Добавить статью
4:37, 19 сентября 2011 7889

Иш таштоо боюнча кайрылуу

Убагында райондук жана шаардык мэрияларда тынч иштеп жаткан системалык администраторлор учурда же райондук, шаардык администрацияларда жок, же Борбордук Шайлоо комиссиясы ушул күнгө чейин өздүк штаттык бирдигине мыйзамдуу түрдө кабыл ала элек. Республика боюнча жалпы 58 системалык администраторлор болсо, 58 мамлекеттик кызматкердин маселесин чечүүгө кудурети жетпейби мамлекетибиздин. 2011-жылдын июль айынын башынан райондук, шаардык администрациялардан бошотулуп, ушул күнгө чейин эмгек акысын да албай иштеп келүүдө. Шайлоонун негизги кыймылдаткыч күчү бул системалык администраторлор.

Мыйзамда жана календардык планда көрсөтүлгөндөй? 20-сентябрга шайлоочулардын тизмесин 2 нускада чыгаруу көрсөтүлсө, жалпы системалык администраторлор тизмени чыгаруудан баш тартып, иш таштоого мажбур болот. Себеби жогорудагы айткандай эмгек акысы, БШКга бекилди деген буйрук чыгарыла элек. БШКнын аппарат жетекчиси жана башкы бухгалтерлери да так жооп бербестен, кенебестик менен мамиле кылып жатышат. Мына ушул себептерден 20-сентябрга чейин жалпы системалык администраторлордун маселесин чечип бербесе иш таштап, системалык администратор кызматынан чегинебиз, шайлоочулардын да тизмесин чыгарбайбыз. Жалпы системалык администраторлор жумуш таштаса, КРнын gрезидентин шайлоонун өз убагында өтүшү күмөн болот деп Кыргыз Республикасы боюнча жалпы системалык администраторлор.

adm09 adm10 adm11 adm12 adm13 adm14 adm15 adm16 adm17 adm18 adm19 adm20 adm21 adm22 adm23 adm24 adm25 adm26 adm27 adm28 adm29 adm30 adm31 adm32 adm33 adm34 adm35 adm36 adm37 adm38 adm39 adm40 adm41 adm42 adm43 adm44 adm45 adm46 adm47 adm48 adm49 adm50 adm51 adm52 adm53 adm54 adm55 adm56 adm57 adm58 adm59 adm60 adm61 adm62

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×