Добавить статью
6:13, 10 августа 2011 8787

Мелис жана Асланбек мырзага ачык кат!

«Айкын саясат» гезитинин 10-августтагы санында М.Эшимкановго жана «Учур» гезитинин башкы редактору Асланбек Сартбаевге ачык кат жарыяланды.

Урматтуу деп баштагым келбеди. Себеби, урмат менен сыйдан айрылган костюм шым кийген эки аялга кат жазып жатам. Өткөөл мезгилдин президенти Роза Исаковнага жагалданып эмес, «Бейиш эненин таман алдында” – деген өтө урматту пайгамбардын айтканына таянып баштадым. Орозо айында мусулмандар акаарат айтышпаш керек эле. Бирок, устаты Эшимкандын Мелиси менен шакирти Сарттын баласы  Асылганбек (Асланбек) колго калем алдырды. Жоругуң жолдо калгырлар Учур гезитинин 4-августтагы санына Роза Исаковнаны жайдак атка мингизип, купальникти кийгизип, анан адам баласы оозго алгыс адепсиз сөздөр менен Отунбаевага асылганыңар адепсиз-айбандыгыңардын жеткен  чеги болуптур. Ат кошчу болгон Мелис байкемен чыккан акыл ушул болгон болсо, анда айтыла турган сөз көп. Болбосо Аслан мырза өзү жазган болсо, Мотуев мырза редакцияңды өрттөп жиберсе да, чала дей турган көрпенде экенсиң эй! Мелис менен сени да эне төрөгөн. Эненин баркын билбеген силердей эшек, омей эштек байкелер коомду булгагандан башка пайдасы жок экенине көзүм жетти. Журт энеси болуп турган Роза эненин организминен айланган көрпенделер. Куруңарды мойнуңарга салып ыйык айда кечирим сурагыла эй! Антпесе тирүү болсо эненерге, «ат көрбөгөн Отунбаева минип өлтүрөбү”- деген макала жаздым деп, көтөрүп барып окуп берсеңер энеңер адам болсо, ак сүтүмдөн айлан дейт. Көзү өткөн болсо бейиши болгурлар кабырында каргап кала берет. Билимдүү, маданияттуу, бийликтин үч бутагынын бири болгон ММКнын бакандай бир гезитинин баш редакторунун кылган кылыгы ушул болуп жатса, аны көргөн, сабак алган эртеңки коом, эртеңки кыргыз журналистикасынын абалы айтпаса да түшүнүктүү. Кыргыздар айтмакчы, “бир карын майды бир кумалак чиритет” болуп, жалпы маалымат айдыңынын атына көө сүрткөн мындай көрүнүштөр күн санап өсүп баратканы мени өкүндүрөт.

Президент кандай болгон күндө да, улутубуздун жүзү. Качып кеткен, атып кеткен эркектерге караганда өткөөл мезгилде Роза Исаковна өзүнүн милдетин жогорку деңгээлде аткарып жатат деп ойлойм. Саналуу мезгил калгандыгына байланыштуу журт энесин, өлкө башчыбызды татыктуу узатсак деген тилектемин.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×