Добавить статью
10:27, 28 июня 2011 38764

Ө.Текебаевге карата эч качан шек келтирген эмесмин

Урматтуу кыргызстандыктар!

Акыркы күндөрү менин атыман интернет-сайттарга жана маалымат каражаттарына Өмүрбек Чиркешович Текебаевдин абройуна шек келтирген маалыматтардын берилиши менен таанышып, өз нааразычылыгымды жана кыжырдануумду билдирүүнү туура таптым.

Жалал-Абад шаарында болуп өткөн коогалаңда шейит кеткендерди эскерүү жыйыны убагында мен «кол чаппагыла, аза күтүп эскерүү болуп жатканда, кол чабууга болбойт» деп элге карап айткан сөзүмдү бурмалап, «Өмүрбек Текебаевдин мандаты жана анын жүргүзүп жаткан саясатына шек келтирген» деп маалымат берилиптир.

Эч убакта андай болгон эмес, мен шайлоочу жана жактоочу катары Өмүрбек Чиркешович Текебаевдин «Ата Мекен» партиясынын лидери, Кыргыз мамлекетинде гана эмес, жалпы КМШ мамлекеттериндеги чыгаан инсан, белгилүү саясатчы катары жогору баалаймын.

Биздин шейит кеткен бир туугандарыбыздын элесин саясатташтырып, кара ниеттик менен кайра эле өзүбүздөн чыккан чыгаан инсандарыбызга каршы колдонууга аракет жасаган адамдарды ошол өткөн маркумдардын арбагы уруп кетсин деп айтамын.

Элибизди бөлүнүп-жарылбастан, кара ниет адамдарга азгырылбастан, мамлекетибиздин биримдигин чыңдоого чакырамын.

С.Мамарасулов, Мекен шейиттери уюмунун Базар-Коргон райондук бөлүмүнүн төрагасы, Базар-Коргон району, Правда айылы

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×