Добавить статью
11:05, 8 августа 2011 26722

Сотторду тандоо кеңешинин судьяларды тандоосун көрүп, нааразы болдук

Биз, «Кыргызстандын сотторун тазалоо» боюнча кыймылынын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык Сотторду тандоо кеңешинин түзүлүшүн жана алардын Жогорку сотко, Конституциялык палатага сотторду тандоосун көрүп, терең нааразы болуп, оюбузду элге жеткиребиз.

Сотторду таноо кеңешин тандоодо Жогорку Кеңеш одоно мыйзам бузууларга жол берди. Мыйзамга ылайык кеңешке талапкерлердин тизмеси маалымат каражаттарында жарыяланган жок. Жарандык коом өз талапкерлерин көрсөтө алган жок. Депутаттар өз тааныштарын, тууган-уруктарын «жарандык коомдон» деп киргизип коюшту.

Сотторду тандоо кеңеши Жогорку сотко 29, Конституциялык палатага 11 сотту тандашты.

2010-жылдын 12-апрелиндеги убактылуу өкмөттүн декретинде (№2) «Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун бийликти бир адамдын колунда бекемдөө боюнча аракети 2010-жылдын 6-7-апрелиндеги окуяларга жана К.С.Бакиевдин элге каршы режиминин кулашына алып келди». «Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту таркатылсын...» деп турат. Ал эми жакында эле Жогорку Кеңеш кабыл алган «Сотторду тандап алуу кеңеши жөнүндө» мыйзамда «мурда кемчиликтери боюнча кызматтан бошогон соттор жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери кайра сотко алынбайт» деп жазылып турат.

Бүгүнкү күнү, сотторду тандоо кеңеши тарабынан 2010-жылы жогорудагы декрет менен иштен кеткен А.Абдугапаров, Ч.Курбанова, Ө.Мамыров, Ч.Мусабеков, ошондогу Конституциялык соттун аппарат башчысы Т.Чилдебаев кайрадан конституциялык палатага сот болуп тандалып олтурат.

Ошондой эле, 2010-жылдын 28-июлунда президенттин Жарлыгы (№58) менен ишиндеги одоно кемчиликтери үчүн ишинен бошотулган Жогорку соттун судьялары А.Мухамеджанов, Э.Токтомамбетов, К.Турганбековдор кайрадан Жогорку соттун судьялыгына тандалышты. Бул судьялардын, Бакиевдин убагында Данияр Усеновдун тапшырмасы менен Кант цемент-щифер заводундагы мамлекеттик 13,7 пайыз акцияны казактарга кармата бергенин жакшы билебиз. Таң каласың! эмне, Кыргызстанды дагы эле Бакиев, Усеновдор башкарып жатабы?

Эртеңки күнү А.Мухамеджанов Жогорку соттун төрагасы болуп, А.Абдугапаров Конституциялык палатаны башкарып, убактылуу өкмөттүн улутташтыруу боюнча декреттерин жокко чыгарып, улутташтырылган объектилерди Бакиевдерге кайтарып бербейт деп ким кепил боло алат? Окко учкан эр азаматтарыбызды атып өлтүргөндөрдү соттобой, бошотуп жиберип, бизди дагы бир жолу кан жуткузбасын!

Урматтуу кыргыз эли! Бакиевдер келе жатат, сак бололу!

Биз президенттен Сотторду тандоо кеңеши тарабынан Жогорку сотко тандап алынган сотторду Жогорку Кеңешке сунуштабай, кайтарып берүүнү, Жогорку Кеңештин төрагасынан Сотторду тандоо кеңеши тарабынан Жогорку сотко тандалып алынган соттордун талапкерлерин Жогорку Кеңеште бекитпөөнү сурандык жана талап кылдык.

Эгерде талабыбыз аткарылбаса, Жогорку Кеңештин депутаттарынын 2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстандын келечеги үчүн жанын берген эр азаматтардын жаркын үмүттөрүн тебелеп-тепседи деп эсептеп, 2011-жылдын 15-августунан тартып массалык акцияларды баштоону жана Жогорку Кеңешти таркатуу боюнча 2011-жылдын 1-сентябрынан тартып элдик кыймылдын массалык иш-аракеттери баштоону чечтик.

Кыргызстандын келечегин ойлогон, калыс соттордун болушун каалаган, (соттордун адилетсиздигинен жабыр тарткан) кайдыгер эмес жигит, кыздарды катарыбызга чакырабыз! Келгиле, акыйкаттык үчүн бирге күрөшөлү!

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×