Добавить статью
9:40, 24 июня 2011 8867

Өрт өчүрүүчүлөрдүн кесиптик майрамы менен куттуктоосу

Өзгөчө кырдаалдар министри Болотбек Борбиевдин сүйлөгөн сөзү.

Урматтуу кесиптештер! Урматтуу коноктор!

Алгач баарыңыздарды 15-июндагы өрт өчүрүү кызматкерлеринин 85 жылдык кесиптик майрамы жана алдыда келе жаткан 1-июль куткаруу кызматкерлеринин күнү менен чын дилимден куттуктаймын!

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жыйырма жылдык жана өрт өчүрүү кызматынын 85 жылдык тарыхында миңдеген адамдардын өмүрү жана мүлкү сиздердин колуңуздар менен сакталып калгандыгын биз бүгүн сыймыктануу менен айта алабыз.

Урматтуу өрт коопсуздугунун куткаруучулары, сиздер жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен тыгыз иш алып барып, бүгүн ачылуу аземин жасап жаткан өрт өчүрүү кызматынын жалпы сметалык баасы 1 млн сомдук жаңы имаратты Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын материалдык колдоосу аркылуу өз колуңуздар менен куруп алдыңыздар. Ушул жаңы конушуңуздар жайлуу болуп, калк кызматында жарандарыбызды кырсыктардан сактоодо кызмат кыла беришиңиздерге тилектешмин.

Биз жыл башында өзүбүздүн алдыбызга быйылкы жылдын иш-чараларына 20 жылдыкка 20 обьекти бүтүрөбүз деп милдет койгон элек. Ошол иш-чарабызды колдоп, өздөрүнүн материалдык көмөгү менен ушул имаратты бүткөрүп бергендиги үчүн Сузак райондук мамлекеттик администрациясына жеке өзүмдүн жана министрликтин өздүк курамынын атынан терең ыраазычылык билдиремин. Биз Республикабыздагы бардык мекеме-ишканалар бир организмдей болуп иштегенде гана өлкөбүздү гүлдөгөн мамлекетке айландыра алабыз. Анын бир мисалы катары ушул имараттын бүткөрүлгөндүгүн айтсак болот.

Мындан сырткары, Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарындагы №105-өрт өчүрүү бөлүгү да 1млн 124 миң 750 сомго капиталдык ремонттон өткөрүлүп, ишке берилүү алдында турат. Ошондой эле, жумуштар Жалал-Абад шаарында да жүрүп жатат. Шаардык мэриядан шаардагы №20-өрт өчүрүү бөлүгүнүн имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү иштери үчүн 236 миң сом ажыратылды. Республикабыздын бардык аймактарында жергиликтүү бийлик менен биргеликте жогорудагыдай иш-чаралар жүрүүдө. Биз жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын мындай колдоолоруна албетте ыраазычылыгыбызды билдиребиз жана колубуздан келген көмөгүбүздү Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан көрсөтөбүз.

Сөзүмдү жыйынтыктап жатып, баарыңыздарга бекем ден соолук, үй бүлөөлүк бакыт, бейиштин төрүндөй болгон мамлекетибиздин көп улуттуу элинин бейпил жашоосу үчүн аткарып жаткан иштериңиздерге ийгиликтерди каалаймын! Ылайым элибиз гүлдөп-өнүккөн өлкөбүздө кырсыктардан оолак болуп, бейпил жашоо кечирсин!

Дагы бир жолу майрамыңыздар менен урматтуу кесиптештер!

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×