Добавить статью
11:44, 5 июля 2011 38074

Премьер-министр А.Атамбаевге кайрылуу

Урматтуу Алмазбек Шаршенович,

Ысык-Көл областындагы Түп-Кеген жолу Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасын бириктирген, узундугу 76 км болгон эл аралык мааниси бар стратегиялык жол.

Жол куруу иштери 2008-жылдын сентябрь айынан башталып, бүгүнкү күнгө чейин 412 млн. сом жумшалган. Азыркы учурда жолдун 30 чакырымынын 14 км узундуктагы жери эки катмар менен бүткөн дагы, ал эми 16 км узундуктагы жери бир катмар менен бүтүп, каражат бөлүнбөй, иш токтоп турат.

Эгерде жолдун биринчи катмар менен бүткөн 16 км узундуктагы жери кышка кардын алдында калып калса, анда бүгүнкү күнгө чейин жумшалган 412 миллион сом, жасалган иштер текке кетет жана бүт баарын кайра жаңыдан жасаш керек болот. Себеби, адистердин айтуусу боюнча биринчи катмары жука болот экен дагы, кардын алдында калып калса, кийинки жылы жазында омкорулуп калат.

Жогоруда айтылгандарга байланыштуу жолдун 16 км узундуктагы жеринин экинчи катмарын төшөөгө 150-200 млн сом бөлүнүшү зарыл жана жол куруу иштерин жай мезгилинде жүргүзүп, кышка чейин бүткөрүлүшү керек.

Ушуга байланыштуу бул маселенин тез арада чечилишине кѳмѳк кѳрсѳтүүңүздү жана «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө» мыйзамдарына ылайык маалымат берип коюуңузду суранам.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×