Добавить статью
6:37, 17 сентября 2011 43122

Бакиевдерге таандык болгон «Витязь» эс алуу жайы боюнча кайрылуу

Ысык-Көл райондук жаштар союзунун лидери Д.Мамышаев, райондук ДНД лидери А.Байгубатов, «Чоктал жаштары» жаштар уюмунун лидери Э.Касымов кайрылуу жолдошту.

Кайрылуунун тексти:

Биз Жогорку Кеңештин депутаты Садыр Жапаровдун Элдик революциядан кийин улутташтырылган Ысык-Көл районунда жайгашкан Бакиевдерге таандык болгон «Витязь» эс алуу жайы азыркы учурда тонолуп-таланып жана башка мыйзамсыз иштер болуп жатат деген жалган, курулай калп сөздөрүнө, жоопкерчиликсиз айыптоолору менен жалпы эле Ысык-Көл элинин улутташтырылган мекемелерди талап тоноодон, өрттөн сактап калган эмгегин шылдыңдоо жана тебелеп тепсөө деп эсептейбиз!

7-апрелден кийин жалпы элдин демилгеси менен ар бир айылдарда координациялык кеңештер, ДНДлар түзүлгөн. Сиздерге белгилүү болгондой, бул бирикмелердин революциядан кийинки тартипти сактоодо ролу чоң болгон. Ушул түзүлгөн бирикмелердин эмгеги менен Бакиевдерге тиешелүү болгон эс алуу жайлар Бишкектегидей болуп таланып, тонолбой, өрттөнбөстөн сакталып калган. Ошондой эле Башкы прокуратурадан, айыл өкмөттөн, мамлекеттик мүлк министрлигинин катышуусу менен «Витязь» эс алуу жайынын бардык мүлк оокаттары катталып, так тизмеленген ар бир буюмдун аты, маркасы, номерлери катталган.

Жалпы элдин суранычы менен бул мекемелерге жергиликтүү, иштеп кете ала турган жаштардан дайындап берүү өтүнүчү менен Өкмөткө кайрылуулар болгон. Элдин суранычын Өкмөт колдоп, жеке гана «Витязь» эс алуу жайына гана эмес жана башка облустагы Бакиевдерге таандык болгон объектилерге жергиликтүү жаштардан дайындап берди.

Азыркы убакта бул эс алуу жайларда жумушчулардын санынын 99 пайызы жергиликтүү адамдардан алынган, бардыгы орду-орду менен иштеп келе жатат. Жалпы эле Ысык-Көл району эмес, Көлдүн тегерек четинде жашагандар бардыгыбыз тууганбыз. Анда эмне Ысык-Көл районунун элинин эч кимиси иштебей үйдө отурушу керекпи?

Жалпыга белгилүү болгондой, Бакиевдердин убагында «Витязь» эс алуу жайына жергиликтүү элден жумушка алчу эмес, жергиликтүү элди дарбазасына жакын жолотушчу эмес. Элди гана эмес салык, финансы, жада калса күч структуралары дагы дарбазанын сыртында кире албай турушчу. Эл ошол кездерде жада калса Садыр Жапаров Максим Бакиевге жолуга албай, «Витязь» эс алуу жайынын дарбазасынын сыртында кайсалактап жүргөнүнө күбө.

Жалпы элге тийиштүү мүлккө Садыр Жапаров ошончолук күйсө Бакиевдердин убагында эмнеге унчукпайт? Тескерисинче алардын таламын талашып жүргөн. Эмнеге ошол кезде, бул жалпы элдики, Бакиевдер мыйзамсыз тартып алышкан, элге кайтарыш керек деп айтпайт? Эмнеге Каркыра жайлоосу кайчыланып бөлүнүп жатканда унчукпайт? Тескерисинче аны жумуртка чогулттурган деп эл айтып жүрөт. Элдин билгени бар, Каркыраны бербегиле деп айтып чыккан элди жумуртка менен урдургандын артында ошол убактагы Көлдөгү Бакиевдердин аткаминерлери Садыр Жапаров менен ошол кездеги губернатор Кыдыкбек Исаевдин уюштурганын.

Жеке кызыкчылыктарды көздөп, элдин атын жамынып калп сөздөрдү сүйлөгөн бул депутатка таандык сапаттар эмес! Депутаттарды эл шайлаган, демек, элди алдабаш керек! Элди алдагандардын арты жаман бүтчү эле, буга тарых күбө!

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×