Добавить статью
5:39, 30 августа 2011 6451

Мени таң калтырган Кыргызстандагы дүйнөнүн бир да мамлекетинде жок жоруктар (2-бөлүк)

Мени чет өлкөдө иштеп келген эмгек мигранты катары таң калтырган Кыргызстандагы дүйнөнүн бир да мамлекетинде жок жоруктар (2-бөлүк):

1. Кыргыз Республикасында Конституцияларга өзгөртүүлөрдү киргизип жүрүп көнүп калгангабы, орозо тартибине да өзгөртүү киргизет окшойбуз. Себеби ушунча күн орозо кармап, качан бүтүшүн билген жокпуз. Бизде орозо да саясатташып кеткенби? Мүмкүн 1-сентябрдан 2012-жыл башталышын да күтүүгө болот окшойт?

2. Улуу Манас атабыздын эстелигин орното электе (мүмкүн башкасын орнотоор) айтаарым. Мен буга чейин бул Улуу атабыздын элесин Филармониянын алдындагы эстеликти элестетип «улуу кыргыз Манас атам» деп, ошол менен жашачумун. Бул эстелик мектепте окуган китептердеги Манас атабызга окшош болчу. Бирок бул эстеликти көрүп, «улуу Манас атабыз, көрсө, башка улутка окшош болгон экен» деп, башым маң. Мен уулума кантип жооп беришти билбей отурам.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×