Добавить статью
9:21, 18 августа 2011 32538

Манифестинен үзүндүлөр

Партиянын максаты – Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгын, эркиндигин, бүтүндүгүн чыңдоо, экономикасын өнүктүрүү, жалпы элдин турмуш деңгээлин дүйнөлүк үлгүдөгү стандарттарга алып чыгуу. Мамлекеттик бийлик бутактары менен элдин ортосундагы көп кырдуу мамилелердин бир сырдуу, туруктуу, салттуу, либералдуу эрежелерин түптөө.

Кыргыз либерал демократиялык партиясы жалпы инсандардын эркиндигин жана укуктарын демократиялык жол менен ишке ашырууну көздөп, Кыргыз Республикасынын атуулдарынын ынтымагын чыңдоо менен тынчтыкты, куттуулукту сактоого, биргеликте келечекти көздөй жашоонун жаңы жана ыңгайлуу шарттарын жаратууга, элдин жемиштүү өсүп-өнүгүүсүнө, ата-бабаларыбыздын барктуу салттарын колдоого, аларды заманга төп нукта өрчүтүүгө, катуу, адилеттүү элдик тартипти орнотууга, сыйлоого жана терең сиңирүүгө багытталган керектүү стратегиялык реформаларды алга сүрөөчү либерал демократиялык, туруктуу көз караштагы атуулдардын түзгөн саясий жамааты болуп эсептелинет.

Либерал демократиялык партиянын түзүлүшү – учурдун жана келечектин талабы. Акыркы 20 жылдык эгемендүүлүк доору элдин үмүтүн актай ала турган даражада натыйжа берген жок – текке кетти. Бул аралыкта бийликте турган эски көз караштагы кишилер элди адилеттүү башкарууга жөндөмсүз экендиктерин турмуш далилдеди. Эми жаңы муун, таза, билимдүү, кесипкөй, мекенчил, акылдуу, азоо жаштар демилгени өз колдоруна алуу учуру келди.

Партиянын Программасы

Мамлекеттүүлүктү чыңдоо (State-building)

Партия чек-араны бойлото жайгашкан айылдарга, шаарларга өзгөчө мыйзамдык макам берүү менен калкты отурукташтыруу саясатын жүргүзөт. Карым-катнашка ыңгайлуу болгон чөлкөмдөрдө (Торугарт, Эркештам, Каркыра, Маймак, Чоң-Кемин, Токмок, Кара-Балта, Ак-Жол, Чалдыбар, Арка, Кара-Бак, Бүргөндү, Халмион, Кызыл-Кыя, Кара-Суу, Маданият) кошуна өлкөлөр менен эркин, үргүлжү соода-сатык жүргүзүүнун борборлорун, заманбап терминалдарды ачат. Өлкөнү коргоого багытталган күч органдарынын басымдуу бөлүгүн чек-ара тилкелерине жайгаштырат. Бажы, чек-ара, ветеринардык, санитардык, салык, коопсуздук кызматтарынын ишмердүүлүгүн алардын милдеттерин аныктаган мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү менен элдин кызыкчылыгына төп келе турган нукка бурат.

Партия Кыргыз мамлекетинин өнүгүүсүнүн негизги булагы катары өндүрүштүн бардык тармактарын, ак, адал эмгектенүү, натыйжалуу чарба жүргүзүү жолу аркылуу өрчүтүүнү туу тутат. Негизги өндүрүш каражаттарын модернизация жасоону, жаңы технологияларды колдонуу чараларын тездетет жана чечкиндүү жетектейт. Кыргыз атуулдарынын чет-өлкөлөрдөгү бизнес ишмердүүлүгүн арттырууга ар-тараптан колдоо көрсөтөт жана алардын өз жерине инвестиция кылууга тоскоол болгон баардык чектөөлөрдү мыйзамдык негизде четтетет. Атуулдардын ак эмгеги менен арттырган жеке менчик мал - мүлктөрүнүн кол тийбестигин кынтыксыз камсыздоочу мыйзамдарды иштеп чыгат.

Мамлекетти башкаруу системасынын тунуктугу (Good and transparent governance). Атуулдардын мамлекеттик мекемелерден ак жана так маалымат алуу мүмкүнчүлүктөрүн кепилдейт. Мамлекеттик кызматтарга тартуу эрежелеринин ачык-айкын жүргүзүлүшүн камсыздайт. Мамлекеттик мекемелердин колтугуна кирип, бюджеттен кемирүү жолу менен жүргүзүлүп келген коррупциялык ишмердүүлүктөргө кескин жана толук бөгөт койуучу мыйзамдарды тез-арада кабыл алуу үчүн күрөшөт.

Жаратылыш жана руханий байлыктар. Мөңгүлөрдөн тартып, кен байлыктарды, жаратылыш ресурстарын, жаныбарлар дүйнөсүн, Ысык-Көлдөй ырыскыларын, Манастай асыл мурастарын, тарыхый, маанилүү үрп-адаттарыбызды көздүн карегиндей сактап, адам сапатын, анын жашоо деңгээлин заманга утурлап өстүрүп барууга кызмат кыла тургандай нукка буруунун жолун издейт.

Улут куруу (Nation-building)

Тил саясаты. Кыргыз тилин билүү деңгээлинин мыйзамдык ченемдерин киргизүү менен мамлекеттик тилдин этностор аралык баарлашуу тили катары калыптануусуна жана жаштардын эне тилин, өз ыктыяры менен тандаган келечектүү чет тилдерин терең үйрөнө билүүсүнө багытталган натыйжалуу чараларды иш жүзүнө ашырат.

Демократия (Democracy)

Адам укуктары, коопсуздугу жана сөз эркиндиги. Кыргыз атуулдарынын чыгармачылык ой жүгүртүү жана өз пикирин эркин билдирүү, интернет колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн арттырат. Жетим-жесир, майыптарды алпештеп укуктарын коргойт. Чагымчылардын сөз эркиндигине жамынып, Кыргыз Республикасынын ички иштерине кийлигишүүгө, атуулдарын басмырлоого, кемсинтүүгө, ынтымагына жарака кетирүүгө, бөлүп жарууга багытталган ичтен жана сырттан жүргүзгөн маалымат согуш аракеттерине, сепаратисттик, фашисттик, шовинисттик, террористтик, экстремисттик көз караштарды таңуулоого, үгүттөөгө каршы адекватуу, ачык жана чечкиндүү алдын алуу чараларын көрөт.

Либералдык маркет экономикасы (Liberal market economy)

Ар-бир инсандын эркин эмгектенүүсүн, эркин, чыгармачылык, таза атаандаштык негизде, эркин соода экономикасынын эрежелери алкагында эркин бизнес жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрун толук камсыздайт. Ар бир адам өз жашоосуна өзү гана, мамлекеттин кийлигишүүсүз, жоопкерчиликти алат. Өлкөдөгү экономикалык иш аракеттерге мамлекеттин болушунча аз катышуусу жана таасир этүүсү, максималдык дерегуляциясы атуулдардын жана ишканалардын тиричилигине жеңил шарттарды түзөт, алардын жыргалчылыгынын өсүшүнө жол ачат. Партия бул принциптерди жана дагы башка либералдык баалуулуктардын баарын турмушка сиңирет.

Монополияга каршы мыйзамдарды тактайт, так ишке ашырат жана либералдык экономикалык эрежелер коомго отурукташкан соң мамлекеттик антимонополиялык кызматты жойууга жетишет.

Инфраструктураны - жол, транспорт, байланыш, телекоммуникация, энергетика, таза суу, сугат, токой, жайыт тармактарын, туризм очокторун, сезондорун, географиясын мамлекет менен адамдардын, менчик өндүрүшчүлөрдүн ортосундагы мамилелерди жөнгө салуу аркылуу тез жана сапаттуу өрчүтүүгө, өнүмдүү пайдаланууга шарт түзөт.

Экономиканын оор, консервативдүү агрардык секторун либералдаштырууга өзгөчө көңүл бурууга мажбурбуз. Партия калктын 2/3 бөлүгүнүн тагдырын чече турган агрардык бизнести чечкиндүү түрдө колдоп, молчулукту жана токчулукту камсыздоонун натыйжалуу механизмдерин, иреттүү, даяр Улуттук агрардык саясатын жарыялайт. Айылдыктардын баарына тең, калыс лизинг кызматын, микрокаржылык кызмат көрсөтүү тармактарын кенен өрчүтүүгө тоскоол болгон мыйзамдарга тиешелүү өзгөртүүлөрдү тез-арада киргизет. Бийик тоолуу аймактардагы мал чарбачылыгын, токойчулук, дыйканчылык өндүрүш маданиятын, айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнү өрчүтүүгө арналган максаттуу иш-чараларды турмушка ашырат. Фермерлердин ири өндүрүштүк ассоциацияларга, кооперативтерге ыктыярдуу биригүүсүн колдойт. Менчик машина-трактордук станциялардын (МТС) калыптануусуна кенен жол ачат.

Тышкы саясат (Foreign policy)

Кыргыз мамлекетинин дүйнөдөгү баардык мамлекеттер менен достук жана кызматташтык мамиледе болуусун, Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын кынтыксыз камсыздайт. Журт тышынан келген туристтердин эркин саякат жасоосун жана Кыргыз атуулдарынын дүйнөнү эркин кыдырып үйрөнүү, туристтик жана ишкердик зыярат жасай билүүсүнө кенен жол ачып берет.

Журт тышында жүргөн мекендештерди, мигранттарды колдоо. Журт тышында жүргөн атуулдардын коопсуздугун камсыздоого багытталган эл аралык таасирдүү келишимдерди түзүүгө өзгөчө көңүл бөлөт. Жаштардын өздөрү тандаган дүйнөдөгү алдыңкы саптагы окуу жайлардан билим ала билүүсүнө, эл аралык маанидеги мекемелерде, уюмдарда, алдыңкы өндүрүш ишканаларында иштөөгө умтулган аракеттерине көмөктөш болот.

Мүчөлөр (Membership). Партиянын ар-бир мүчөсү өз каалоосуна, ыктыярына, жөндөмүнө, кесибине, кесипкөйлүүлүгүнө, мээнетине, ишмердүүлүк салымына, мүнөзүнө, мүмкүнчүлүктөрүнө жана муктаждыктарына жараша адамгерчиликтүү, адилеттүү мамилелер алкагында, Уставда белгиленген шайлоолор аркылуу, өз ордун ээлейт.

Партиянын баардык мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын атуулдары катары таанылып, тең укуктуу болуу менен биргеликте иш алып барышат, жынысына, этностук тобуна, өңү-түсүнө, диний көз-караштарына, курагына, уруусуна, туулган жерине карата бөлүнбөйт жана кемсинтүүлөргө дуушар болбойт. Ошондуктан эч кимге, эч кандай квоталык орундар, чектөөлөр, өзгөчөлүктөр же артыкчылыктар берилбейт.

Партия өз ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык жана кабыл алынган мыйзамдардын чегинде жүргүзөт.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×