Добавить статью
3:40, 17 августа 2011 5940

Ырлар

Ким сулуу?

Жарыгын чачса күн сулуу,

Жакшы сөз айтса тил сулуу.

Жабыккан жүрөк жазылса,

Жан дүйнөӊ сулуу дил сулуу.


Акылман сөзүн айтышса,

Кемпир да сулуу чал сулуу.

Калыстык менен башкарып,

Калкына жакса Хан сулуу.

Кубулжуп сезим ээритсе,

Созолонгон үн сулуу.

Бейпилдик берип жыргатса,

Капкараӊгы түн сулуу.

Көк асманга көрк берип,

Көгөрүп жаткан көл сулуу.

Күнөөлүү пенде силерди.

Көтөрүп турган жер сулуу.

Кадырлап барктап сүйүшүп,

Баш кошкон эки жар сулуу.

Жазында беймаал жаабастан,

Кышында жааган кар сулуу.

Эзелтен баатыр чыдамкай,

Эр жүрөк кыргыз Эл сулуу.

Аскасы асман тиреген.

Ала - Тоом сулуу жер сулуу.

Жакшы түш

Жакшы түш көр, түшүӊө мен кирейин,

Арзып жазган ырларымды көркөм окуп.

Жөөлүп чык арзуу ырын угуп жатып,

Обон соз ырларыма түштөн чочуп.

Түшүӊө эгер кирсе жашыл аалам,

Издегин дербиш болгун аралаган.

Жашыл аалам ичине жашырынып,

Айбы, күнбү, же булут болуп сага барам.

Түшүӊө кирген болсо чалкыган көл,

Тереӊинен мени издебе суучул болуп.

Жазда келген ак куулардай учуп келип,

Кубуламын ойготомун сага конуп.

Түшүӊө кирген болсо көк мелжиген,

Ала-Тоо мөлтүрөгөн муздар тоңуп.

Бүркүтөй учуп жетем деп эӊсебе,

Эриймин мен агып түшөм тамчы болуп.

Жакшы түш көр түшүӊө мен кирейин,

Моюунуңаа асылып эркелейин.

Мөлтүрөп тамчы болуп агып келип,

Суулайын суусап турган ээриндериң

Күндү түш көр түшүӊө мен кирейин

Сүйүү берсем аласыӊбы?

Жүрөк толо сүйүү берсем аласыӊбы?

Жан ээритип жагар дары табасыӊбы?

Жарык күнүм, азем түнүм шаӊга бөлөп,

Жан дүйнөмө бакыт шамын жагасыӊбы?

Катылган сыр түйүнүн чечесиӊби?

Калк сыйлаган кадырыма жетесиӊби?

Кыяматта кыялбаган бири - бирин,

Кыз - жигиттей кадырлашып өтөсүӊбү?

Жүрөк толо сүйүү берсем аласыӊбы?

Жүрөгүӊө тумар кылып тагасыӊбы?

Түшүмдөгү арзуу сезим чынга айланып,

Түбөлүккө мени менен каласыӊбы?

Эркелегим келет менин

Багындым мен адамдык сапатыӊа,

Бааланбастан баштагыдай адатыма.

Жылдыз сымал жылуулук чачып өткөн,

Мас болупмун мамилеӊдин тазасына.

Эркелегим келет cага эркелегим.

Эске түшүп күлгүн кез секелегим

Эстен чыгып жаӊы эле таанышканым

Эзилишип эркелегим келет менин.

Эркелегим келет сага эркелегим,

Эсептебей өткөн өмүр мүнөттөрүн

Маани бербей айрыма жашыбызга,

Эзилишип эркелегим келет менин.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×