Добавить статью
5:09, 28 июля 2011 2995

Облустук Ынтымак Коомдорунун Курултайын 27-августка чакыралы

Урматуу кыргызстандыктар!

Урматуу областык  ынтымак  коомдорунун  мүчөлөрү! 

Алдыдагы  президенттик  шайлоону  түндүк-түштүк, батыш-чыгыш  деп  бөлүнбөй  өткөрүп  алсак  келечекке  жол  ачылып эл  алдында, кошуналар  алдында жүзүбүз жарык  болот эле. Менин  сунушум  шайлоого  чыгам  деген  эр-азаматтардын  ичинен  алты  талапкеди төмөнкү сапаттарын  эске  алуу  менен тандап (областык  ынтымак  коомдорунун  курултайынын  сунушу  менен)  жалпы  элдин  колдоосуна  алып  чыксак, шайлоону  бөлүнүп  жарылбай өткөрүп алууга  мүмкүнчүлүк түзүлөт эле.

Сапаттар: 

1. Жогорку  билимдүү, мекенчил, акыл парасаты  бийик  адам  болсо.

2. Кыргызстандын  бардык  региондору  кабыл  алган, калыс, адилет  адам  болсо.

3. Кошуна  мамлекеттер  кабыл  алган, алар  ишене  турган  адам  болсо.

4. Парламенттик  көпчүлүк  кабыл  ала  турган  адам  болсо.

16-августта  талапкерлердин  тизмесине  чекит  коюлса. Областык  ынтымак  коомдорунун  Курултайын  27-августка  чакырып  ушул  чечимге  келип  жер  жерге  барып  иш  баштасак  туура  болот  деп  ойлойм.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×