Добавить статью
6:14, 25 августа 2011 6573

Мени таң калтырган дүйнөнүн бир да мамлекетинде жок Кыргызстандагы жоруктар

(1-бөлүк):

1. Кыргыз Өкмөтүнүн алдындагы монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин дайыма бизге берип турган Кыргызстандагы баалардын көтөрүлүп жаткандыгы боюнча статистикалык маалыматы.

Менин жеке оюм боюнча бул маалыматты биз Улуттук статистика комитетинен алышыбыз керек эле же алар билдирип туруш керек эле. Ал эми монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги буга каршы күрөшүш керек эле. Мындай көрбөй жатабыз. Ошондуктан бул агенттиктин Кыргызстан үчүн кереги жок, анын ордуна бюджеттик тармакта иштегендердин жана пенсионерлерге ошол агенттикке бөлүнгөн бир жылдык акчасын ар жыл сайын бөлүп турса, ошондо баалардын кымбатташы боюнча иш жүргөн болот эле.

2. Кыргызстандагы маалымат каражаттарынын (айрыкча гезиттердин) Кыргызстандагы бийлик башында турган адамдардын карамагында тургандыгы.

Биз Кыргызстанда маалымат эркиндиги деп жатабыз, жок, маалымат эркиндиги эмес, бул маалымат көз карандылыгы (биз мамлекеттен көз карады болбосо эле сүйүнүп жүрөбүз). Мен ушул көз каранды гезиттерде иштеген журналисттерге боорум ооруйт, айрыкча жаңы жогорку окуу жайын бүтүп келгендерге. Булар өмүр бою көз каранды болуп калбаса экен, начар адамдарга.

3. Кыргызстанда алгылыктуу иштеген, чет өлкөдөн инвестиция тартып келген ишкерлерди ар бир революция сайын (бийлик башындагыларга чоң суммада акча төлөп, бизнестин бир бөлүгүн бербесе) куулуп кетиши. Ошондуктан азыркы Президент кыска убакытка шайлангандыктан Кыргызстанга инвестиция тартуу же жаңы ишкана ачууга мүмкүн эмес. Кийинки Президент жок дегенде бир мөөнөт толук иштесе экен, менин инвестор досум экөөбүздүн күткөнүбүз ушул. Кыргызстанга жок дегенде 5 жыл биз жана бизге иштеген адамдар бир аз болсо да жакшы жашап алсак. Бул Кыргызстандын бюджетине аз болсо өз салымын кошмок.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×