Добавить статью
3:24, 30 июня 2011 18991

Айрым саясий күчтөр бийликти интрига, сатып алуу, коркутуп-үркүтүү жана мамлекеттик ресурстарды пайдалануу жолу менен алгысы келет

«Акшумкар» саясий партиясы президенттик шайлоо тууралуу билдирүү таратты.

Бүгүнкү күндө, президенттик шайлоону өткөрүү бүтүндөй Кыргызстан үчүн маанилүү саясий иш-чара болуп саналат. Акыркы убактарда президенттик шайлоону кайсы убакта өткөрүү тууралуу көптөгөн билдирүүлөр, пикирлер жана сунуштар пайда болууда. Ушуга байланыштуу, «Акшумкар» партиясы бул иш боюнча өз пикирин билдирүүнү зарыл деп эсептейт.

Кандай гана өлкө болбосун, бийликтин алмашуусу жөнүндө маселе өтө маанилүү болуп эсептелет. Ал Кыргызстандай болгон мамлекет үчүн өзгөчө мааниге ээ болот, анткени эгемендүүлүккө ээ болгон учурдан тартып, биздеги бийлик алмашуулар коомдун белгилүү бир бөлүгүнүн зомбулук аракеттеринин натыйжасында болуп өткөн. Чектен ашыра чыккан башкаруучуларды отурган орундарынан алып ыргытуу үчүн зордук-зомбулук зарыл болгон. Мурдагы бийлик бир дагы жолу акыйкат шайлоолордун жыйынтыгында өз ыйгарым укуктарын өткөрүп берүүгө барган эмес. Эгерде бийлик тынчтык жолундагы демократиялык шайлоолордун натыйжасында өткөрүп берилбесе, белгилүү болгондой, аны зордук жолу менен тартып алышат. Бирок, зордук, тилекке каршы, өлкөнү бир топ жылга кайра артка тартат. Бизге башкача каада – бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берүү каадасы керек.

Бизде азыр жаңы, акыйкат жана алгылыктуу кааданын - бийликти тынчтык жолу менен, шайлоолор аркылуу өткөрүп берүүнүн башатын түптөө үчүн шарт түзүү мүмкүнчүлүгү бар. Бул мүмкүнчүлүк 2010-жылдын апрель айында биздин мекендештердин эр жүрөк аракеттеринин натыйжасында пайда болгон. Өлкөбүздүн үй-бүлөлүк башкаруу жана уурулук психологиялык базасында эмес, мыйзам боюнча жана адеп-ахлактык баалуулуктардын негизинде жашоосу үчүн коомчулуктун жалпы түшүнүгүнөн улам, ушул мүмкүнчүлүк реалдуу болууда. Бирок, бүгүнкү күндө айрым саясий күчтөр бийликти таза жана акыйкат шайлоолордун жыйынтыгында эмес, интрига, сатып алуу, коркутуп-үркүтүү жана мамлекеттик ресурстарды пайдалануу жолу менен алгысы келет.

Коомчулуктун бардык дени сак күчтөрүнүн бүгүнкү күндөгү маселеси жөнөкөй – мыйзамдуу жолдор менен алып сатарлыкка жол бербөө жана президенттик шайлоонун конституциялык мөөнөттөрдө өтүшүн камсыз кылуу. Жаңы президентке бийликти тынчтык жолу менен мыйзамдуу өткөрүп берүү тиешелүү мөөнөттөрдө өтүшү үчүн президенттик шайлоолордун мыйзамда белгиленген мезгилде, 2011-жылдын октябрь-ноябрь айларынан кечиктирилбей өткөрүлүшү зарыл. Бул жерде ар кандай түрдөгү алып сатарлыкка, тымызын оюндарга жана коомчулуктун оюн манипуляциялоого жол берилбейт.

Алдыдагы шайлоолорду өткөрүүдө бул процесстин негизги катышуучуларынын саясий маданияты жана сабаттуулугу маанилүү шарттардан болуп саналат. Өз кезегинде, парламенттик шайлоолордон кийин, көп сандаган мыйзам бузуулардын жана шайлоонун жыйынтыктарын атайын бурмалоонун далилдерине карабастан, «Акшумкар» партиясы биринчилерден болуп шайлоонун жыйынтыгын таанып, ошону менен саясий маданияттын үлгүсүн көрсөтө алды. Шайлоолор өз мөөнөтүндө өтүшү керек. Бул «Акшумкар» партиясынын Кыргызстандын бардык жарандарынын иш жүзүндөгү колдоосу менен бекемделген башкы талабы.

Биз Жогорку Кеңешти, Президентти жана Өкмөттү өздөрүнүн саясий пайдасы жөнүндө эмес, элдин жана өлкөнүн жыргалчылыгы, анын өнүгүшү тууралуу ойлонууга чакырабыз. Эгер кандайдыр бир интригалардын натыйжасында президенттик шайлоолордун мөөнөттөрү кийинкиге жылдырылса, ал биздин республиканын өнүгүүсүнө олуттуу зыян келтирет.

Бул учурда «Акшумкар» партиясы күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу үчүн бардык жеткиликтүү каражаттарды колдонот.

Зарыл болгон реформаларды өткөрүү Кыргызстан үчүн дагы бир маанилүү аспект болуп саналат. Биздин көз карашыбызда, өкмөттүн бүгүнкү күндөгү иши жарым-жартылай, айрым учурда акыл сыярлык чектен да ашып кеткендей сезилет. Башталган реформалардын бири дагы аягына чыгарылбай, аларды кантип жүргүзүү керектигинин ачык жана так көрүнүштөрү да жок.

Бул сот системасын реформалоого тиешелүү. Ал жакшырбастан, өлкөнүн жарандарынын пикиринде кесипкөй эмес ишке жана коррупцияга тереңдеп батты.

Бул инвесторлорго жана дегеле бизнеске болгон мамиленин өзгөрүүсүнө тиешелүү. Мыйзамдарды орунсуз бузуу жана жеке менчикке укуктардын корголбогондугу Кыргызстандын инвестициялык кызыгуусунун төмөндөшүнө жана капиталдардын агылып чыгуусуна алып келүүдө.

Бул жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасын реформалоого да тиешелүү. Азыркыга чейин бул жаатта аракеттенүүнүн ачык планы иштелип чыккан эмес.

Мунун бардыгы, биз үчүн ушул кыйын болуп жаткан учурда аткаруу бийлигинин органы катары Өкмөттүн жана мыйзам чыгаруучу орган катары Жогорку Кеңештин өлкө алдындагы өз жоопкерчилигин жакшы түшүнбөй жатат деген ойду жаратат. Күн сайын тынымсыз, жогорку кесипкөйлүктөгү иштин ордуна алар саясий талаш-тартыштар жана интригалар менен алектенип жатышат.

«Акшумкар» партиясы Парламентти жана Өкмөттү акыр аягы коомдун чыныгы муктаждыктарына кайрылып, чындап иштегенге чакырат. Экономикалык жана социалдык чөйрөдө эл күтүп жаткан реформаларды жүзөгө ашыруу зарыл.

Мамлекеттик чарба жүргүзүүчү субъекттер менен да толук баш аламандык болууда. Коомчулуктун терең катмарына жетип жаткан көп сандаган сигналдар, айрым партиялардын феодалдык жер ээлигине айланган бул компанияларды башкаруунун натыйжасыздыгын тастыктап турат. Кадр саясатындагы жөнү жок алмашуулар, коррупция жана башка далилдер маанилүү мамлекеттик ишканалардын жетекчилерин дайындоодо кесипкөйлүк жана тажрыйба негизги критерийлерден болбостон, айрым бир партиялардын жетекчилерине жакындык маанилүү болуп калган. Биздин көз карашта бул саясатты дароо түп тамыры менен алмаштыруу зарыл.

Ошондой эле Бажы Бирлигине кирүү боюнча Өкмөттүн пландаштырып жаткан кадамдарында ачыктык жок. Өкмөттүн ушундай кеңири масштабдагы акциясы бизнес-коомчулуктары менен кеңири талкууга алынууга тийиш, мындай кадамдын экономиканын маанилүү секторуна – соода-сатыкка регулятивдик таасир берүүсүнө милдеттүү түрдө терең жана кылдат талдоо жүргүзүү зарыл, бул сектор Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк мезгил аралыгында ири социалдык жана бюджет түзүүчү сектор болуп калган.

Коомчулук туура багыттагы чыныгы өзгөрүүлөрдү күтүүдөн чарчады. Алар биздин өлкөгө азыркы учурда өтө керек. “Акшумкар” партиясы ар кандай саясий партиялардын бийликтин конкреттүү иштерди баштоосуна карата чакырыктарын толук колдойт. Эгерде бийликте мындай адамдар жок болсо, анда биз бул жоопкерчиликти өзүбүзгө алууга даярбыз.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×