил өнүгүүдө жарыялап келебиз. Бирок мен ойлойм, качан биз кыргыз тилинде ойлонуп, кыргыз тилинде документтерди даярдоого киришебиз?

Дагы бир айта турган көйгөйлүү маселе мамлкекеттик кызматка алынуучу жарандарга мамлекеттик тилди билүү талабы коюлса, өзгөчө жаштарга өз эне тилинде оюн айта, жаза билүү талаптары коюлса жакшы болоор эле.

Ар бир мамлекеттик уюмдарда, мекемелерде кезектеги аттестацияда, (сынак) катышууда мамлекеттик тил боюнча суроолор жана тапшырмаларды киргизүү зарыл деп ойлойм.

Мамлекеттик кызмат агенттиги кызматка өтүп жаткан жарандарга тестирлөө борборунда өткөрүлгөн тесттердин ичине адистик боюнча гана суроолор эмес мамлекеттик тил боюнча да суроолор киргизилсе.

Этиканы сактоо ар бир мамлекеттик кызматчынын түздөн-түз милдети болуп саналат.

Ар бир мамлекеттик кызматчыдан жооптуу жетекчиге чейин этика нормалары сакталууга тийиш. Көпчүлүк учурларда мекеме ичинде кызматчылар маданияттуу, сыпайы болуп көрүнүшкөнү менен жарандарды кабыл алууда же коомдук жерлерде терс жүрүш-турушта болуп жатышкандыгы жашыруун эмес. Негизинен мамлекеттик кызматчы кайда гана болбосун ар дайым өзүн маданияттуу, ак ниеттүү, жөнөкөй жана ийкемдүү алып журүүгө тийиш. Өзгөчө жаш мамлекеттик кызматчылардын өзүнөн улуу муундагы адамдарга (кызмат абалы боюнча жогору болсо да) саламдашуу, орун берүү, жана башка жагдайларда сыпайылыкты көргөзүүлөрү талапка ылайык.

«Мамлекеттик кызматчылардын этикасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын президентинин жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызматчыларынын этикасынын негиздери жөнүндө жобо бекитилген.

Бул закондо - мамлекеттик кызматчы өзүн ар дайыма мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин ак ниеттүүлүгүнө, калыстыгына жана натыйжалуулугуна жарандардын ишенимин түзгүдөй, сактагыдай жана бекемдегидей түрдө алып жүрүүгө; адептүү, сыпайы, сабырдуу, принциптүү болууга, маселенин маңызын терең түшүнө билүүгө аракеттенүүгө, маектешти уга билүүгө жана анын позициясын түшүнүүгө, ошондой эле кабыл алынуучу чечимди таразалап, салмактоого жана негиздөөгө; өзүнө жүктөлгөн милдеттерди жогорку кесиптик деңгээлде аткарууга, өзүнүн жалпы билим жана кесиптик деңгээлин жогорулатууга; башка мамлекеттик кызматчылар тарабынан этика ченемдерин бузуунун фактылары белгилүү болгон учурда, мамлекеттик кызматчынын этикасынын Кодексинде каралган чараларды көрүүгө; өзүнө баш ийген адамды укукка сыйбаган чечимдерди кабыл алууга же мыйзамсыз иш-аракеттерди жасоого мажбур кылбоого; өз ишинде таламдардын кагылышуусуна жол бербөөгө; элдердин үрп-адаттарына жана каада-салттарына урматтоо менен мамиле кылууга; өзүнүн кызматтык ишине кимдир-бирөө, анын ичинде ээлеген кызмат орундарына жана абалына карабастан башка кызмат адамдары тарабынан мыйзамсыз таасирге же таасир этүүгө жол бербөөгө тийиш деп жазылган.

Биз, мамлекеттик кызматкерлер жогоруда мыйзамдагы эрежелерди так аткарсак мамлекетибиздин келечеги алдыга жылат деп ойлойм.

Бирок, ушул эле убакта мыкты тажрыйбалуу жарандарыбыз жана активдуу жаштарыбыз мамлекеттик кызматка келүүгө умтулушпайт. Себеби алар өзүнүн мыкты жогору квалификацияларын башка жеке сектор жана өндүрүшкө колдонууга аракет кылышат. Себеби мамлекеттик кызматчынын айлык маянасы алардын суроо-талаптарын (жашоо-турмушун) канааттандыра албайт. Ошондуктан кээ бир мамлекеттик кызматтарда өз ишин толук тушунө албаган интеллектуалдык деңгээли мамлекеттик кызматка жооп бербеген адистер отурушаарын баардыгыбыз эле билебиз.

Бул болсо Кыргызстандын келечегинин өсүшүнө тоскоол болот.

Ушуга байланыштуу менин пикирим – тажрыйбалуу мамлекеттик кызматкердин жеке секторлорго көз карандысыз болуусун каалайт элем.

Бирок баардык кыйынчылыктарга карабай, кыргыз мамлекетинин келечеги кең болушу үчүн, чын ниетимден кызмат кылууга аракет кылам. Келечегибиз алдыда деп ойлойм.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×