Добавить статью
10:18, 5 августа 2011 51316

Кыргызстан чет өлкөлөрдүн азык-түлүк товарларын өтө көп пайдаланган өлкөлөрдүн катарына кирет

Кыргызстан көз карандысыздыгын жарыялагандан бери 20-жыл өттү. Бирок чет өлкөлөрдөн ар кандай жолдор менен келген азык-түлүктүн сапаттуулугун, коопсуздугун көзөмөлдөөнүн жоктугу жетер чегине жетип, ар түрдүү зыяндуу чыгымдардын жана жугуштуу оорулар көбөйгөндүктөн анын алдын алууга кыргыз өкмөтү алсыз болуп жатат.

Ал үчүн күчөтүлгөн көзөмөлдү камсыздоону массалык маалымат каражатттары аркылуу «Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жөнүндөгү» мыйзам актыларын жана керектөөчүлөргө укуктары жөнундө түшүндүрүү иштерин жайылтуу керек. Мунун негизинде акырындап соода, бизнес, базар тарабынан жогорку деңгээлдеги кызматташуу багыты керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жагы камсыздалат. Бүгүнкү күндө азык-түлүк товарлардын жогорку деңгээлдеги сапаттуулугун камсыздоо бизге жана дүйнө жүзүнө таандык.

Бул туура чечим. Кыргызстан чет өлкөлөрдүн азык-түлүк товарларын өтө көп пайдаланган өлкөлөрдүн катарына кирет. Глобалдык масштабда соода сатык базарларда азык-түлүктүн сапаттулугун, коопсуздугун камсыздоо аздан болсо дагы өз актуалдуулугун жогото элек. Азыркы күндө биз алдыга карай жаңы талаптар жана жоопкерчилик менен өлкөгө дүйнөлүк соода сатык талаптарга ылайыктуу азык түлүктөрдүн келишине шарт түзсөк жаңы ийгиликтердин негизинде керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жагы камсыздалат. Үй-бүлөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо ар бирибиздин милдетибиз. Келечекте бул иштерди алдыга жылдырууга тынымсыз эмгек гана жеткирет. Ал үчүн жалпы элдик колдоо керек.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×