Добавить статью
10:27, 25 августа 2011 7817

Кароосуз калган системалык администраторлор

Урматтуу КРнын Президенти, Эл өкүлдөрү болгон Жогорку Кеңештин депутаттары жана Премьер- Министри. Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөгү мыйзамды кабыл алдыңыздар. Кабыл алынган мыйзамыңыздар иштебесе эмне үчүн кабыл алдыңыздар? Жогорку Кеңеште кабыл алынган мыйзамдын баары эл үчүн эмес, жеке өз кызыкчылыгыңар үчүн кабыл алынып жатат. Учурдагы Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөгү мыйзамды аткаруу боюнча КРнын Өкмөтүнүн 12.07.2011-жылдагы №383 токтому да чыгып, бирок ал токтом аткарылбастан кагаз бетинде жатат. Эң жогорку даражалуу болгон кызматтарда олтуруп, өзүңүздөрдүн ынтымак, адилеттүүлүк, абийириңиздер жок, өзүңүздөр кабыл алган мыйзамдарды өзүңүздөр иштете албайсыздар дагы эң төмөн болгон кызматчылардан мыйзамдын аткарылышы боюнча маалымат сурайсыздар. Сиздердин азыркы учурдагы иштеп жаткан абалыңыздар элибизде накыл сөз бар “көп суур ийин казбайт, казса да казган ийинине батпайт» дегендей иштеп жатасыздар. Бийликтин баркын да, ыркын да чыгарган сиздер болдуңуздар.

Мындай нааразычылык кат түрүндөгү маалыматты таркатууга мыйзам, токтомдордун өз деңгээлинде аткарылбашы себеп болуп жалпы системалык администраторлор (республика боюнча 58 системалык администратор) билдирип жатабыз. Ушул күнгө чейин Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөгү мыйзамында жана КРнын Өкмөтүнүн 12.07.2011-жылдагы №383 токтомунда көрсөтүлгөндөй системалык администраторлордун маселеси чечилбей келет. Мыйзам чегинде төмөндөгүлөрдү чечип беришсин:

1.Системалык администраторлор азыркы учурда Борбордук Шайлоо комиссиясынын курамында эмес же райондук жана шаардык мэриялардын курамында эмес, кызматы жок адамдардай жүрөт.

2.Эмгек акыны кайсыл тарап төлөйт эч белгисиз. Айрым системалык администраторлор 15-июлдан райондук жана шаардык мамлекеттик администрациялардан бөлүнгөн. Бирок эмгек акысы жок иштеп жатат. Ким төлөйт?, эмгек акысы канча болот? белгисиз.

3.Аймактык шайлоо комиссиясынын өкүлү үчүн ар бир аймакка бирден штат ачылган. Бул ашыкча чыгым. Аны ачкандан көрө ошол акчаны системалык администраторлорго бөлбөйбү. Алар келсе эмне иш кылат белгисиз. Алар жөн олтурганы үчүн эмгек акы төлөнөбү? Бардык шайлоого тийешелүү жумуштун баарын системалык администраторлор, райондук жана шаардык шайлоо комиссиянын төрага (төрайымдары), айылдык округдун жооптуу катчылары, райондук, шаардык паспорт- виза жана жарандык актылардын абалын каттоо бөлүмдөрү биргеликте бүтүрүшөт.

Ушул маселелерди тез арада чечип берсеңиздер. Ушул күнгө чейин чыдап иштедик. Эгерде тез арада чечпесеңиздер жалпы системалык администраторлор да иш таштайбыз. Борбордук Шайлоо комиссиясынын түзгөн “Эмгек келишими” канааттандыраарлык эмес. Ал келишимде системалык администраторлордун эмгек акылары жана кызматы, кызмат мөөнөтү так, толук көрсөтүлгөн эмес.

Бул маалыматты республика боюнча жалпы системалык администраторлор жазып билдирет.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×