Добавить статью
9:39, 5 августа 2011 39747

Коомдук ишмер, экс-вице-спикер К.Исабековго кайрылуу

Урматтуу Кубанычбек мырза!

Биздин сизге кайрылуубуздун себеби, төмөндөгүчө:

Биз аргасыздан, айлабыз кетип, азыркы бийликке ишеним арта албай, үмүтүбүз өчүп кайрылып жатабыз. өлкөбүздө абал оорлоп, чиновниктер өз кызыкчылыктары үчүн гана кызмат кылышып, карапайым элдин тагдырын ойлогон таза адам калган жок. Кан менен аралашып калышты. Арбактардан коркпогон адам Кудайдан да коркпойт. Алла-Тааланын алдында ак иштеп, адал эмгек кылган лидерди таба албай убара тартып келебиз. 7-апрелде жана Ош коогалаңында карапайым калк кандай азап чегип, оор күндөрдү башынан кечирди. Кыргыз кыргыз экендигин далилдеп, бир эл экенин билдирип койду. Бирок, Ош коогалаңында жабыркагандардын укугу корголбостон, өлүп кеткендердин арбагы ыраазы болбостон, дайынсыз жоголгондордун дареги билинбестен калып кетти. Учурда жабырлануучулар, шейит кеткендердин жакындары, дайынсыз жоголгондордун жакындары чындык издеп, ар бир чиновниктин эшигин чертип, босогосун аттай албай, аттаса да оңдуу жооп ала албай, ыйлап жүрүшөт. Мындай көрүнүш деги эле Кыргызстанда патриот адамдын жоктугунан кабар берип турат. Кыргыз үчүн күйбөгөн кыргыз кыргыз эмес деп билебиз. Демек бизге алдыда боло турган президенттик шйлоодо патриот адам керек деп билебиз. Президенттик шайлоого Кубанычбек мырза сиз да өз кандидатураңызды коюуңузду талап кылабыз. Анткени, сиздин Кумтөрдөгү мафиянын мыйзамсыз жасаган иштеринин жүзүн ачканыңызды, канадалыктарга Кыргызстанда да мыйзам бар экенин билдиргениңизди жакшы билебиз. Сиз канадалыктар менен күрөшүп жатканда, жаныңыздагы коллегаларыңыз үн деп койгонго жараган эмес. Сиздин «Ачык саясат плюс» гезитине берген маектериңизди калтырбай окуп, сиздин пикириңизге биз да кошулууну туура көрдүк. Сиз алдыдагы президенттик шайлоого катышып, эл тагдырын чечүүгө, Кыргызстандын өнүгүүсүнө салым кошуңуз. Учурда интеллигенциянын деңгээли төмөндөп, сизге окшогон мыкты адистер көмүскөдө калып жатат. Бул биз үчүн абдан өкүнүчтүү болууда.

Урматтуу Кубанычбек мырза!

Алдыдагы президенттик кызматка катышсаңыз, биз өз добушубузду беребиз. Ошондой эле кызматка келгениңизде биздин көйгөйдү, жалпы карапайым кыргыз элинин көйгөйүн чечип берет деп ишенебиз.

Ош областынын тургундары:

Кадырова Дамира

Кочкоров Алайбек

Осмоналиев Авазбек

Тилегенова Саба

Атишова Идаят

Боромбаев Айтикул

үсөн кызы Айжан

Абдыкадырова Жазгүл

Көкчөева Калыскан

Кычанов Мухаммад Аким

Назаров Кубат

Коңурбаев өмүрбек

Төлөгонов Жолболду

Калышов Рустам

Туратов Кылыч

Кожошев Бакыт

Керимова Самара

Жолдошев Кубаныч

Мырзабаева Рахима

Ош шаарында жабыркагандардын «Өчпөс от» коому

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×