Добавить статью
9:07, 28 сентября 2011 40734

Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (3-бөлүм)

Башын бул шилтеме менен http://www.barakelde.org/comments/news:431 жана http://www.barakelde.org/comments/news:436, http://www.barakelde.org/comments/news:437 тапса болот

Уландысы

4.Кыргыздардын эркин өлкөсүндө өлүм жазасы жокко чыгарылат, өтө оор кылмыш үчүн жазалоонун өзгөчө чарасы катары мыйзам тарабынан, абакта өмүр бою өтөө жазасы белгиленет жана ал жаза сот тарабынан гана берилет.

Камакта өмүр бою өтөө жазасына өкүм кылынган ар бир адам ырайым сурап кайрылууга укуктуу.

19 - берене

1.Кыргыз өлкөсүндө жеке менчик адамдын ажыратылгыс укугу, анын бакыбат турмушунун, ишкердик жана чыгармачылык жигеринин табигый булагы, экономикалык жана жеке көз карандысыздыгынын кепилдиги катары таанылат жана камсыз кылынат.

2.Менчик - кол тийгис.Эч ким өзүнүн менчигинен негизсиз ажыратылууга тийиш эмес,

менчик ээсинин ыктыярысыз мүлкүнөн ажыратууга соттун чечими менен гана жол берилет.

3.Мыйзамдарда каралган өзгөчө учурларда мамлекеттик муктаждыктар үчүн мүлктү алып коюу келишим түрдө жана анын орду теңдеш толтурулган шартта гана жүргүзүлүшү мүмкүн.

4.Кыргыз өлкөсүндө мурас укугу мыйзам менен сакталат жана корголот.

20 - берене

Кыргыз өлкөсү чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга, адам укугунун бузулушуна байланыштуу себептер чыкканда, башбанек укугун бере алат.

үЧүНЧү БөЛүМ

ЖАРАНДЫН УКУКТАРЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ

21 - берене

1.Кыргыз өлкөсүнүн Жарандарына, алардын бирикмелерине, Кыргыз өлкөсүнүн Конституциясында жана мыйзамдарында тыюу салынгандардан, чектөө коюулгандардан башка иш-аракеттердин баардыгын жүргүзүүгө уруксаат берилет.

2.Кыргыз өлкөсүнүн жарандарынын укуктары менен эркиндиктерин жүзөгө ашырылышы, анын жеке жана мамлекеттик кызыкчылыктарды камсыздандыруу үчүн зарыл болгон милдеттерди аткарышынан ажыратылгыс.

22 - берене

1.Жарандын укуктары жана милдеттери жөнүндөгү Кыргыз өлкөсүнүн мыйзамдары баардык жарандарга карата бирдей колдонулууга жана Кыргыз өлкөсүнүн Конституциясында, жарандарды социалдык жактан коргоо мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, алардын бирине дагы эч кандай артыкчылык жана жеңилдик берилбөөгө тийиш.

2.Мамлекет, анын уюмдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу уюмдары жана алардын кызмат адамдары Кыргыз өлкөсүнүн Конституциясы жана мыйзамдары менен аныкталган ыйгарым укуктардын чегинен чыга албайт.

23 – берене

1.Кыргыз өлкөсүнүн жарандары мамлекетти башкарууга түздөн-түз жана өздөрүнүн өкүлдөрү аркылуу катышууга укуктуу.

2.Кыргыз өлкөсүнүн жарандары мыйзамдарды, мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги чечимдерди талкулоого жана кабыл алууга катышууга укуктуу.

3.Кыргыз өлкөсүнүн жарандары мамлекеттик иш аткаруу уюмдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу уюмдарына шайлоого жана шайланууга, ошондой эле жалпы добуш берүүгө (референдумга) катышууга укуктуу.

4.Кыргыз өлкөсүнүн жарандары мамлекеттик жана жергиликтүү (муниципалдык) кызматтарга орношууда,бирдей укуктарга ээ.

24 – берене

1.Кыргыз өлкөсүнүн жарандары Ата-Мекенин коргоого укуктуу жана милдеттүү.

2.Кыргыз өлкөсүндө жарандардын аскердик кызмат өтөө жолу келишим түрүндө жүргүзүлөт.

25 – берене

Кыргыз өлкөсүнүн жарандары Кыргыз өлкөсүнүн мыйзамдарына ылайык салык жана жыйым төлөөгө милдетүү.

26 – берене

1.үй-бүлө – коомдун эң баштапкы уюткусу, үй-бүлө, ата-эне жана балдар бүткүл коомдун камкордугунун жана мыйзам тарабынан артыкча коргоолучу заты, балага кам көрүү, аны тарбиялоо, ата-энелердин табигый милдети жана жарандык парзы.

Эмгекке жарамдуу,жашы жетилген балдар ата-энелерине камкордук көрүүгө милдеттүү.

2.Мамлекет жетимдерди жана ата-эненин камкордугунан ажыраган балдарды багууну, тарбиялоону жана окуутууну камсыз кылат.

3.Улууларды урматтоо, туугандары менен жакындарына камкордук көрүү – Кыргыз элинин ыйык салты.

27 – берене

1.Кыргыз өлкөсүндө багаар-көрөөрүнөн ажыраган кары-картаңдарга, балдарга, ооруп калгандарга жана эмгекке жарамдуулугун жоготкондорго социалдык кам көрүү мамлекеттин эсебинен камсыз кылынат.

2.Коомдун экономикалык мүмүкүнчүлүгүнө карабастан пенсия, социалдык жардам мыйзамда аныкталган тиричилик каражатынын эң төмөнкү өлчөмүнөн кем эмес турмуш деңгээлин камсыз кылууга тийиш.Тиричилик каражатынын эң төмөнкү өлчөмү тамак-аш азыктарына болгон баалардын өзгөрүп туруусуна ылайыкталып жыл сайын кайра каралып туруулары тийиш.Тиричилик каражатынын эң төмөнкү өлчөмү бир адам тамак-аш азыктарынын түрлөрүн бир айда өзүнө жетишерлик деңгээлде сатып алгыдай өлчөмдө болуусу тийиш.

3.Ыктыярдуу социалдык камсыздандыруу,камкордуктун башка дагы түрлөрүн түзүү жана кайрымдуулук көрсөтүү колдоого алынат.

28 – берене

1.Кыргыз өлкөсүнүн жараны баардык түрдөгү жана жагдайдагы эмгегинин корголушуна, коопсуздук жана тазалык талаптарына жооп берген эмгек шартына, ошондой эле жумушсуздуктан социалдык жактан коргоого алынууга укуктуу.

2.Мамлекет жарандарды адистикке үйрөтүүгө жана алардын кесиптик чеберчилигин жогорулатууга кам көрөт, эмгек укугун коргоо жана бекемдөө максатын көздөгөн эл-аралык макулдашуулар менен эл-аралык уюмдарга колдоо жана көмөк көрсөтөт.

3.Согуш маалында, табигый кырсыктардын кесепетин жоюу, жугуштуу оорулар күчөгөндө (эпидемия) жана башка өзгөчө кырдаалдарда, ошондой эле соттун өкүмү боюнча жаза өтөөдөн башка учурларда жарандарды мажбурлап жумушка тартууга тыюу салынат.

29 – берене

1. Кыргыз өлкөсүнүн жарандары, менчиктин кандай гана түрлөрүнө ээ болгон мекеме, ишкана жана уюмдарда эмгектенгендерине карабастан мамлекет аныктаган эң төмөнкү өлчөмү саатына 100 ( жүз ) сомду түзгөн эмгек акысын алып турууга укуктуу.Эмгек акысы ар бир жуманын аягында берилип турууга жана ар бир жылдын аягында, товарларга болгон баалардын кымбатташына жараша көбөйүү жагына гана кайра каралып туруусу тийиш.

2. Мекеме, ишкана жана уюмдар тарабынан, эмгекчилери иштеп тапкан эмгек акыларынан эч кандай салыктар жана төлөмдөр кармалып алынбайт.

30 – берене

Кыргыз өлкөсүнүн жарандары иш таштоого укуктуу.

31 – берене

1.Кыргыз өлкөсүнүн баардык жарандары бир жылда, он бир ай эмгектенгенден кийин, бир айдын 24 (жыйырма төрт) күнүнө эмгек акы төлөнүүчү бир айлык эс алууга чыгууга укуктуу.

2.Бир күндө жумуштун эң узак убактысы болуп 8 (сегиз) саат эсептелинет. Сегиз сааттан ашкан жумуштун ар бир саатына эмгек акы, эки эселенип төлөнүп турулууга тийиш.

3.Бир жуманын беш күнү жумуш күндөрү, ал эми ишемби жана жекшемби дем алыш күндөрү болуп эсептелинет.

4.Түнкү жумуш убагында жана дем алыш күндөрүндө, аткарылган ар бир жумуш сааты үчүн эмгек акы эки эселенип төлөнүп туруулуга тийиш.

5.Эс алуу укугун ишке ашыруунун башка негизги шарттары мыйзам менен аныкталат.

32 – берене

1.Кыргыз өлкөсүнүн ар бир жараны билим алууга укуктуу.

2.Негизги билим – милдеттүү жана акысыз. Жогорку билим акысыз мамлекеттик жана акы төлөп билим алуу негизинде жеке менчик түрдө болот.

3.Мамлекет баардык адамдар үчүн, ар кимдин жөндөмүнө жараша кесиптик,атайы орто жана жогорку билим алуу мүмкүнчүлүгүн түзүп берет.

4.Мамлекет окутуу – тарбиялоо жана башка билим берүү мекемелери менен тыгыз байланышта болот.

33 - берене

Кыргыз өлкөсүнүн жарандары турак-жайга укуктуу. Мамлекет өзүнүн ар бир жараны өзүнө турак-жай жана башка мүлк сатып алгыдай болгон жетиштүү эмгек акы алуу ишине терең көзөмөл жүргүзөт.

Уландысы бар

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

06-10-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
35119

06-10-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
32586

06-10-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
34150

05-10-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
39841

05-10-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
25318

03-10-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
41885

03-10-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
33575

30-09-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
38716

30-09-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
38240

29-09-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (4-бөлүм)
36735

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×