Добавить статью
10:18, 19 сентября 2011 42945

Жалал-Абад облусунун спорт сүйүүчүлөрү оор жоготууга учурады

Эртабылды Рахманжанов 1951-жылы Өзгөн районуна караштуу Кызыл-Тоо айылдында төрөлгөн. Жеңил атлетика боюнча СССР спортунун чебери, Жалал-Абад шаарынын ардактуу аттуулу. 4 баланын атасы.

Эмгек жолун 1973-жылы Жалал-Абад шаарындагы жаштар спорт базасында инструктор болуп баштагын. 1974-1976-жылдары жаштар спорт мектебинде, балдар жана өспүрүмдөр спорт мектептеринде жеңил атлетика боюнча машыктыруучу.

1976-1980-жылдары Ош областтык «Колхозчу» спорт коомунда жеңил атлетикадан машыктыруучу, 1980-1991-жылдары Ош областтык «Колхозчу» спорт коомунун астындагы балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин директору.

1991-2002-жылдыры Жалал-абад областтык спорт жана туризм комитетинин төрагасы жана 2009-жылга чейин жеңил атлетика боюнча кеңешчи. 2009-жылдан Жалал-Абад шаардык олимпиадалык реревдеги спорт мектебинин машыктыруучусу болуп эмгектенген.

Эртабылды Рахманжанов ак ниет жана үзүрлүү эмгеги менен көптөгөн спорт чеберлерин жана кандидаттарды «SPAN» тарбиялап, өстүрдү. Жалал-Абад областынын спорт иштерин жогорку деңгээлге жеткиргендиги жана жаштарды спорттко тартуу багытында алып барган зор эмгетери үчүн: 1981-жылы СССрдин дене-тарбия боюнча отличниги, 1990-жылы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу, 1996-жылы Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери наамын алган.

Эртабылды Рахманжанов жеңил атлетика боюнча бүткүл Союздук Логвиненко байгесинин эки жолку баш байге ээси жана. Орто Азия, Казакстан, Закавказия өлкөлөрүнүн 800 метр аралыкка чуркоо боюнча жеңүүчүсү. Кыргыз Республикасынын көп жолку чемпиону.

Кыргыздын чыгаан спортчусу, таланттуу машыктыруучусу, ардактуу инсаны Эртабылды Рахманжановду акыркы сапарга узатып жатып, үй бүлөөсүнө, бир туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

Окуучулары: А.Таштанбеков, С.Сатыбалдиев.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×