Добавить статью
11:27, 23 августа 2011 58970

Ош шаардык кеңешинин шайлоосун президенттик шайлоодон кийин өткөрүүнү жаштар суранууда

Ош шаарындагы «Прогресс» жана «Батыл» жаштар уюмдары шаардагы стабилдүүлүк, элдин тынчтыгы үчүн 9-октябрга белгиленген Ош шаардык Кеңешинин депутаттарын шайлоону президенттик шайлоодон кийин өткөрүүнү суранып президентке, Жогорку кеңешке жана борбордук шайлоо комиссиясына кайрылышууда.

Коомдук уюмдардын пикири боюнча былтыркы коогалуу окуялардан кийин жарасы жакшы айыга элек Ош шаарында Президенттик шайлоодой чоң саясий окуянын алдында шаардык кеңештин шайлоосун өткөрүү туура эмес. Анын үстүнө жаңы баш мыйзамда шаардык кеңештин ыйгарым укуктары бир топ чоң болгондуктан бул органда көпчүлүктү түзүүнү каалаган саясий топтордун ортосундагы күрөш күчөп, курч мүнөзгө айланууда. Саясий атаандашуулар өз кезегинде ансыз да кооптуу болуп турган улуттар аралык мамиленин бузулушуна да алып келиши мүмкүн.

Ошондуктан шаардык кеңештин депутаттарын шайлоону президенттик шайлоону өткөрүп, элде ишеним, коомдо стабилдүүлүк жаралгандан кийин өткөрсөк эч нерсе уттурбайт элек дейт кайрылууда жаштар уюмдары.

Кайрылуунун экинчи бөлүгүндө шаардык кеңештин депутаттарын партиялык тизме менен эмес, бир мандаттуу округдардан шайлоо абдан туура болоорун белгилешкен. Анткени, шаардыктардын көйгөйлөрүн көтөрүшүп, чечүүдө, аларга жардам берүүдө бир мандаттуу округдардан шайланган депутаттардын элге кшбүрөөк пайдасы тиймек. Партиялык тизме менен келген депутаттар элди эмес, өзүнүн саясий тобунун кызыкчылыгын гана коргоп калат. Андан да маанилүүсү ар түрдүү социалдык катмарлар, улуттук азчылык өкүлдөрү өз өкүлдөрүн шаардык бийликке шайлоо аркылуу суроо-талаптарын канааттандырып турмак. Бул өз кезегинде коомдогу тең салмактуулукту сактоого шарт жаратмак-дейт кайрылуу ээлери.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×