Добавить статью
3:25, 29 сентября 2011 36702

Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (4-бөлүм)

Башын бул шилтеме менен http://www.barakelde.org/comments/news:431 жана http://www.barakelde.org/comments/news:436, http://www.barakelde.org/comments/news:437, http://www.barakelde.org/comments/news:439, http://www.barakelde.org/comments/news:440, http://www.barakelde.org/comments/news:442 тапса болот

Уландысы

50 – берене

Кыргыздардын Эркин өлкөсүнүн Конституциясына, мыйзамдарына ылайык айыл, чакан шаар жана шаар-аймактык өкмөттүн өкүмү айыл,чакан шаар жана шаар-аймактык өкмөттүн негизги багыттарын аныктайт, анын ишин уюштурат жана анын иши үчүн жекече жоопкерчилик тартат.

51 – берене

1.Айыл, чакан шаар жана шаар-аймактык өкмөт, айылдын, чакан шаардын жана шаар-аймагынын элинин алдында, айылдык, чакан шаардык жана шаар-аймактык Курултайдын алдында жоопкерчиликте жана көзөмөлүндө болот. Ошондой эле аларга ар бир жылдын, ар бир үчүнчү айынын ичинде, айыл, чакан шаар жана шаар аймактык Курултай өтүп жаткан мезгилде аткарган иштери жөнүндөгү өзүнүн жыйынтыктоочу жообун берет.

2.Айыл, чакан шаар жана шаар-аймактык өкмөттүн өкүмүнүн ар бир үч айлык жыйынтыктоочу жообун кароонун натыйжасында айылдык, чакан шаардык жана шаар-аймактык Курултайдын жалпы санынын көпчүчүлүгүнүн демилгеси боюнча, өкмөткө ишеним көрсөтпөө жөнүндөгү маселени карашы мүмкүн.

3.Айыл, чакан шаар жана шаар-аймактык өкмөткө ишеним көрсөтпөө жөнүндөгү токтом айылдык, чакан шаардык жана шаар-аймактык Курултайдын эл өкүлдөрүнүн жалпы санынын кеминде үчтөн экисинен ашык добушу менен кабыл алынат.

4.Айыл, чакан шаар жана шаар-аймактык өкмөткө ишеним көрсөтпөө жөнүндөгү маселе, айыл, чакан шаар жана шаар-аймактык Курултай тарабынан:

- жыйындын учурунда бир жолудан ашык;

- айыл,чакан шаар жана шаар-аймактык өкмөттүн программасы

жактырылгандан кийин үч айдын ичинде;

- айыл,ири жана чакан шаар өкмөтүнүн өкүмүн кезектеги шайлоого 6 (алты) ай

калганда каралышы мүмкүн эмес.

5.Айыл, чакан шаар жана шаар-аймактык өкмөткө ишеним көрсөтпөө билдирилгенден кийин, айыл-кыштактын, чакан шаардын жана шаар-аймагынын эли, айылдык,чакан шаардык жана шаар-аймактык Курултайдын чечими менен макул болбой коюуга укуктуу.

6.Эгерде айылдык, чакан шаардык жана шаар-аймактык Курултай, элдин чечими менен макул болбой эч бир жүйөөсүз себептер менен айыл, чакан шаар жана шаар-аймактык өкмөттүн кызматтан кетиши жөнүндөгү чечимин өзгөртпөсө же болбосо кандайдыр бир убакыттын ичинде кайталап кабыл алса, анда айыл, чакан шаар жана шаар-аймактын эли, айылдык, чакан шаардык жана шаар-аймактык Курултайды таркатуу боюнча чараларды көрө баштайт.

7.Айылдык, чакан шаардык жана шаар-аймактык Курултайды таркатыш үчүн айыл-кыштактын, чакан шаардын жана шаар-аймагынын чейректеринин жана кичине аймактарынын шайлоого жарактуу делген жашоочуларынын 50% катышкан жыйналыштарында, жарымынан көбү таркатылсын деп ачык добуш беришсе (жөнөкөй кол көтөрүү аркылуу) анда Курултай таркатылат. Ал эми эгерде жашоочулардын жарымынан көбү жыйналыштарга катышпаса, же болбосо таркатылбасын деп добуш беришсе, анда Курултай өзүнүн ишин улантат.

52 – берене

1.Айыл,чакан шаар жана шаар аймактык өкмөт өзүнүн аймагында:

1).мыйзамдуулукту, жарандардын укуктары менен эркиндиктерин жана

коомдук тартипти сактоону, кылмыштуулукка, паракорлукка каршы күрөшүүнү

камсыз кылат.

2).финансы, тариф, эркин баа, инвестиция жана ишкердүүлүктү өнүктүрүү

саясатын жүргүүзүүнү жана көп балалуулардын,майыптардын,

кары-картаңдардын, жумушсуздуктардын мамлекет аныктаган тиричилик

каражатынын жана эмгекчилердин эмгек акыларынын эң төмөнкү өлчөмүнөн

кем эмес, акчалай каражатты, ар бир айда кечиктирилбестен өз убагында

берилип турушун камсыз кылат.

2.Айыл-кыштактын, чакан шаардын жана шаар-аймагынын жашоочуларынан,юридикалык жактардан чогултулган салыктардын эсебинен казынаны түзөт, аны айылдык, чакан шаардык жана шаар-аймактык Курултайга сунуштайт жана анын аткарылышын камсыз кылат.

Айылдык чакан шаардык шаар-аймактык Курултайга ар бир үч айда казынанын сарпталышы жөнүндө жыйынтыктоочу жооп сөзүн берет.

3.Айылдык жана чакан шаардык казынанын жалпы санынын 15 % ар бир айдын аяк ченинде Кыргыз өлкөсүнүн казынасынын эсебине милдетүү түрдө которуп турат.Ал эми шаар-аймактык казынанын жалпы санынын 5 % ири шаар өкмөтүнүн, 10 % Кыргыз өлкөсүнүн казынасынын эсебине ар бир айдын аяк ченинде милдетүү түрдө которуп турат.

4. Кыргыз өкмөтү, жалпы Кыргыз элинин байлыгы болгон, тоо-кен байлыктарынын өндүрүшүнөн, отун, суу, энергетика тармактарынан, Кыргыз элинин жерин чет өлкөлүктөргө убактылуу пайдаланууга берилгенден,бажы жана салык төлөмдөрүнүн түшкөн каражаттын эсебинен айыл, чакан шаар жана шаар аймактык казынанын жетпеген каражатын каржылайт.

БЕШИНЧИ БөЛүМ

ИРИ ШААРДЫК КУРУЛТАЙ

53 – берене

1.Ири шаардык Курултай, бул ири шаарлардын Жогорку даражадагы өкүлчүлүк жыйыны.

2.Ири шаардык Курултай, Кыргыз өлкөсүнүн ири шаарларында жашаган элдин көйгөйлүү маселелеринин чечилишин, суроо-талаптарынын аткарылышын жана адам

Уландысы бар

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

06-10-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
35093

06-10-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
32559

06-10-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
34121

05-10-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
39808

05-10-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
25300

03-10-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
41853

03-10-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
33544

30-09-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
38696

30-09-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
38210

29-09-2011
Кыргыздардын эркин өлкөсү - Конституциялык долбоор (уландысы)
25013

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×