Добавить статью
4:55, 8 июля 2011 49301

Жалал-Абад шаарынын мэринин айланасында болуп жаткан маселе боюнча билдирүү

Бүгүнкү күндө Жалал-Абад шаары эле эмес, жалпы областыбыздын коомдук-саясий абалына терс таасирин тийгизүүчү окуя, Жалал-Абад шаарынын мэринин кызмат орду талашка түшүп жаткандыгы жаштарды түйшөлтүүдө.

Кызмат үчүн элди экиге бөлүү жана коомдук тынчтыкты бузуу менен өз бийлигин сактап калуу биздин бийлик башчыларыбызга адат болуп калгандай. Мамлекеттик кызматты атасынан мурас катары калгандай көргөн чиновниктердин кызматка жабышуусу, 60-70 адам менен кызматтан алган кишисин коркутуусу эр жигитке мыйзамды сыйлабагандыгы. Тескерисинче, кызматын эр жигитче, мыйзамды сыйлаган жаран катары өткөрүп берсе, абийирине абийр кошулмак. Ансыз деле эми эле шаарыбызда тынчтык орноп, эл өз тирикчилигин менен алек болуп жаткан учурда, шаарга дүрбөлөң салганы туура эмес деп баалайбыз.

Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын премер-министри бирөөсүн кызматтан бошотуп, бирөөсүн кызматка койгондо өзү келип же өкмөттүн аппаратынан атайын өкүл жөнөтүп шаардын активине, мэриянын коллективине тааныштырып кетүүсү керек эле.

Бирок, өкмөт башчысынын «ме сага буйрук, сен кызматтан бошодуң, ал эми сен кызматка отурдун эми бириндин этиңди бирин жей бер» маанисинде кол шилтеген позицияны кармаганы Жалал-Абад элин сыйлабагандык деп түшүнөбүз. Бийлик башчыларынын элге кайдыгер мамиле жасагандын кесепетинен Жалал-Абад шаарында коомдук саясий абал курчуп кетүүсүн ойлонуш керек болчу.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×