Добавить статью
11:20, 21 июня 2011 13250

Зыян тарткан дыйкандар жер салыгынан жана ижара акысынан бошотулабы?

Табигый кырсыктардан улам өзгөчө кырдаалдар орун алган учурга каржы мамилеси кандай болоору тууралуу сөз жүргүзүү үчүн Сузак районунун финансы бөлүмүнүн башчысы Абылкасымов Заирбек Абылкасымовичке төмөнкүдөй суроолор менен кайрылдым эле.

Жергиликтүү бюджетти кабыл алып жатканда өзгөчө кырдаалдарга кандай көңүл бурулат, көбүнчө чукул кырдаалдар келип чыкканда акча каражаты тартыш болуп, аткарылып жаткан бюджеттин башка статьяларынан алып, калыбына келтирүүгө туура келет, дешет, ушуга токтолсоңуз?

-2011-жылы Сузак району боюнча жергиликтүү бюджетти кабыл алууда өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу үчүн райондук бюджеттен райондук кеңештин депутаттарынын чечими менен 100,0 миң сом, айылдык кеңештердин депутаттарынын чечими менен ар бир айыл округунда 50,0 миң сомдон акча каражаты каралган. Ал эми чукул кырдаалдарга кездешкен учурда райондук жана айылдык кеңештердин сессияларында каралып, корголбогон статьялык чыгымдарды кыскартып, табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга жумшалышы мүмкүн.

-Чукул кырдаалдардан тартылган зыяндардын ордун жабуу кайсы булактардын эсебинен ишке аша тургандыгын жана иш жүзүндө каржыланып жатканын цифралык көрсөткүчтөр менен айтсаңыз?

- Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндөгү мыйзамынын 28-статьясынын негизинде республикада же анын айрым жерлеринде өзгөчө абал орун алганда Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши өзгөчө кырдаалга байланышкан иш-чараларды каржылоо багытындагы кошумча өзгөчө бюджетти бекитиши мүмкүн. өзгөчө бюджет боюнча чыгымдарын каржылоо үчүн кошумча салыктар, кошумча акылар, жыйымдар, төлөмдөр киргизилет.

- Бул багытта резервдик фонд түзүлөбү, түзүлсө анын бюджеттеги пайыздык катышы канча?

- Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндөгү» мыйзамынын 21–статьясынын негизинде өзалдынча башкаруу органдарында бюджеттин көлөмүнүн 1 пайызга чейинки өлчөмүндө резервдик фондулары түзүлгөн. Быйыл анын суммасы 1801,7 миң сомго түзүлүп, жалпы бюджеттин көлөмүнө салыштырмалуу 0,6 пайызды түзөт жана резервдик фонддун акчасын пайдалануу тиешелүү жобого ылайык өзгөчө кырдалдаардын алдын алууга резервдик фонддун каражаты катары жумшалат.

- Кургакчылыктан зыян тартып жаткан дыйкандарга кандай жардам болот же алар салыктардан гана бошотулуп тим болушабы, эгерде андай болсо бюджеттин киреше бөлүгү канча пайызга азайды?

- 2010-жылы жалпысынан кургакчылыктын айынан айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдөрүнүн жакшы болбой калгандыгынын натыйжасында, райондун аймагындагы айылдык кеңештердиин сессияларында бул маселелер каралып, дыйкандар төлөөдөн бошотулган жер салыгы 488,0 миң сомго, ижара акы 1011,7 миң сомго барабар болду. Жалпысынан 1499,7 миң сомго жер салыгынан жана ижара төлөмдөрүнөн бошотулуп, бул сумманын жалпы кирешедеги үлүшү 2,6 пайызды түзөт.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

12-09-2011
Муниципалдык менчик - бул негизги ресурс
9624

23-07-2011
Ишенимди жараткан жылуу сөздөр
47824

07-07-2011
Бюджет тартыштыгынан туберкулин жетишпейт
11794

06-06-2011
Ишкерлердин колу-бутун мыйзам менен чырмап, тоноп жатышат
51299

26-05-2011
Жергиликтүү өнүгүүгө көңүл бурулат
13019

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×