Добавить статью
7:26, 9 сентября 2011 24144

Келечекти каралоо жана көрө албастык

«Бүгүнкү күндө Кыргызстаныбызды жаштардын деми күчү алдыга карай сүйрөп бара жатат» деп президент Р.Отунбаева жаштардын коомдогу ролунун эбегейсиз зордугун мойнуна алганы бар.

Чындыгында эле жаштарга мамлекеттик кызматтарга ишеним көргөзбөй «жашсынар» деген таризде маани бербей жүрүп ахыбалыбыз начар абалга келгенин кайда катабыз?

7-апрелдеги окуядан соң жаштардын мамлекеттик кызматтарга тартылышы жана эл тарабынан ишеним көргөзүлүп, жакында өткөн шаар мэрлерин шайлоодо жаштар да четте калбай чон шаарларга мэр болуп шайланышканы, элибиздин жаштарда гана ишеними, илгери үмүтү калганын далилдеп турбайбы.

Райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдерди шайлоо жакындаган сайын интригалар күчөп, кээ бир улуу агаларыбыз адатынча эски көнгөн ыплас «приемдоруна» салып бирин бири шыбай баштаганы жаштардын ирээнжисин келтирип «тфу» деп жерге сая түкүрүп жаткан кездери. 7-сентябрьда кээ бир массалык маалымат каражаттарында чыккан макалада Сузак районунун акиминин милдетин аткаруучу жаш лидер Нурболот Мирзахмедовду коомчулука жаман көрсөтүү аракети болгондугун байкап биз жаштар өз оюбузду айтып коюну туура таптык.

Макалада Ош-Бишкек жолундагы Сузак районуна кире бериш жердеги жазуунун тамгалары түшүп калган, ондоп койсо болмок, элдин баары ошол жазууну көргөндө күлүп жатышат деп дооматтарды койгон. А чындыгында түшүп калган тамгалар өз убагында, башкача айтканда, 12-август күнү эбак эле оңдоп-түзөлүп, реконструкциядан өткөнүн ошол «кара пиарщиктер» эле көрбөсө, элдин баары эле көрүп жүрүшпөйбү. Макалага кошуп тартылган сүрөт эски, мындан бир ай мурунку сүрөт экенин баса белгилегибиз келет.

Урматтуу аким болууну эңсеген агалар, бирөөнү жаманатты кылбай өз күчүңөргө, билимиңерге, тажрыйбаңарга таянсаңар жакшы болмок. Аз гана убакыттын ичинде жаштыгына карабай элдин ишенимине кирип, Сузак районунун өнүгүп-өсүшүнө зор салым кошуп, жалындаган жаштыгын элине арнаган, жаш лидерди жаштар колдоорубузду билдиребиз.

Кыргызстандын бүгүнкүсү, эртеңкиси жаштардын колунда!

Сузак району, Таш–Булак айылы

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×