Добавить статью
12:13, 28 июня 2011 3824

1 жыл мурда кызын өлтүрүп кеткен эненин акыйкаттык издеп жазган кайрылуусу

Президент Р.Отунбаевага, премьер-министр А.Атамбаевге, спикер А.Келдибековго, ИИМ министри З.Рысалиевге, Башкы прокурор А.Саляновага

Кайрылуу

Мен, Кыргызстандын жараны Ибраева Калбүбү сиздерге дагы бир жолу кайрылууну чечтим. 2010-жылы 10-апрелде кызым Мээрим Ибраеваны айбандык менен өлтүрүп кетишкен.

Бир жылдан бери адилеттүүлүктү, калыстыкты издеп жүрөм. Анткени Сокулук райондук соту прокурор менен биргеликте бир жылдан бери сот ишин кечеңдетип жатышат. Күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү жетишсиз деген шылтоого таянып жатышат. Мен айла жоктон сот, прокурор жана адвокатты акчага сатып алышты деген ойго келдим. Ар бир сот ишинде күнөөлүүлөрдүн ата-энелери М.Нуржанова жана Р.Арипов мени шылдың кылышат. Мен ушундай адилетсиздиктен чарчадым. Алардын адвокаты М.Лужанский дагы кылмышкер, мага жеткен маалыматтар боюнча ал кылмыш иши боюнча 6 жыл абакта отуруп келген. Менин кызымды өлтүргөндөрдүн бири өзбек, бири турк улутунан. Сокулук райондук укук коргоо кызматкерлеринин жүрүм-туруму мени аябай басынтты. Ошондуктан мен сиздерден бул ишти тезирээк чечип берүүңүздөрдү суранам. Бир жуманын ичинде адилеттүү чечим чыкпаса, мен аларды өзүмдүн өздүк сотум менен жазалоого аргасыз болом.

Мени туура түшүнүүңөрдү суранам. Анткени мен жабыр тарткан энемин. Сиздерден сураныч, жообун кат түрүндө жибериңиздер!

Мен сиздерден адилет чечим чыгарат деп ишенем.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×