Добавить статью
11:38, 22 июня 2011 15016

Баткен губернаторуна кайрылуу

Автор: А.Мусаев

Урматтуу Арзыбек Орозматович!

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 8-апрелдеги №57-буйругу менен мен ээлеген кызматымдан мыйзамсыз бошотулган элем. Ошондуктан Бишкек шаарынын Ленин райондук соту 7-июнда өзүнүн чечими менен мени Баткен облустук юстиция башкармалыгынын башчысына кайра орноштурду.

Азыркы мезгилде мен толук Баткен облустук юстиция башкармасынын башчысы болуп эсептелемин. Бирок, Адилет министрлиги соттун чечимине баш ийбеген мыйзам бузуулар жолу 21-июнда Баткен облустук юстиция башкармалыгынын башчысына, өзүнүн Т.Бекбулатова аттуу кызматкерин дайындоо буйругун чыгарган. Юстиция министрлиги тарабынан мыйзам бузуу жолу менен дайындалган Т.Бекбулатованы Баткен облустук юстиция башкармасынын жамааты жана Баткен шаарынын эли кабыл албайт.

Менин кызмат ордум Адилет министрлигине керек болгондугуна байланыштуу мен эмгек өргүүсүнө чыгып, өз арызым менен кызмат ордумду бошотуп берип, кызматтан кетүүмө министрлик мүмкүнчүлүк бербей жатат. Себеби, шашылыш түрдө кызмат орун керек болгон.

Андыктан, сизге маалымат ирээтинде билдирип, тийиштүү чара көрүүнү суранамын.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×