Добавить статью
6:20, 20 июня 2011 62382

Судья Козуев кайсы негизге таянып мыйзамсыз чечим чыгарды?

Президент Р.Отунбаевага,төрага А.Келдибековго, акыйкатчы

Т.Акунга, Жогорку соттун төрайымы Ф.Жамашевага

Ош облусттук сотунун төрагасы К.А.Тилебалиевге Ош шаарынын тургуну Э.Тешебаевадан

Кайрылуу

Ноокат райондук ооруканада 37 жыл медайым болуп эмгектенип, 2009-жылы пенсияга чыкканмын. Совет өкмөтү учурунда 10 жылдап үй алууга кезекте туруп, 4 балалуу болгондугум эске алынып мага 1992-жылы өкмөт Ноокат шаарынан 3 бөлмөлүү үй берген. Ошол үйүмдү 2008-жылдын 7-мартында сатып, 2008-жылы 19-августь күнү Ош шаарынан 2 бөлмөлүү үй сатып алып, өзүмдүн атыма каттатканмын. Кан басымым жогору, жүрөк оору менен жабыркайм.

Үйдү сатып алган убакта чон уулум Канатбек үй-бүлөсү менен Ошто батирде турушкандыктан чогуу жашайлы деп киргизгенмин. Келиним менен батышпай айылдагы маркум күйөөмдөн калган времянка үйүмдө жашаганмын. 2008-жылы октябрь айында уулум келиним Эргешева Аида экоо мамилелери келишпей ажырашып кетишкен. Бул жылдын май айында келиним Эргешева Аида менин үйүмдү талашып, шаардык сотко доо арыз менен кайрылган. 24-май күнү Ош шаардык сотунун судьясы Козуев Абдраимдин төрагалыгы астында сот процесси болуп, процессте Аиданын туугандары эч бир кагаз түрүндө далилдери жок оозеки түрдө Аидага биз карыз берип турганбыз, үйдү Аида сатып алган, үй кирдисине мебель белекке бергенбиз деп ата-энеси мурда эле себине берген белекти айтышып жалган көрсөтмөлөрдү берип турушкан.

А мен Ноокаттагы үйүмдү саткандыгым тууралуу келишимди, ошол акчага Ош шаарындагы үйүмдү алган сатып-алуу келишимин, мамлекеттик каттоо органдарынан өткөн расмий документтеримди көрсөтсөм да судья Козуев Абдраим мага каршы адилетсиз чечим чыгарды.

Мен өмүр бою маңдай терим менен тапкан үйүмдү судья Козуев Абдраим кайсы негизге таянып мыйзамсыз чечим чыгарды?

Мен ото оор абалда калдым. Айылда шарт жок, дайыма врачтын кароосунда болуум керек, өзүмдүн үйүмө кире албай Ошто квартирант болуп жашайм. Сот адилеттиги, акыйкат качан орнойт!? Кудай алдында да, Конституциябыз боюнча да адамдын мал-мүлкү кол тийгис деп саналат. Адилетсиз соттон кийин ден-соолугум өтө оорлошуп баратат. Адамдын тагдырын талкалаган чечимдерди чыгарган Козуев Абдраим сыяктуу соттордон коомубуздун тазаланышын каалайт элем. Ош шаардык сотунун судьясы Козуев Абдраим менин конституциялык укугумду одоно түрдө бузгандыгы үчүн мыйзам чегинде чара көрүүңүздөрду суранам.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×