Добавить статью
12:40, 9 июля 2011 24388

А.Атамбаев өзүнүн ыйгарым укуктарын өткөрүп берсин

Жаңы президентти шайлоого 3 айдан гана ашуун убакыт калды. Бул шайлоону өткөрүү менен Кыргызстан былтыркы апрель айында авторитардык режим кулатылгандан бери башталган өткөөл мезгилди жыйынтыктайт. Бул убакыт аралыгы оор сыноолор менен коштолуп, өлкөнү санаага салып турду. Бирок, Кыргызстан эли бул сыноолорду татыктуу көтөрө билип, алдыга жыла алды. Принципиалдуу мүнөздөгү жаңы Конституция кабыл алынды. Президент жана парламент шайланды. Өлкөнүн жана бүтүндөй региондун тарыхында алгач ирет коалициялык өкмөт түзүлдү. Бул өзгөрүүлөрдүн баары Кыргызстан элинин жана эл шайлаган өкүлдөрүнүн өз эркин ачык билдирүүсү аркылуу тынчтык жол менен жүзөгө ашты. Албетте, жаңы саясый системага өтүү жеңил, жөнөкөй болгон жок.

Убактылуу өкмөт бийликке келгени мамлекеттик бийлик жана анын өкүлдөрүнө жылдап топтолгон нааразылыктарга, жедеп ишеними өчүп бүткөн элдин суз мамилесине кабылды. Калк чиновниктерге да, сот, депутаттарга да ишенген эмес. Алар мыйзамга дагы, шайлоого дагы, чиновниктердин ниетинин адалдыгына да ишенишпеди. Эл ишенимин акыйкат, үлгүлүү жана чечкиндүү кадамдар менен гана кайтарууга мүмкүн эле.

Убактылуу өкмөт алгач мына ушундай жол менен БШКны түздү. Анын курамынын жарымын бейөкмөт уюмдар жылдырды, ал эми калган мүчөлөрүн 2007-жылкы парламенттик шайлоодо ат салышкан саясый партиялар сунуштады. БШКнын мүчөлөрү төрагасын сырттан берилген көрсөтмө менен эмес, өз ичинен өздөрү шайлап алышты. Кыргызстандагы шайлоо системасында биринчи жолу президент да, парламент да, өкмөт да, эч кимиси шайлоого кийлигише алган жок. Шайлоонун жыйынтыгы мындай системада бардык партиялар – башкаруучу же оппозициялык болсун, жеңишке жетүүгө бирдей мүмкүнчүлүк алаарын далилдеди.

Эми шайлоо системасын демократиялаштыруу багытында жасалып, БШКнын төрагалыгы менен анын орун басарлыгына парламенттеги оппозициялык фракциялардын өкүлдөрү шайланды. Буга айрымдар анча маани бербегени менен мындай бурулуштар өзүнөн өзү жарала бербейт. Биздин өлкөдөгү бийлик эч качан шайлоо комиссияларынын башында турган күчтүү “куралды” “чоочундардын” колуна берүүгө шашкан эмес. Бул көрүнүш Конституция кепил болгон теңсалмактуулук системасы бекем экендигин жана иштеп жаткандыгын дагы бир жолу айгинелейт.

Мындан ары саясый партиялар шайлоонун жөн гана катышуучусу болбостон, анын уюштуруучусу, тескөөчүсү катарында да катыша алат. “Ата Мекен” партиясы Кыргызстандагы бардык саясый партияларды курамына өздөрүнүн өкүлдөрүн жылдыруу менен ар кандай деңгээлдеги шайлоо комиссияларын түзүүгө активдүү катышууга чакырат. Ал менен катар эле Кыргызстандагы бардык прогрессивдүү күчтөрдү “Таза шайлоо үчүн!” кыймылына биригүүгө үндөйбүз!

Шайлоо процессине элдин ишенимин жогорулатуу үчүн Убактылуу өкмөт экинчи маанилүү бир кадамды жасаган. Парламенттик шайлоого катышкан партиялардын тизмедеги мүчөлөрү шайлоо өнөктүгүн жүргүзүүдө башкалар менен бирдей шартта болуу үчүн кызматтарын тапшырышкан. Биз бул менен жаңы саясый маданият, жаңы саясый салттын калыптанышына өбөлгө жаратууну көздөгөнбүз.

Шайлоо жаатындагы жаңы мыйзамдардарды кабыл алууда “Ата Мекен” депутаттары “эгерде жогорку кызматтагы чиновник шайлоого талапкер катары катышууга ниеттенсе, кызматынан кетиши керек” деген жобону сунушташкан. Бирок, бул норманы сактап калуу үчүн биздин добуш аздык кылды. Ага карабастан, биз теңата атаандаштыкты жана таза шайлоону камсыз кылуу үчүн шайлоого катышууну каалаган чиновниктерди кызматтык ыйгарым укуктарын тапшырууга чакырабыз. Өткөн парламенттик шайлоодо Убактылуу өкмөт көрсөтө алган демократиялык принциптерге берилгендик сакталып калууга тийиш!

Бул биринчи кезекте премьер-министр Алмазбек Атамбаевге тиешелүү. Кыргызстандын экономикасы азыр өтө оор кыйынчылыкты баштан кечирүүдө. Ал эми Конституция жана өкмөт жөнүндөгү мыйзамдар боюнча премьер-министрге, керек болсо, Акаев, Бакиевдерде да жок зор ыйгарым укук берилген. Мындай кырдаалда Атамбаевдин премьер-министрдин кызматынан президенттикке умтулуусун коомчулук жоопкерчиликтен качуу катары кабылдайт. Ал жоопкерчиликти өзүнө алган соң, өлкөдөгү коомдук-саясыйжана социалдык-экономикалык абалды шайлоо кампаниясынын жүрүшүнө көз каранды кылып, жөн салды таштап койбой, милдетин акыр-аягына чейин аткарышы зарыл. Эгер премьер-министр буга карабастан, президенттик кызмат үчүн таймашууну чечсе, анда шайлоо өнөктүгүндө башка талапкерлер менен бирдей абалда катышууга даяр экендигин далилдөөгө тийиш.

“Ата Мекен” социалисттик партиясы Алмазбек Атамбаевди өзүнүн принциптерине бекем бойдон калып, өткөн жылдагыдай эле ыйгарым укуктарын өткөрүп берүүгө чакырат. Ошондо өкмөттүн ишмердиги шайлоо өнөктүгүнүн коньюнктурасына, ашыкча убаракерчилигине көз каранды болбойт. Саясатчынын позициясы ал ачык айтып, жар салып жүргөн идея, баалуулуктардан эле турбайт, аны эң ириде өзүнүн анык бир кадамы, жасаган иши аныктайт.

Президенттик шайлоо таза жана тең атаандаштыкта өтсүн! Анда кызмат, ыйгарым укук боюнча “калдыксыз” эң күчтүү жана эң татыктуу талапкер жеңишке жетсин!

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×