Добавить статью
6:59, 17 августа 2011 26101

Бизге мекенчил, жүрөгүндө жалы бар баатыр, кыргыз дегенде туу көтөргөн адам керек

Кыргыз эли-журтум эгемендүү болгон 20 жылда бири-бирин кайталаган татаал жолду басып өттүк. Анын далили ушул – акыркы 5 жылда эле эки жолу революция жасап, өлкөдөн эки президентти кубаладык. Акыйкат үчүн мойунга алыш керек - биз дале болсо мамлекеттүүлүктү түптөй албай жатабыз. 20 жыл эгемен болдук дегенибиз эле болбосо, жашоо-турмуш кыргыздыкы ошол эле бойдон, түндүк-түштүк, колот саясатынан чыга албай койдук. Эми ойлонолу, кыргызым, бизде баары бар. Кең байлык, суу, нефт, жаратылыш, энергетика - эми ар бирин санап отуруштун кереги деле жок деп ойлойм, бизге бир гана туура тандоо гана жетишпей турат. Бул кыргыздын эң чоң катачылыгы, себеби, бизге улутка күйгөн улутчул, коррупцияга малынбаган, колу канга малынбаган таза адам керек. Акылы ашкан окумуштуу, академикти да, же өтө мактагандай өндүрүшчү акылдуу адамдын кереги жок. Бизге элдин көйгөйүн түшүнгөн карапайым адамдын арасынан чыкса деле мейли, бирок жүрөгү ак, эл деп соккон адам эл башына келсе болду. Элибиздин турмушу жакшырып, баары өз ордуна түшөрүнө күмөнүм жок.

Мен да пайгамбар жашына келип калдым, көп жерде иштедим, көп тажрыйба топтодум, бирок эл арасында ак көңүл, ак жүрөк, жүрөгү эл деп соккон жөнөкөй эле, эл арасында кыргыз жараны бар, элдин уучу кур эмес деп ойлоймун. Биз ошондой адамды тандасак эл жана Кыргызстан эч качан жаңылбайбыз. Дале кеч эмес коңшу мамлекеттерден алдыга озуп чыгууга бүт шарттар бар. Элибиз ал үчүн акчага алданбаш, кооз сөздөргө ишенбеш керек, бийликке, байлыкка сатылбаш керек. Азыр президент болом деп каалоосун билдиргендер 80ден ашты. Чындыгында алардын арасында татыктуулары эки-үчөө гана. Муну жалпы эл көрүп, сезип турат. Эми ошол татыктуу деп эсептелген талапкерлердин оң-терс жактары коомчулукта кеңири талкууга алынып, алардын эл алдындагы кадыр-баркы кеңири сөз болушу керек.

Менин пикиримде, шайлоодо А.Мадумаров, А.Атамбаев, К.Ташиевдин талапкерлиги алдыга чыгат. Анткени Адахам Мадумаровдун өзүн алып жүргөнү жакшы, оратор, ал сүйлөгөндө адамды өзүнө тартып алат. Ал эми Алмаз Атамбаевдин да адамдык сапаты жакшы, өзүн да жакшы алып жүрөт. Ак көңүл, бирөөгө жамандыгы жок, интеллигент адам. Үчүнчү талапкер – Камчы Ташиев да ак көңүл, дардаңбай, интеллигент, эл-жери үчүн ачык күйгөн патриот.

Эми ушул үч талапкердин кемчилиги да бар. Адахан Мадумаров - кырс мүнөз, көп сүйлөп, кылган ишинин дайыны жок. Сөз көтөрүмдүүлүгү начар. Өзү бул жигит мамлекеттик 2-3 чоң жумуштарда жүрдү, бирок кылган ишинин дайыны жок, сүйлөгөн сөзүнө иши төп келбейт, оңтойлуу учур келсе элди, мамлекетти да сатып жибериши мүмкүн, бирок сүйлөгөн сөзү башка, иши болсо башкага чыгат. Жаңы идеяны жаратып, 10 адамдын башын бириктирип иш алып бара албайт, өзүнө же элге кыйынчылык түшкөндө, каттуу акырына чейин туруп бергенге жөндөмсүз адам. Бирок адамдын башын айлантып, гипнозго окшоп өзүнө каратып алганга өтө кудуреттүү киши. Ичкиликке жакын экенин айтып жүрүшөт.

Алмазбек Атамбаев - бул адам да ичкиликке өтө жакын, ичкиликти калаган маалда жумалап ичет деп айтышат. Анын ичип алып телевизордон чыгып сүйлөгөнүнө күбө болгонбуз. Бир жерде күлү додо боло элек. Жакшы эле кызматтарга келет. Бирок тез эле таарынып, айнып ишин таштап кете берет.

Мындай адам мамлекетти башкарууга жөндөмсүз жана мүнөзү жумшак. Кээде ыйлап да жиберет. Сүйлөгөн сөзү менен иши төп келбейт же жөнөкөй тил менен айтканда сөзүнө турбайт. Эркекче эмес, шартка жараша өзгөрүлүп кубулуп кетет.

Үчүнчү талапкер Камчыбек Ташиев - бул катаал мүнөз, көк бет, өжөр. Менин бир жакын адамым бул киши менен 2 жыл бирге иштешкенине байланыштуу кол алдында иштегендерге катаал мамилеси үчүн жана көктүгү үчүн өтө жаман көрөт экен. Буга бир мисал келтирейинчи: Аксыда көчкү түшүп, 12 адамды басып калганда өзү туруп алып МЧСтин адамдарына тамак да ичирбей, тындырбай, жектеп-тилдеп иштеткен экен. Ошондо ӨКМСде иштегендер нааразы болуп, эмне тамак ичирбей, тындырбагыдай уруш маалы эмес го, урушта дагы түштөнүү болгон, дем алган, анан иш болгон, деп айтышып нааразы болушканына күбө болгомун.

«К.Ташиев Ош-Бишкек жолунда көчкү түшкөндө, баарыбызды зордоп түнү менен ачууга буйрук берген, эки өтүктү бир өтүккө тыгат деп баарыбыз жаман көргөнбүз. ӨКМдин адамдары бирок ачып бүткөнгө үлгүргөнбүз. Ошто көп кабаттуу үй курганыбызда, эми силерге жалган мага чын, түнү-күнү иштеген биз, эй эл-журт бул адам эгерде башчы болуп келип калса, кудай сактай көр, элдин шору. Эки жыл ӨКМде иштегендердин шору болду эле, эми элдин шору болот, көбү иштеп жүрүп ден соолугунан айрылат, бул адам тындырбайт», деп айткан жакын адамдын сөзү эске түшөт.

Анан бул үч талапкерлердин уруулары да айтылып жатат. Адахан Мадумаров - түбү ичкилик экен, бул адамдын уруусу түштүк тарапта көп дешет. Алмазбек Атамбаев - түбү ичкиликмин дейт, же кытаймын дейт, же чүйлүк саруумун дейт, бул киши кайсыл жерге барса ошол жердин уруусунан болуп кетет экен. Камчыбек Ташиев - бул адам Багыш уруусунан экен. Уруусу көп жери Нарын тарап деп жүрүшөт, ошол жактан көчүп келген кыргыздардын катарына кирет. Ал уруучулга караганда улутчул экени байкалат.

Эми ушул үч адамдан эмнени күтүүгө болот?

Адахан Мадумаровдун жөндөмдүүлүгү өтө начар, жөндөмсүз мамлекетибизди сөздөн сүрүп чыгып кетүүгө мүмкүн эместей, эгер бул адам президент болуп келсе, Кыргызстан 20 жыл кандай жашаса, ошол бойдон калат, өзү менен баарын бүтүрүүгө белсенет, бирок колунан эч нерсе келбейт, аны иштеген тажрыйбасынан эле көрүп койсо болот. Ырас, эл алдындагы кадыр-баркы жаман эмес, себеби сөзү менен баарын ишендирүүгө мүмкүнчүлүгү өтө чоң жана шайлоодо өзгөчө куралы - бул тили болуп эсептелет.

Алмазбек Атамбаев - жөндөмдүлүгү жаман эмес, экономиканы да жакшы түшүнөт, ал бийликке администрациялык ресурсту пайдалануу аркылуу келет. Бирок ичип алып ишке келбөөсү жана кайдыгер мамилеси, кээ бир ишти шашпай чечүүсү терс таасирин тийгизет. Бул кишинин жөндөмдүүлүгүн эл журт айтпаса деле билип калды, себеби 7-апрелде көп нерсени аткарууга убада берген жана анын бири да аткарылбады, ошон үчүн эл өзү баа берсин. Атамбаевдин карапайым эл арасында эч кандай кадыр-барк жок, бирок чиновниктердин арасында кадыр-баркка ээ, себеби чиновниктердин «атаманы» азыр ушул адам.

Камчыбек Ташиевдин жөндөмдүүлүгү жаман эмес, бирок кыргыздын макалы бар «Токмок күчтүү болсо, кийиз пазык жерге кирет деген», бирок бул макал эл үчүн жакпайт, себеби элге эркиндик керек, ким билет бул адам Ислам Каримовдой диктатор болуп кетет, деп ойлошу мүмкүн, аны бир кудай билет. Эл арасындагы кадыр-баркы бар. Бирок бул адамды мен чиновникмин деген адам колдобойт, колдосо карапайым эл гана колдойт.

Жыйынтыктап айтканда, президент боло турган үч адамдын жакшы, жаман жактары боюнча айрым пикирлерди ортого салдым. Эми калганын жылуу сөзүнө же байлыгына, бийлигине карабай, эл өзү тандап алышыңа ишенемин. Биз 20 жыл тандоодон жаңылып келдик, эми жаш балдардын келечеги үчүн өзүбүз шашпай туруп тандообуз абзел, себеби өлкө жок болуп кетүү коркунучуда турат. Бизге жок болуп кеткенден кийин өзүнүн тили шириндерге же байлыгы-бийлиги барларга алданганыбызды кеч түшүнүп калбайлы. Бизге мекенчил, жүрөгүндө жалы бар баатыр, кыргыз дегенде туу көтөргөн адам керек.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×