Добавить статью
6:17, 26 сентября 2011 42685

Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)

Башын бул шилтеме менен http://www.barakelde.org/comments/news:431 тапса болот

Уландысы

2.Саясий партиялар мамлекеттик иштерге:

- Кыргыз өлкөсүнүн жергиликтүү курултайларына;

- өкмөт башчылыгына;

- соттугуна;

- прокурорлугуна;

- Кыргыз Элдик Курултайына;

- Кыргыз өкмөт башчылыгына;

- Мыйзам чыгаруу кеңешине;

- Жогорку Соттугуна;

- Башкы прокурорлугуна;

- Улуттук банктын төрагалыгына;

- шайлоо жана референдум боюнча комиссиянын төрагалыгына;

- Акыйкатчылыгына шайлануу үчүн өз талапкерлерин көрсөтүү жаатында катыша алат.

3.Дин жана бүткүл диний расымдар мамлекеттен ажыратылган.

4.Кыргыз өлкөсүндө:

- мамлекеттик жана партиялык институттарды бириктирүүгө, ошондой эле мамлекет иштерин партиялык программаларга жана чечимдерге баш ийдирүүгө;

- мамлекеттик мекемелерде жана уюмдарда партиялык уюмдарды түзүүгө

жана алардын иштешине тыюу салынат.Мамлекеттик кызматчылар партиялык

ишти өзүнүн кызмат ишине байланыштырбай жүргүүзүгө милдеттүү;

- аскер, ички иштер, улуттук коопсуздук, юстиция, прокуратура жана сот уюмдарынын кызматкерлеринин партияга мүчө болушуна, кандайдыр бир саясий партияны колдоп чыгышына;

- диний негизде саясий партияларды түзүүгө;

- диний уюмдардын саясий максаттарды жана милдеттерди көздөшүнө;

- чет өлкөлүк саясий партиялардын, коомдук жана диний уюмдардын, алардын саясий максаттарды көздөгөн өкүлчүлүктөрү менен филиалдарынын иштешине;

- диний уюмдардын жана дин кызматкерлеринин мамлекеттик уюмдардын ишине кийлигишүүсүнө;

- конституциялык түзүлүшкө, мамлекеттик жана жалпы улуттук коопсуздукка зыян келтирүүчү саясий партиялардын,коомдук бирикмелердин, диний жана башка уюмдардын түзүлүшүнө жана иштешине тыюу салынат.

9 – берене

1.Кыргыз өлкөсү экспансия, басып алуучулук, максаттарды жана аскердик күч менен чечилүүчү аймактык дооматтарды көздөбөйт. Ал мамлекеттик түзүлүштү аскерлештирүүнү, мамлекетти жана анын ишин согуш жүргүзүү максатында баш ийдирүүнү четке кагат. Кыргызстандын Куралдуу күчтөрү өзүн өзү коргоо жана коргонууга жетиштүү негизде куралат.

2. Кыргызстанга жана биргелешип коргонуу милдеттенмелери менен байланышкан башка мамлекеттерге түздөн-түз кол салынгандан тышкары учурларда согуш жүргүзүү укугу таанылбайт. Куралдуу Күчтөрдүн бөлүктөрүн Кыргыз өлкөсүнүн аймагынан сыртка жиберүүнүн ар бир учуру үчүн Кыргыз Элдик Курултайдын өкүлдөрүнүн жалпы санынын кеминде үчтөн экисинен ашыгынын добушу менен кабыл алынган чечими боюнча уруксат берилет.

3.Мамлекеттин ички саясий маселелерин чечүү үчүн Куралдуу Күчтөрдү пайдаланууга тыюу салынат. Аскер кызматкерлери табигый кырсык залалдарын жоюу үчүн же

болбосо мыйзамда ачык аныкталган учурларда башка өзгөчө кырдаалдарда пайдаланышы мүмкүн.

4.Кыргыз өлкөсү эл аралык укуктун жалпы таанылган эрежелерин сактайт, жалпыга бирдей жана адилет жашоого, өз ара пайдалуу кызматташтыкка, дүйнөлүк жана жергиликтүү маселелерди тынчтык жолу менен чечүүгө умтулат.

Элдердин тынчтыкта бирге жашоосун бүлүнтө турган аракеттер,улуттар аралык же болбосо диний араздашууга үгүттөө жана козутуу Конституцияга каршы келет.

5.Кыргыз элин түндүккө жана түштүккө бөлүү, ошондой эле Кыргыздардын Эркин өлкөсүнүн жетекчи кызматтагыларын мынчасы түштүктөн, тигинчеси түндүктөн болуш керек деген дооматтарды козгоо, бул чоң кылмыш болуп эсептелинет жана андай козголоңчулар мыйзам боюнча сот жообуна аөосуз тартылат.

10 – берене

1.Кыргыз өлкөсүндө табигый кырсык болгон учурда, констициялык түзүлүшкө түздөн- түз коркунуч келген учурда, зомбулук менен катталган жана адам өмүрүнө коркунуч туудурган көпчүлүк элдин тополоңу учурунда, ошондой эле конституциялык мыйзамда көрсөтүлгөн жагдайларда жана мөөнөттүн чегинде гана өзгөчө абал киргизилиши мүмкүн.

2.Кыргыз өлкөсүнүн бүткүл аймагында чукул чакырылган Кыргыз Элдик Курултай гана өзгөчө абалды киргизе алат, ал эми шашылыш чара көрүү талап кылынган шартта айрым жерлерде чукул жыйналган жергиликтүү курултайлар киргизе алат. Ушундай кырдаал түзүлгөн мезгилде, чукул жыйналган Кыргыз Элдик Курултай, Кыргыз өлкөсүнүн өкмөт башчысына, өзгөчө кырдаал киргизилген жерлерде аскерди жана ички иштер жоокерлерин киргизүүгө же болбосо калтырууга макулдугун берет, же болбосо бербейт.

3.Кыргыз өлкөсүнө кол салуу болгон учурда гана чукул чакырылган Кыргыз Элдик Курултай Кыргыз өлкөсүндө согуш абалын киргизиши мүмкүн.

4.Кыргыз өлкөсүнө кол салуу болгон учурда, Кыргыз Элдик Курултай чогулгуча Кыргыз өкмөтүнүн башчысы мамлекетти коргоо чараларын көрөт. өзгөчө жана согуш абалы аяктагыча, Кыргыз Элдик Курултайдын жыйналышын токтотуп турууга жол берилбейт.

5.өзгөчө жана согуш абалы учурунда реферундум жана мамлекеттик уюмдарга шайлоо өткөрүүгө, Кыргыз өлкөсүнүн Конституцисынында белгиленген мамлекеттик уюмдардын түзүлүшүнө, иш милдеттерине жана ыйгарым укуктарына өзгөртүү киргизүүгө жол берилбейт.

11 – берене

1.Кыргыз өлкөсүнүн мамлекеттик казынасы Кыргыз өлкөсүнүн жана жергиликтүү казыналардан турат, ал мамлекеттин киреше–чыгашаларын камтыйт. Кыргыз өлкөсүнүн казынасын, Кыргыз өлкөсүнүн өкмөтүнүн сунушу менен Кыргыз Элдик Курултай бекитет.

2.Кыргыз өлкөсүнүн казынасы, жергиликтүү казыналардан түшкөн салыктардын жана бажы төлөмдөрүнүн эсебинен, жалпы Кыргыз Элинин байлыгы деп эсептелинген тоо-кен байлыктарынын өндүрүшүнөн ,отун-суу, энергетика тармактарынан жана Кыргыз элинин жерин чет-өлкөлүктөргө убактылуу пайдаланууга берилгенден түшкөн каражаттардын эсебинен түзүлөт.

3.Жергиликтүү казына, айыл-кыштактын, чакан шаарлардын жана ири шаарлардын жашоочуларынан, юридикалык жактардан чогултулган салыктардын эсебинен түзүлөт.

4.Кыргыз өлкөсүнүн аймагында бирдиктүү, салык саясаты иштейт.Салыктарды Кыргыз өлкөсүнүн өкмөтүнүн сунушу менен Кыргыз өлкөсүнүн мыйзам чыгаруу кеңеши белгилейт жана аны Кыргыз Элдик Курултай бекитет. Кыргыз өлкөсүндө салыктардын түрлөрүнүн саны аз жана өлчөмүнүн деңгээли кичине болушу керек.Жаңы салыктарды

белгилөөчү жана салык төлөөчүлөрдүн абалын начарлатуучу мыйзамдар өткөн мезгилге карата колдонулбайт.

5.Кыргыз өлкөсүнүн казынасынын эсеп-кысабынын аткарылышы жөнүндөгү жооптуу Кыргыз Элдик Курултай бекитет.

12- берене

1.Кыргыз өлкөсүнүн Конституциясы эң жогорку юридикалык күчкө ээ жана түздөн-түз колдонулат.

2.Конституциянын негизинде мыйзамдар жана башка ченемдик укук актылары кабыл алынат

3.Кыргыз өлкөсү катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер жана макулдашуулар, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы таанылган жоболору жана ченемдери Кыргыз өлкөсүнүн мыйзамдарынын ажыратылгыс бөлүгү болуп саналат.

ЭКИНЧИ БАШ СөЗ

ЖАРАНДАР

БИРИНЧИ БөЛүМ

ЖАРАНДЫК

13- берене

1.Адамдын Кыргыз өлкөсүнө таандык экендиги жана статусу жарандыгы менен аныкталат. Кыргыз өлкөсүнүн жараны, Кыргыз өлкөсүнүн Конституциясын жана мыйзамдарын сактоого, башка адамдардын укугун, эркиндигинин, ар-намысын жана кадыр-баркын урматтоого милдетүү.

2.Кыргыз өлкөсүнүн жараны болуп саналган адамдардын,башка мамлекеттердин жараны

болуп таанылбайт.

3.Кыргыз өлкөсүнүн бир дагы жараны өз жарандыгынан жана жарандыгын өзгөртүү укугунан ажыратылышы мүмкүн эмес.

4.Кыргыз өлкөсүнүн жараны башка мамлекетке өткөрүлүп берилиши мүмкүн эмес.

5.Кыргыз өлкөсү чет өлкөлөрдө өз жарандарын коргоо жана калкалоо кепилдигин алат.

14 – берене

1.Кыргыз өлкөсүнүн ар бир жараны өзүнүн жарандыгына ылайык укуктарга ээ жана тийиштүү милдеттерди аткарат.

2.Кыргыз өлкөсүндө чет өлкөлүктөр жана жарандыгы жок адамдар Кыргыз өлкөсүнүн мыйзамдарында, мамлекеттер аралык келишимдеринде жана макулдашууларында аныкталган негизде, шартта жана тартипте жарандардын укуктарынан жана эркиндиктеринен пайдаланат, ошондой эле милдеттерди аткарат.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

06-10-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
35129

06-10-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
32594

06-10-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
34161

05-10-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
39851

05-10-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
25328

03-10-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
41901

03-10-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
33589

30-09-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
38728

30-09-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
38251

29-09-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (4-бөлүм)
36750

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×