Добавить статью
5:07, 12 сентября 2011 26612

Кичинекей өлкөнүн укугу чоң болот, эгерде туура колдонсо

Мен 1-сентябрда «Фергана ру» эл аралык агенттигине чыккан «Вопрос вопросов: Кто сядет на киргизский наркотрафик?» аттуу макалага кыргыз бийлигинин унчукпай койгонуна таң калдым. Ал жерде журналист Николай Левин Орусиянын атайын кызматына шилтеме жасап, Ооганстандан жыл сайын 20-25 тонна героин опий Тажикстан-Кыргызстан аркылуу өтүп жатканын айтып, ошол наркотрафикке кыргыз укук коргоо органдарынын жана саясатчыларынын байланышы бар экендигин, ошонун ичинде Жогорку Кеңештин лидерлеринин бири «Ата-Журт» фракциясынын лидери Камчыбек Ташиевге өзгөчө көңүл бурулган. Бул макаланын кыргыз президентин шайлоо астында чыгышы жана кыргыз парламентинин лидерлеринин бирин атайын каралышы 2010-жылдагы парламенттик шайлоо учурунда Текебаевди каралаганга окшошконсуп турат. Башкача айтканда, Орусия баягы адатындай өздөрүнө караштуу ММК аркылуу аларга ыңгайсыз саясатчыларды, ошонун ичинде патриот лидерлерди каралоо менен шайлоодон өткөрбөгөнгө жасаган аракеттери деп бааласа болот.

Эгерде чынында эле Ташиев ошондой кылмышкер болсо, Кыргызстандын укук коргоо органдары эмне унчукпайт? Акыркы убакта жүздөн ашык ОПГны камадык дешип мактанып жатпайбы.

Баарынан кызыгы жана өкүнүчтүүсү Кыргызстандын тиешелүү органдары оозуна бир нерсе салып алгансышып унчугушпайт, кур дегенде ТИМ Орусиянын элчисин чакырып алып түшүндүрмө талап кылып койбойбу, эмне үчүн кыргыз бийлиги орус элчисине орден берет, качанкыга чейин эле кошоматтан арылбайбыз? Эгерде ушуга окшогон аттуу-баштуу лидерледи тебелете берсе, анда Орусияда жашап иштеп жүргөн миңдеген кыргыз жарандарынын укугу корголбойт. Мен акыркы 20 жылда кыргыз өкмөтү тарабынан, ошонун ичинде ТИМ тарабынан ЕККУнун жыл сайын өтчү Варшавадагы адам укугун коргогон конференцияда Орусиядагы кыргыз мигранттардын миңдеген кыргыздар кулчулукта, адамга жакпаган шарттарда жашап жаткандары тууралуу, Орусиянын укук когоочу органдары тарабынан мыйзамсыз кармалууга, камакка алынган кыргыз жарандарын кордоого дуушар болуп жаткандарына карабай, Кыргызстандын тиешелүү органдары унчугуп да коюшпайт. Президент баш болгон КМШ өлкөлөрүнүн жолугушууларында мындай маселелер эч качан козголбойт. Бийлик башчылар Сураганы эле экономикалык жардам. Ошол эле убакта Орусиянын адам укугуна каршы саясатын, демократияны басынткан саясатын ар дайым колдоп жүрүшөт. Мен ойлодум эле, биздин өлкөгө, өлкө башчы болуп демократияны сүйүп, адам укугун сыйлаган, тажрыйбалуу дипломат келгенден бери бул тарапта өзгөрүүлөр болот деп, тилекке каршы андай болгон жок. КМШ өлкөлөрүнүн астында ушул маселелер көтөрүлө баштайт го деп үмүт жасадык эле ,тилекке каршы мындай өзгөрүүлөр болгону билинбейт. Тескерисинче, өлкө башчылары кыргыз жарандарын тепкилеп каралап жок кылгандарга көмөктөшкөнү же өздөрү сурап жаткансыйт. Болбосо кандай деп түшүнсө болот. Ташиевди расмий органдарга таянып тепкилеп жатса кур дегенде каяша айткандын оордуна орден берип жатышканын кантип түшүнөбүз.

Менин бул жигит менен эч кандай тааныштыгым да жок, тескерисинче, бул жигит бир кезде мени сотко берем деп жүргөндңрдүн бири, бирок мен үчүн кыргыз жаранынын укугу тебеленгенине нааразычылык билдиргим келет. Кыргыз жараны, патриоту катарында ай тып коюну туура кордум. Бул эмнени көрсөтүп турат, кыргыз бийлигинде отургандар кыргыз жаранына жасаган мамилеси көрүнүп турат. Эгерде кыргыз тараптан ушундай жогорку даражадагы орус лидерлеринин бирине шек келтирсе, орус парламенти эң аз дегенде бир күн чурулдап билдирүү талап коймок. Ал эми биздин Жогорку Кенеш унчукпай отуруп калышты. Бул жерде атаандаш фракциянын лидери жөнүндө сөз болгон жок, сөз кыргыз бийлиги жөнүндө, кыргыздын жараны жөнүндө болуп жатат.

Болбосо, чоң өлкөдөн коркпой эле саясат жүргүзсө, кичине өлкөнүн укугу чоң болоорун биздин тийиштүү органдар ушул убакка чейин түшүнбөй жүрүшөбү.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×