Добавить статью
9:21, 26 августа 2011 45256

2011-ЖЫЛДАГЫ УЮШТУРУЛУП ЖАТКАН АЖЫЛЫК МААЛЫМАТЫ
(АУБдун ТАЗА КОРРУПЦИЯЛЫК СХЕМАСЫ)

1. КМДБнын Ажылык Умра Борбору – эмненин негизинде, кантип түзүлдү? Уламалар Кеңеши же КМ Курултайынын уруксаты мененби? (Кайсы КМнын атынан коомдук көзөмөл кылуучу, байкоочу, текшеруучу уставдык жоопкер органы болуп, анын курамы 11-17 мусулман Коомдук жана диний ишмерлерден курамдалыптыр. Кайсы мусулмандар 11-17 адамга бул укукту бериптир).

2. КРнын Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө мыйзамдар Ажылыкты КМДБ уюштурсун деп так, айкын жазылган. (Ажы-Умра Борбору юстициядан катталып юридикалык укука ээ).

3. Калькуляцияда бардык чыгымдар 2100 $ ашпаш керек эле. АУБдун калькуляциясы боюнча 2600 $ көрсөтүлгөн. 500 $ айырмачылык кайдан келип чыкты?

4. АУБга топтолгон – 1300 660 $ эмне себептен бечара, карапайым, ышкын сатып тыйындан сом кылган Ажыга барчу мусулмандын чөнтөгүнөн алынсын?

5. VIP Калькуляция Кыргызстан мусулмандарына берилген квота чет элдиктерге ыйгарылат? Кыргызстандык мусулмандардын укуктарын тебелеп. (VIP Калькуляция – 4600 $). КР кайсы мыйзамында чет элдик граждандар КМна берилген квота-виза менен ажыга бара алат деп жазылган?

6. АУБдун счетунда канча акчасы бар экен? (сом, доллар)

7. АУБдун максаты эмне? (Ажылык сапарды күнөөсүз кылмышсыз таза уюштурулуусун камсыздоо, каражаттык ысырапкерчиликке жол бербөө, чыгымдарды сарамжалдуу жумшоо, мусулмандар укугун, коопсуздугун коргоо, ыктыярдуу алынуучу кайрымдуулук каражаттарды шарият боюнча жыйноо болуп эсептелет. ВАКФка). Бул жердеги силердин максатыңар мусулмандардын чөнтөгүнөн ачык-айкын акчасын тартып алуу жана ВАКФка зордуктоо жолу менен акча төктүрүү болуп жатпайбы!

8. ВАКФ – Бул диний термин, Алланын жолуна өз ыктыяры менен жардам кылуу. Эгерде ажыга баруучу АУБдун шартына жараша өз ыктыяры менен ВАКФка акча төкпөсө, ал автоматтык түрдө АУБ – 2 формага киргизилбейт, ажыга барбайт деп жазылган силердин китебиңерде.

9. Бийликти бир колго мыйзамды бузуп алуу (Узурпация власти). АУБдун директору Чубак Тажибаевич чечүүчү маселеде 22 пункт боюнча бийликти өз напсисине алып алган.

10. Трайбализм – жердешчилик. АУБдун директору Чубак, менеджери Асан Сыргабаев, АУБдун уюштуруу кеңешинин мүчөсү, идеолог – Нематулло Жээнбеков жездеси, главный бухгалтери – Марат Усупов (баарысы - Мундуз).

11. Усупов Марат – былтыр КМДБнын башкы бухгалтери болуп иштеп жүргөндө КМДБнын кассасынан 500 000 сомго жакын мыйзамсыз акча жеп коюп, 3 экземпляр АКТтын негизинде иштен четтетилип, каражатты ордуна койом деп муфтияттын дубалынын ичинен тополоң сыртка чыккан эмес. Себеби карга-карганын көзүн чукубайт болгон. КМДБнын кызматкерлеринин текшерүүсүндө жазылган 3 экземпляр АКТ Чубактын колуна тапшырылган жана эч кандай чара көрүлбөстөн кайрадан АУБга башкы бухгалтер болуп, экинчи кол коюу жана Чубактын буйругу менен ишке алынган.

12. Темишов Базарбай – КМДБнын мурунку фатва бөлүмүнүн башчысы Жалилов Ч.Т. 26.05.2010. фатва № 049-10 негизинде Темишов Базарбайга таандык «Ааламдашуу шартындагы Ислам маданиятынын аксиологиялык ченеми» деген эмгегинде авторефератын карап чыгуунун натыйжасында 15 беттеги жазууларына Чубактын түшүнүгүндө 33 миң сахаба Курандын авторлору деген маанини айткан. Башка дагы китептеринде мындан башка дагы ширк катары эсептелген, орой калпыстыктар орун алган.

13. АУБга ажы башчыларды тандоодо ыпылас оюндар адилетсиз, коррупциялык схема менен өттү.

Ажы башчыларды тандоого 189 ажы арыз менен кайрылган.

Тест сынагынан 36 адам жыгылган. (Топбашчылыкка ушулардын ичинен да кабыл алынган).

Ажы башчы лицензия алуу укугуна 51 адам утуп чыкты. (Кандай жол менен?)

Топ башчы укугуна 63 адам утуп чыгыптыр. (Кимдер, эмненин негизинде?)

39 адам тестке катышууга келген эмес. (Топбашчылыка ушулардын ичинен да кабыл алынган).

Ажылыкка тиешеси жок бир канча адам топ башчылыкка Чубактын жана Асан Сыргабаев, Нематулла Жээнбековдун көрсөтмөлөрү менен дайындалган.

Облустардын Казылары бардыгы биригип, ар бирине 80ден квотаны өздөрүнүн адамдарын киргизүү үчүн Чубак тарабынан бөлүнүп берилген.

Уюштуруу комитетиндеги Муфтийдин орун басарлары менен Чубак эч кандай кеңешпестен эле АУБдун комиссиясы менен чечип турган.

14. Авиа каттам боюнча Кыргыз Транс Авиакомпаниясына Чубак Жалилов менен Асан Сыргабаев депозит койдурганы өздөрүнүн спонсору Афганистандын атуулу Саид аттуу адамды 2 млн $ күрөө коет деп алып барышкан. Авиа билеттеги 1450 $дан ашыкча 300 $ ушул үч адамдын ортосундагы сыр бойдон калууда.

15. Быйылкы ажылык сапарындагы жалпы чыгым 51 ажы башчылардын калькуляциясы боюнча 2100 $ -2200 $ чейин эле болуусу керек эле.

16. 2011-жылы боло турган Ажылык – Умра Борбордун КМДБнын Муфтияттык курамы:

1) Чубак Жалилов - КМ муфтийи,

2) Ибайдулла Сарыбаев – муфтийдин 1-наиби,

3) Мамбетасан Ибраев – Муфтийдин наиби,

4) Саясат Асанов - Муфтийдин наиби,

5) Лугмар Гуахунов - Муфтийдин наиби.

Ажылык – Умра Борбордун Уюштуруу Кеңешинин курамы:

1) Төрөбай Зулпукаров – УКнын төрагасы, ЖКтин депутаты-СДПК,

2) Акылбек Жапаров – УКнын мүчөсү, ЖК депутаты – Ар-Намыс,

3) Малик Осмонов - УКнын мүчөсү, ЖК депутаты – Республика,

4) Турат Мадылбеков - УКнын мүчөсү, ЖК депутаты – Ата-Мекен,

5) Надира Нарматова - УКнын мүчөсү, ЖК депутаты – Ата-Журт,

6) Ниематила Жээнбеков -, Муфтийдин кеңешчиси,

7) Базарбай Темишев - УКнын катчысы, илимий эксперт,

8) Бакыт Нурдинов - УКнын мүчөсү, юрист-укук коргоочу,

9) Пазыл ажы Жайчыбеков - УКнын мүчөсү, юрист-экперт,

10) Акин Токталиев - УКнын мүчөсү, юрист-экперт,

11) Талант Алмаматов - УКнын мүчөсү, коомдук эксперт,

12) Жамал Фронтбек кызы - УКнын мүчөсү, коомдук ишмер.

Жогорудагы тизмедеги адамдар быйылкы 2011-жылдагы ажылык сапарында бечара, карапайым, тыйындан сом кылып топтогон, ар жылы ышкын терип, ышкын сатып, өмүр бою пенсиясын топтоп Аллахтын бешинчи парзын, ажылыкты аткарам деген мусулмандарга тоскоол кылып, акча маселесин жеңилдеткендин ордуна кайра баасын көтөрүп, адамдардын эсебинен АУБ деген балээни тузуп, 1 300 660$ды мажбурлап рэкет жолу менен топтоого көзүн жумуп уюштурам деген адамдар – ушулар! Ушул мүчөлөрдүн ичинен мусулмандарга быйыл арзан кылалы деп жан күйдүргөн, каршы турган Төрөбай Зулпукаровго, Турат Мадылбековго Алланын ыраазычылыгы болсун.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×