Добавить статью
3:24, 27 июня 2011 48135

«Ата-Мекендин» лидерлеринин сокур саясий  ишмердигинен улам мүчөлүктөн кетүүгө мажбур болдум

«Ата-Мекен» социалистик саясий партиянын лидерлеринине үмүтүм 2010-жылдын 7-апрелинен кийин биротоло өчтү, аларга карата ишенимим эми таптакыр жоголду. Анткени, 2010-жылкы ыңкылаптын түпкү максаты Курманбек Бакиевди жана аны жандаган чөөлөрдү мансаптын бардык бутактарынан: жогорку жана жергиликтүү бийлик тепкичтеринен токтоосуз түрдө кууп-жоготуп, биротоло тазалаш керек болчу.

Дал ошо өлкө үчүн тагдыр чеччү мезгилде Убактылуу өкмөт мүчөлөрү Өмүрбек Текебаевге өтө терең ишеним көргөзүп, Кыргызстанды мыйзамдуу нукка салып, демократиялык өңүттө өнүктүрөт деп абдан терең үмүт байлашкан. Тилекке каршы, «Ата Мекен» партиясынын жападан жалгыз жолбашчысы Өмүрбек Текебаев өзүм билем адатына салып, өлкөдө демократияны орнотмок түгүл, тескерисинче, анын татынакай идеяларын каратып туруп таш каптырды.

Мисалы, адегенде эле Убактылуу өкмөттү курап, ага ар кошкон партиянын кызыкчылыктары өмүрүндө бирикпеген мүчөлөрүн аралаштырып, өлкөнү мажбурлоо жолу менен партиялык тизме аркылуу парламенттик башкаруу короосуна айдап киришти. Ошого улай убактылуу өкмөт мүчөлөрү Крыловдун тамсилиндей ар кимиси ар жакка тартып, мамлекетти жок болуу чегине жеткирип, Кыргызстанды абдан алсыздандырып ташташты.

Маселен, адегенде эле Өмүрбек Текебаев өлкөнү кылмыш чөйрөсүнөн тазалайм деп катуу шымаланды эле. Тилекке каршы, алар тескерисинче мурдагыдан дагы катуу баш көтөрүп, а түгүл бийликтин бир бутагы мыйзам чыгаруу органына – Жогорку Кеңешке дейре коркпой-үркпөй аралашып кетишти. Ошентсе да, биргезде өзү катуу сындаган Курманбек Бакиевдин иштин көзүн билбеген, бирок моюну жоон саясий бөлтүрүктөрү Өмүрбек Текебаевге керек болсо төрагалык орунду дагы ыраа көрүшкөн жок.

Ушундай жалгыз лидердин саясий туруксуздугунун жана алысты таптакыр көрө билбегендигинин кесепетинен «Ата Мекен» партиясынын аймактардагы алмашкыс лидерлери партиядан кетүүгө аргасыз болушту. Мисалы, «Ата Мекендин» Баткендеги лидери Абубакир Имаров, Оштогу көрүнүктүү жетекчилери Төлөгөн Келдибаев жана Абдыкайым Кангелдиев өңдөнгөн абийири таза инсандар бекем принципке туруп, партиянын кадыр-баркы күн сайын ылдыйлап бараткандыгынан улам акыры «Ата Мекенден» кетип тынышты.

Мына, менин дагы чыдамым биротоло түгөнүп, «Ата Мекенден» кетүүгө аргасыз болдум. Алабарман «Ата Мекенден» чыныгы Ата Мекенибизди сактап калалы, мекендештер!

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×