Добавить статью
8:12, 29 августа 2011 18178

Президент дагы соодалаштыбы?

Кыргыз Республикасынын президенти Р.Отунбаева  Судьяларды тандоо кеңеши КР Жогорку сотунун судьялыгына жактырып, сунуш кылган 29 талапкерди  19-августка чейин Жогорку Кеңешке сунушташы же кайтарышы керек эле. Бирок, президент да соодалаштыбы, талапкерлердин тагдыры августтун аягына чейин белгисиз бойдон калды.

Президент Конституцияга каршы, мыйзамсыз түзүлгөн Судьяларды тандоо кеңешин таанып, 29 талапкерден 14 судьяны тандап алып, Жогорку Кеңешке сунуштады деп уктук. Бул иштер эмне үчүн жашыруун болуп жатат? Бакиевдер менен сүйлөшүү болуп жатабы? 2008-2009-жылдары Бакиев Жаныш, Марат, Максим сотко алып келген Д.Арстанбаеванын, Ж.Байзуллаеванын, А.Давлетовдун, К.Апаитованын, М.М.Оморованын, А.М.Ажибраимованын президент тарабынан Жогорку Кеңешке сунушталышын кандай түшүнсөк болот? М.А.Осмонкулов бир эле кезде Жогорку соттун төрагасынын орун басары, Соттор кеңешинин төрагасы болуп, өзү мыйзам бузуп отурса, К.Эсенканов деген 2010-жылы УӨ Декрети менен Конституциялык соттон бошотулган адам.

Президент мыйзамсыз ишке баргандыгы учун кызматынан моонотунон мурда кетууго тийиш.  Эгерде Жогорку Кенеш бул талапкерлерди бекитсе, Парламент таркатылууга жатат.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×