Добавить статью
7:23, 22 июля 2011 14595

Сот системасы  тазаланууга муктаж

«Тилектештик-Солидарность» жарандык кыймылы Сотторду тандоо кеңешине кайрылуу жолдоду.

Урматтуу Соттроду тандоо кеңешинин мүчөлөрү!

Жарандык коом Кыргыз Республикасынын сот системасынын учурдагы абалына терең тынчсыздануу менен кароодо. Коомдо акыркы мезгилдерде соттор өлкөнүн өнүгүшүндөгү негизги бут тосуулардын бири деген пикир көп айтылчу болду. Соттук чечимдердин акыйкаттуулугу жана соттордун чынчылдыгы коомчулук тарабынан шек туудуруп гана тим болбостон, биротоло төгүндөлүп да жатат. Соттордун чечимдерине сын-пикирлер мамлекеттик жетекчилер жана саясатчылар тарабынан да айтыла баштады.

Акыркы учурларда сот системасындагы паранын өлчөмү туурасындагы таң каларлык ачылыштар көпчүлүктүн талкуусуна чыга баштады.

Ушуга байланыштуу Сиздердин Кеңештин жасаган жумушу өлкөнүн келечектеги өнүгүүсүндө негизги чечүүчү ролду ойноору бышык. Кыргызстандагы эки ыңкылап жана эки коррупциялашкан башкаруу учурунда алдыңкы орундардын биринде болгон сот системасы тазаланууга муктаж.

Ачык – айкындуулук жана коом алдында жоопкер экениңиздер Сиздердин кеңештин ишинин негизги өзөктүү принциптеринин бир болуусу керек. Бул болсо өз кезегинде сот кызматына талапкерлерди тандоодо жарандык мекемелер менен тыгыз байланышта иштөө, керектүү иш кагаздарына жана Кеңештин чечимдеринин колго тиерлик болушу, коомчулуктун жана ММК өкүлдөрүнүн катышуусунда ачык отурумдардын өткөрүлүшү дегенди түшүндүрөт. Ушул принциптерди кармануу Сиздердин Кеңештин мүчөлөрү үчүн мекендештериңиздердин ишенимине жана сыйына ээ болуп гана тим болбостон, өлкө тарыхында чынчыл жана сатылгыс сот системасынын жаратуучусу катары калуусуна да өбөлгө түзөт.

Сот кызматына талапкерлерди тандоо жалпы эл тарабынан президентти жана парламентти шайлагандай эле ӨЭУ өкүлдөрүнүн көзөмөлү астында өткөрүлүүчү маанилүү процесс.

Сиздер өз регламентиңиздердин ачыктыгын жана Жарандык коом менен ММК өкүлдөрү үчүн айкындуулукту камсыз кылууга милдеттүүсүздөр. Сиздердин Кеңеш таза барактан таза жумуш баштайт жана жалаң гана таза сотторду тандайт деп үмүт кылабыз.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×