Добавить статью
12:23, 22 июня 2011 55120

Чегине жеткен кайрылуу

Аксы районун Кашка-Суу айылынын эли Жалал-Абад областынын прокурору Н.Жээналиевге, Жалал-Абад областынын ички иштер башкармалыгынын башчысы С.Бакировго кайрылуу кат жолдошту.

Кайрылуу каттын толук тексти:

ЧЕГИНЕ ЖЕТКЕН КАЙРЫЛУУСУ

Биздин сиздерге чегине жеткен кайрылуу жөнөтүп жаткандыгыбыздын себеби, «Арстанбап» жоопкерчилиги чектелген коомунун президенти Э.Бегимкулов сиздердин атыңыздарга айылыбыздын жаш жетекчилери Айылдык округунун башчысы У.Керимкулов жана Айылдык кенешинин төрагасы А.Давлетовдун үстүнөн жалган жалааларды коюп арыздангандыгы жөнүндө уктук. Ал эми сиздер тараптан, ал арыз боюнча бир тараптуу иш аракеттерди жүргүзүү менен алардын үстүнөн иш козгогонуңуздар бизди абдан тынчсыздандырат. Эмне себептен алар бир эле Э.Бегимкуловдун арызы боюнча сиздердин алдыңыздарга кайра-кайра эле барышып, биздин айыл жетекчилер сурак бериш керек. Аларда эмне күнөө? Керек болсо, алар жергиликтүү калктын койгон талаптарын аткарышып жатышат. Сиздерге окшогон жетекчилерге элдин үнүн жеткирип жатышат. Э.Бегимкулов койгон жалган жалаа боюнча ал адамга ким баскынчылык кылды? Эмне себептен ал адам 8 миң 500дон ашык калкы бар айыл элин тебелеп тепсейт? Түрдүү гезит беттерине элибиздин аброюна доо кетирген макалаларды жарыялатат. Ишениңиздер мурунку жылдарда мырза Э.Бегимкуловду эл сыйлап келген болсо, ал эми бүгүнкү күнү ал адамды бүткүл Кашка-Суу элинен сыйы кетип бүткөн, чынын айтсак элибиздин биринчи душманы болуп калды.

Урматтуу жогорку даражадагы областыбыздын куч структура жетекчилери! сиздерден сураныч бул маселени калыс караңыздар. Биздин айыл жетекчилерибизди ал жакка чакырып суракка алуудан мурун, келип эл менен жолугушуп, чоо-жайын териштирип кетиңиздер.

Бул маселе боюнча 03.11.2010-жылы Кашка-Суу айылдык кенешинин жергиликтүү жамааттарынын кезексиз чакырылган элдин курултайынын №2 токтому менен курамы тогуз адамдан турган комиссия түзүлгөн. Сиздерге ошол комиссия чогулткан материалдарды сунуштайбыз. Э.Бегимкулов бул маселе боюнча жалган жалаа менен кимге гана кайрылбады. Мисалы, Кыргыз Республикасынын президенти Р.Отунбаевага, КРдын генералдык прокурору К.Байболовго жана башка жетекчилерге. Натыйжада Э.Бегимкуловдун кайрылган арызы негизсиз болуп жатты. Акыры элдин талабы боюнча Падыша-Ата мамлекеттик коругунун жетекчилиги Жалал-Абад областтык райондор аралык сотуна кайрылууга мажбур болушкан. (соттун чечими тиркелет).

Урматтуу куч структура жетекчилери КРдын Конституциясынын I-беренесинин 3 пунктунда Кыргызтандын эли мамлекеттик бийликтин жападан жалгыз булагы деп көрсөтүлгөн. Ошондуктан, элдин үнү боюнча калыс иш аракет жүргүзүлөт деген ишеничтебиз.

Эгерде биз койгон талап аткарылбаса, 2011-жылдын 1-июлунан баштап ар кандай нааразычылык акцияларын баштайбыз.

Аксы районун Кашка-Суу айылынын элинин атынан кайрылууну Камчыбек уулу Шекербек жөнөттү.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×