Добавить статью
9:16, 5 июля 2011 4873

Президент сунуштап жаткан БШК мүчөлөрү өтүп-өтпөй  калышы – бул сигнал

Суроо: БШКнын тегерегиндеги талаш-тартыштарга ой-пикириниз кандай?

БШКнын жаңы курамы жана алардын шайланып келиш жолдору кийин чатакка айланаары анык эле көрүнүп калды. Бул боюнча президенттин айткандарында жүйөө бар. Чынында эле, боло турган шайлоонун жыйынтыгына нараазы болгон талапкер же саясий топ, сөзсүз бул маселени көтөрүп чыгат да, шайлоонун жыйынтыгын тааныбайт же тааныбаганга негиз катары колдонот. Муну президент айым ачык эле алдын ала кооптоно айтып жатат.

Себептерин чечмелеп кетсек, биринчиден, бир эле курам эки башка мыйзам аркылуу шайланып келишти: 8 мүчөсү парламенттин көпчүлүгү жана оппозициясынан чыккан талапкерлер жаңы мыйзам кабыл ала электе, ал эми президенттин шайланган 2 мүчөсү жаңы кабыл алынган мыйзам аркылуу шайланышты.

Экинчиден, эки шайлоо ар башка процедура менен өткөнү да ачакей маселе жаратат. Ооба, Жогорку Кенеш каалагандай шайлоо процедурасын тандайт, бирок бир эле маселени эки башка процедураны колдонушу кийинки талаш-тартыштарга алып келет.

Үчүнчүдөн, Конституциядагы тендик шайлоо принциби бузулуп жатат. Уч субъект (Парламенттин көпчүлүгү, азчылыгы жана президент) БШКнын төрагасын шайлоодо жогорудагы принципти бузушту, анткени президент тараптагылардын саны толук курамынын үчтөн бири эмес, алтыдан бири гана болуп атат. Ооба, формалдуу түрдө кворум бар, иштегенге толук мүмкүнчүлүк бар, бирок кынтыксыз иш жүрсүн дешсе, отурганда эле БШКнын жаңы курамы кыйшык отурушту.

Суроо: Оюуңузда, бул абалдан кандайча чыгыш керек?

Али кеч болуп кете электе, ЖК 8-июлга белгиленген кезексиз сессиясында бул маселеге кайрадан кайрылып, мурун-кийин өткөн мүчөлөрүн баарын чакыртып алып, алардын шайлоосун бир процедура аркылуу (жабык же ачык добуш берүү, бир тизме же персоналдуу түрдөбү) кайра шайлашы керек. Жаңы мыйзамга президент 30-июнда кол койгон, демек, баары легитимдүү болот. Президент айым дагы, сунуштап жаткан мүчөлөрүн карап чыкса, анткени алардын акыркы сессияда жарым жартылай өтүп-өтпөй калышы – бул сигнал. Демек, кээ бир мүчөлөргө депутаттардын дооматы бар чыгаар. Бул жолу тирешүүдөн эч ким жеңбейт. Башкы максат - алдыдагы президенттик шайлоону таза, так, ачык-айкын өткөрүп алуу. Ал шайлоо Кыргызстандын өнүгүүсүндөгү жаңы, жаркын этабынын башаты болуп калышына толук ишенем.

Касымбеков Жаркынбек «Элиме» КБ төрагасы

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×