Добавить статью
11:53, 23 июня 2011 2096

Кыргыз Аба Жолдору авиакомпаниясынын убадалары кайда?

Эч кандай колдоо көргөзбөй эле «билимдүү жаштар чет мамлекеттерде иштеп кетип жатышат», деп нааразы болгон бийликке кеп жок. Мисалы, учурда билет баасы асмандап Түркиядагы студенттер үйүнө кайта албай отурушат. Буга чейин Түрк Аба Жолдору (THY) каттамы менен жүрүүгө аргасыз болчубуз. Атаандашсыз ал компания бааны каалагандай бычкандыктан билет ала албай мекенибизге эки жылда бир араң келчүбүз.

Билеттин кымбаттыгынан 4 жылдап үйүнө келе албай, депрессияга кабылган студенттердин санын айтпай эле коёлу. Жалдырап бийликтегилерге кайрылып канча ирээт жардам сурадык. Мындан улам, бул жылы март айынан тартып Кыргыз аба жолдору ачылып студенттерге жеңилдетилген арзан баада ташый баштаган эле. Буга студенттер кубанып, арманыбызды уккан жетекчилерге ыраазы болгонбуз. Эми, каникул учурунда Кыргызстанга кайталы десек билеттин баасы асмандап THY дан кем эмес.

Алданганына нааразы болгон студенттер эмне кыларын билбей туру. Айрыкча, Кыргыз Аба Жолдорунун баштапкы убадасына арзан билетине ишенип мекени көздөн учуп дегдеп алгандарга кыйын болду. Урматтуу, Кыргыз Аба Жолдору эмне үчүн 3 ай гана арзан баа коюмуш болуп, так каникул убагында бааны асмандатып жибердиңер? Андай максатыңар болсо бизди алдап, калп кубандырбай башында эле каалаган бааңарды койсоңор болмок экен. 18-19-июнда нааразы болгон студенттер чогулуп, кыргыз элчилигине барабыз. Бул аракетибиз текке кетсе, анда жетекчилерибиздин кайдыгерлигине каргыш айткандан башка айла жок.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×