Добавить статью
4:47, 13 октября 2011 4796

Билдирүү

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына “Эл Бийлиги” саясий партиясынан талапкер Медетбеков Шамшыбек Осмонкуловичтин

БИЛДИРүүСү

Биздин “Эл Бийлиги” (“Народовластие”) саясий партиябыз жана мен өзүм Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер катары мындан аркы шайлоо алдындагы жарыштан чыгууну эп көрдүк. Анын себеби – референдум аркылуу конституциялык реформа жасоо менен коомду өркүндөтүү деген стратегиялык маанидеги иш чарага баш отубуз менен киришүү зарылдыгы. Бул иштин максаты –Элдик Курултай институтун КР Конституциясына көзөмөлдөө функциялары менен киргизүү аркылуу өлкөбүздө нукура элдик бийликти орнотуу.

Кыргызстанга азыр бүткүл дүйнө сереп салып, өнүгүүнүн “кыргыз жолун” Түрк дүйнөсү менен катар бүт Евразия мамлекеттери изилдеп, кызыгышууда.

Былтыр 7-апрелде биздин мекенчил жигиттерибиз бүт дүйнө алдында укмуштай эрдик көрсөтүү менен авторитардык бийликти жеңсе, быйыл 30-октябрда элибиз дүйнө жүзүнө кыргыздын даанышмандыгын даңазалашы абзел. Чыныгы эл атасын шайлоо менен, элибиз өз намысын коргоп, табиятынан келе жаткан бийик парасатын көрсөтүшү керек.

Мен өзүмдүн санаалаштарым менен чогуу бир ишеним менен турабыз. Бул – алдыдагы шайлоо өнөктүгү Кыргызстан үчүн кескин бурулуш жасап, шайлоочуларыбыз садага акчаларга сатылбастан, чын жүрөгүнөн таасын чечим кабыл алып, Кыргызстан деген жер соорусунун, кыргыз деген айкөл намысчыл элибиздин тагдырын так аныктап алсак, ошондо эл өзү таза, эркин шайлоонун үлгүсүн көрсөтө алат деген ишеним!

Мен, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына “Эл Бийлиги” саясий партиясынан талапкер Медетбеков Шамшыбек Осмонкулович, мага терең ишеним көрсөтүшкөн шайлоочуларыма жана партиялаштарыма терең ыраазычылык билдиргим келет. Ошондой эле элдик бийлик үчүн күрөшүп келе жаткан “Кыргыз Эл Биримдиги” жана “Кыргызстандын коопсуздук органдарынын ардагерлери” коомдук бирикмелерине мени мамлекеттик эң жогорку кызматка сунуштагандыктары үчүн чын жүрөгүмдөн алкышымды билдиремин. Ар кыл улуттун, бардык аймактардын кол чогултуп мени колдогон атуулдарына ыракматымды айткым келет. Анткени ушул мекенчил атуулдар биздин жалпы жеңишибизге – Эл Бийлигинин Жеңишине терең ишенишет!

Мен Сиздерди 30-октябрда шайлоо участокторуна сөзсүз келип, өзүңүздөр эң татыктуу деп эсептеген талапкер үчүн добуш берүүңүздөрдү өтүнөөр элем. Себеби, туура тандоонун натыйжасында өлкөбүз бакубат жашоонун, улуттук биримдиктин жана аймактык бүтүндүктүн кепилдигин алат.

Дагы бир жолу мени колдогонуңуздар жана ишенимиңиздер үчүн Сиздерге ыраазычылык билдиремин!

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×