Добавить статью
9:29, 22 июня 2011 52344

Депутаттар Э. Обдунов менен Н. Ариповдор Ош шаарында суу чарба адистери менен жолугушту

Жогорку Кеңештин «Республика» фракциясынын депутаттары Элмурат Обдунов жана Назарали Ариповдор Ош шаарында суу пайдалануучулар ассоциациясынын кызматкерлери (СПА) жана Ош областынын райондорунун айыл чарба жерлерине суу берүү багытында иштеген адистер менен жолугушту.

Жолугушуу убагында сугат маалында тушуккан көйгөйлөр, сугат каналдарынын абалы, айыл чарбасын каржылоо маселелери боюнча кеңири талкуу болду. Райондордон келген адистер депутаттарга сунуштарды, өкмөт, Жогорку кеңеш тарабынан каралчу маселелерди көтөрүштү.

Депутат Элмурат Обдунов Айыл чарба продукцияларын арбын жана сапаттуу өндүрүүдө сугат иштеринин мааниси абдан жогору экенине жана чечилчү маселелер абдан көптүгүнө токтолуп, бул багытта өкмөт тарабынан да, жергиликтүү бийликтер жана эл тарабынан да алгылыктуу чаралар көрүлүүсү керектигин белгиледи.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×