Добавить статью
11:11, 31 октября 2011 30843

Шайлоо боюнча алдын ала билдирүү

«Демократия жана жарандык коом үчүн Коалициясы» Кыргыз Республикасында демократияны жана жарандык коомду өнүктүрүү менен алектенген коз карандысыз, саясий эмес жана бейтарап уюм.

I. РЕЗЮМЕ

«Демократия жана жарандык коом үчүн Коалициясы» Коомдук уюму (Коалиция) Кыргыз Республикасынын президентин шайлоого көз карандысыз байкоо жүргүздү. 29- жана 30 -октябрда Коалиция көчмө добуш берүүгө жана шайлоо күнү добуш берүүнүн жүрүшүнө байкоо жүргүзүү үчүн бүт өлкө боюнча 500 шайлоо участогуна 1312 көз карандысыз байкоочу жөнөттү. Байкоо жүргүзүүгө Коалициянын борбордук жана аймактык өкүлчүлүктөрү, 70 координатор, 70 мобилдүү команда, колл-центрдин 30 оператору, ТШКда мөөнөтүнөн мурда добуш берүүгө байкоо салган 57 байкоочу, ТШКда добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарууга байкоо жүргүзгөн 57 байкоочу, 9 юрист жана 4 аналитик тартылган.

Коалиция өткөн шайлоону атаандаштыкта, ачык, айкын болду деп эсептейт. Борбордук Шайлоо Комиссиясы шайлоо процессинин катышуучулары добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу протоколдорун БШК сайтындагы протоколдордун маалыматтары менен салыштыра алгыдай мүмкүнчүлүк түзүп, добуш берүүнүн жүрүшү боюнча алдын ала маалыматты жеткиликтүү кылып уюштурду.

Бегилей кетүү керек, шайлоо жаңы мыйзам боюнча өттү. Шайлоонун жүрүшүндө шайлоочулардын тизмесин сапаттуу жана бирдиктүү даярдоо жана кайталап добуш берүүгө жол бербеш үчүн көрүнүп туруучу маркирлөө сыяктуу айрым нормаларды жүзөгө ашырууда бир катар мүчүлүштүктөр болду. Буга шайлоо комиссияларынын ишинин сапаты себеп болду. Жаңы мыйзам боюнча шайлоо комиссиялары саясий партиялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнөн куралды.

Мындан тышкары, бюллетендерди топтоштуруп таштоолорго байланыштуу орчундуу мыйзам бузуулар болду.

Азыркы тапта Коалициянын маалыматтары БШК алдын ала маалыматтары менен дал келүүдө. Бирок, айрым мыйзам бузуулардын болгондуктан, канчалык деңгээлде алар шайлоонун жыйынтыгына таасир эткендигин же таасир этпегендигин аныктоо үчүн, бул мыйзам бузууларды дыкат текшерүү керек. Коалиция БШК жана башка тиешелүү органдарга кайрылып, аныкталган мыйзам бузууларды иликтеп анын натыйжасы туурасында коомчулукка маалымат берүүгө чакырат.

Бул алдын ала билдирүүдө мөөнөтүнөн мурда добуш берүүгө, чыгып кеткен талапкерлердин маалыматтарын бюллетенден чийип салууга, көчмө добуш берүүгө жана шайлоо күнү добуш берүүгө кыска мөөнөттөгү байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы камтылган. Бул билдирүүгө узак мөөнөттөгү байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы камтылган эмес, антени бул жыйынтыктар жана шайлоодон кийинки мөөнөткө байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы шайлоонун финалдык отчетуна киргизилет.

Байкоо жүргүзүү Эл аралык өнүктүрүү боюнча Америкалык Агенттиктин (ЮСАИД), Эл аралык өнүктүрүү боюнча Улуу Британиянын Министрлигинин,  Улуттук Демократия Институтунун (НДИ), Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ОБСЕ), өткөөл мезгилдеги демилгелерди Колдоо Программасынын, Эл аралык Ресурстук Топтун финансылык колдоосу менен жүзөгө ашырылууда.

II. II. КИРИШ СӨЗ ЖАНА КОНТЕКСТ

III. Саясий контекст

IV. 2011-жылы Кыргызстан көз карандысыздыгынын 20 жылдыгын белгилөөдө. Акыркы 7 жылда эл мыйзамсыздык жана коррупцияга каршы чыгып 2 жолу авторитардык режимди кулатты. Өткөн 2010-жыл Кыргызстан үчүн олуттуу сыноолордун мезгили болду. Апрель окуялары жана июндагы түштүктө болгон улуттар аралык кагылышуу 500 дөн ашык жарандын өмүрүн кыйды. Апрель окуясынан кийин башында Роза Отунбаева турган Утурумдук Өкмөт түзүлгөн, ал жаңы Конституцияны иштеп чыгып, Референдумга койду. Коомдогу жана саясий партиялардын ортосундагы пикир келишпестиктерге карабастан жаңы Конституция кабыл алынды. Өткөн Жогорку Кеңешке шайлоолор көз карандысыз Кыргызстандын тарыхында көрүнүктүү окуялардан болуп калды. Алар эл аралык коомчулуктун ири кызыкчылыгын жаратты, анткени Кыргызстан Борбордук Азияда биринчи болуп парламенттик башкаруу формасына өттү.

Таза, эркин жана ачык-айкын шайлоолор – демократиялык мамлекетти куруунун маанилүү институтут. Дал ушу добуш берүүнүн жыйынтыгыныа макул болбогондук 2005-жылдагы КР ЖК депутаттарды шайлоодо мамлекеттик төңкөрүшкө алып келген. Ушул эле себептен улам, кийинки жылдары да көптөгөн каршылык акциялары болгон. Саясий талаш-тартыштар калктын социалдык-экономикалык турмуш деңгээлинин төмөндөшүнө алып келди. Ачык жана акыйкат шайлоолор – мамлекеттин стабилдүүлүгүн сактоонун жана реформаларды жүргүзүүнүн кепилдиги.

Кыргызстан өнүгүүнүн жаңы этабынын – президенттик шайлоонун алдында турат, өлкөнүн көз карандысыздыгынан бери алгачкы жолу президенттик бийлик тынчтык жолу менен өткөрүлүп берилет. Бул шайлоолор өлкөдөгү өткөөл мезгилдин жыйынтыктоочу этабы болот.

Жогорку Кенештин 2011-жылдын 30- июлундагы Токтому менен КР Конституциясынын 74-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо белгиленди. Бул Президенттик шайлоолор 2010-жылы КР жаңы Конституция кабыл алынгандан кийин жана шайлоо мыйзамдары реформалангандан кийин өткөрүлүп жатат.

Президенттик шайлоолор жаңы 2011-жылдын 2-июлундагы «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамы жана 2011-жылдын 30-июнундагы“Кыргыз Республикасындагы шайлоолорду, референдумдарды өткөрүү жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынат.

БШК курамы, 57 территориялык шайлоо комиссиясынын, 2289 участкалык шайлоо комиссиясынын жана Кыргызстандын территориясынан тышкары 29 шайлоо участокторунун курамы түзүлдү.

ОКоалиция туурасында

«Демократия жана жарандык коом үчүн Коалициясы» Кыргыз Республикасында демократияны жана жарандык коомду өнүктүрүү менен алектенген көз карандысыз, саясий эмес жана бейтарап уюм. Коалиция шайлоочулардын укуктук маданиятын жогорулатуу боюнча жана шайлоо процесстеринин бардык этабына байлпныштуу иш-чараларга көз карандысыз мониторинг жүргүзүү үчүн, анын ичинде процесстин бардык катышуучулары тарабынан мыйзамдарды сактоолоруна жана жалпы өлкөдөгү жана аймактардагы абалга мониторинг жүргүзүү үчүн жарандык окутууларды жүргүзөт.

Кыска мөөнөттөгү байкоо жүргүзүү ыкмасы: статистикага негиздеп байкоо жүргүзүү

Коалициянын кыска мөөнөттөгү байкоо жүргүзүүсү шайлоо процессин так жана толук баалоого жол берүүчү статистикалык ыкма жана анализдоого негизделген. Коалиция статистикалык байкоо жүргүзүү ыкмасын биринчи жолу былтыр 2010-жылы Жогорку Кеңешке шайлоодо колдонду жана бул тажрыйба натыйжалуу болду. Бул Коалицияга анча көп эмес шайлоо участокторун капыстан тандап алуу жолу менен өлкө боюнча так маалымат алууга жана аны ыкчам чагылдырууга жол берди. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешине шайлоодо Коалициянын маалыматтары Борбордук Шайлоо Комиссиясынын маалыматы менен дал келгендиктен Коалиция добуш берүүнүн расмий жыйынтыгын ырастады.

Коалиция бул ыкманы президенттик шайлоодо да колдонду. Статистикага негизделип байкоо жүргүзүүдө байкоо жүргүзүлүп жаткан шайлоо участкаларынын саны ар бир областтагы шайлоо участогунун жалпы санына түздөн-түз пропорционалдуу. Бул бүткүл өлкө боюнча байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыгын чыгарууга жол берет. Президенттик шайлоого байкоо жүргүзүү үчүн Коалиция капыстан репрезентативдүү тандоо жасап, Microsoft Excel программасын колдонуу менен 500 шайлоо участогун тандап алган. Тандоого жети область жана Бишкек, Ош болуп тогуз аймактагы шайлоо участоктору кирет. Тандоого Кыргыз Республикасынын бардык райондору кирген жана райондор боюнча шайлоо участокторунун саны республикадагы ар бир райондогу шайлоо участокторунун саны менен жүз пайыз түздөн-түз пропорционалдуу.

Байкоо жүргүзүүгө Коалициянын борбордук жана аймактык өкүлчүлүктөрү, 70 координатор, 70 мобилдүү команда, колл-центрдин 30 оператору, 9 юрист, 4 аналитик, жана 1312 кыска мөөнөттөгү байкоочу катышты. 21-октябрдан тарты 28- октябрга чейин бардык 57 ТШКда 57 байкоочу мөөнөтүнөн мурда добуш берүүгө байкоона жүргүзүшкөн. 29- октябрда 500 шайлоо участкасында 500 байкоочу көчмө добуш берүүнүн жүрүшүнө байкоо жүргүзүштү. 30-октябрда добуш берүүнүн жүрүшүнө 500 шайлоо участогунда 1000 кыска мөөнөттөгү байкоочу, ар бир шайлоо участогунда экиден байкоочу байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашырышты.

Коалициянын байкоочулары шайлоо жөнүндөгү конституциялык мыйзамдын өзгөчөлүктөрүнө ылайык байкоо жүргүзүү боюнча окуудан өтүшкөн. Ар бир координатор жана кыска мөөнөттөгү байкоочу ишке кирээрден мурда шайлоо мыйзамын билгендиги боюнча атайын тестирлөөдөн өткөн. Сапатуу байкоо жүргүзүүнү камсыздоо үчүн тестирлөө учурунда операторлор 2000 телефон чалууларды жасап, тестирлөөнүн натыйжасында 100 байкоочу резервдеги башка байкоочулар менен алмаштырылган, алар кайталап окуудан өттү.

Өз ишин аткарууда кыска мөөнөттөгү байкоочулар бейтараптуулук жана нейтралдуулук принцибин бекем карманышты. Байкоочулар өздөрү көргөн жана далилдей алган гана маалыматтарды жана фактыларды жарыялашты.

Октябрда Коалиция конкретүү участоктордо байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашыруу үчүн кыска мөөнөттөгү байкоочуларды ишке тартты. Коалиция 20 тренерди окутту, алар кыска мөөнөттөгү байкоочулар үчүн 61 өткөрдү.

Коалиция 24- жана 27- октябрда байкоочулардын даярдыгын аныктоо үчүн жана техникалык мүнөздөгү проблемаларды аныктап, аларды добуш берүү күнүнө чейин жок кылуу үчүн эки репетиция өткөрдү. Коалиция статистикалык байкоонун өзгөчөлүктөрүн түшүндүрүү үчүн 27- октябрда экинчи репетицияга массалык маалымат каражат өкүлдөрүн чакырды.

V. БАЙКОО ЖҮРГҮЗҮҮНҮН АЛДЫН АЛА ЖЫЙЫНТЫГЫ ЖАНА ДОБУШ БЕРүү ПРОЦЕССИНИН АНАЛИЗИ

Жалпы корутунду

28 –октябрда БШК шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө шайлоо документтерин фальсификациялоо же добуштарду туура эмес саноо үчүн жоопкерчилик тууралуу эскертти.

Шайлоо бюллетени

Президентти шайлоо жөнүндөгү конституциялык мыйзамдын 30-беренесине ылайык, талапкерлердин өкүлдөрү жана байкоочулар шайлоо бюллетендерин выбраковка жасоо тучурунда ал жакта болгонго укуктуу жана мындай такая выбраковка талапкерлердин өкүлдөрү, байкоочулар, ММК өкүлдөрүнүн кароосунда өтүшү керек. БШК 19 -октябрда 2,870,000 бюллетень басып чыкты жана байкоочуларды бюллетендерди выбраковка жасоого байкоо жүргүзүүгө чакырган. Бирок байкоочулар, анын ичинде Коалициянын байкоочулары БШКнын логистикалык кемчилигинен улам типографияга кире алышкан эмес. Буга байланыштуу, Коалиция, Таза Шайлоо жана ЕККУнун БДИПЧ БШКны ачык-айкындуулукка чакырышты. Натыйжада байкоочулар шайлоого бир нече күн калганда шайлоочулардын тизмесине шайлоочулардын көпчүлүк саны киргизилгенден кийин БШК тарабынан заказдалган выбраковка процессинин экинчи партиясына киргизилген.

Жалпысынан 3,051,000 бюллетень басылып чыккан.

Чыгып кеткен талапкерлердин маалыматын шайлоо бюллетендеринен чийип салуу

Мыйзамга ылайык шайлоо бюллетендери тиешелүү ТШКларга добуш берүүгө он күн калганга чейин берилиши керек. Талапкерлер добуш берүүгө үч күн калганча жарыштан чыгып кеткенге укуктуу, конституциялык мыйзамга ылайык УШК чыгып кеткен талапкерлердин маалыматтарын ар бир шайлоо бюллетенинен кол менен чийип салат. Бул участкалык шайлоо комиссиясынын жүгүн оордотту. Коалиция приняла решение о проведении наблюдения за этим процессом в ночь с 28-октябрдан 29 –октябрга караган түнү 164 шайлоо участогунда бул процесске байкоо жүргүзүүнү чечти.

164 участоктогу чыгып кеткен талапкерлердин маалыматтары чийип салынган бюллетендердин жалпы саны 16612 болду. Чийип салуу процессинде 183 бюллетень жарактан чыкты. 24 шайлоо участогунда жарактан чыккан бюллетендер жаңысына алмаштырылган. Бирок Коалициянын байкоочулары 157 шайлоо участогунда чыгып кеткен талапкерлердин маалыматтарын чийип салуу процесси ачык-айкын өткөндүгүн белгилейт.

Мөөнөтүнөн мурда добуш берүү (32-берене)

Согласно Конституциялык мыйзамга ылайык, шайлоочулар өздөрү шайлоочулардын тизмесине кирген участокто добуш берүүгө мүмкүнчүлүгү жок болсо, добуш берүү күнү Кыргыз Республикасынын аймагында болбой тургандыгын билдирген жазуу түрүндөгү кайрылуусунун негизинде тиешелүү документтерди көрсөтүү менен мөөнөтүнөн мурда добуш бере алат. Мөөнөтүнөн мурда добуш берүү 21-октябрдан тартып 28-октябрга чейин ТШКларда өттү. Бирок Баткен областынын 16 ТШКсында мөөнөтүнөн мурда добуш берүү 22- октябрда башталды. БШКнын расмий маалыматы боюнча, 337 шайлоочу мөөнөтүнөн мурда добуш берди. Бардык ТШКда мөөнөтүнөн мурда добуш берүүгө байкоо жүргүзгөн Коалициянын маалыматы боюнча, 331 шайлоочу мөөнөтүнөн мурда добуш берди. Бул ажырым олуттуу эмес жана мөөнөтүнөн мурда добуш берүүнүн сапатына, ачыктыгына жана айкындуулугуна ишеним артпаганга бизде негиз жок.

В Сокулук ТШКсында жана Москва ТШКсында адаттан тыш көп сандагы шайлоочулардын мөөнөтүнөн мурда добуш берүүсү катталган – 138 жана 85. Бир областтын аймагында жайгашкан бул эки ТШКда жалпысынан 221 адам добуш берген же мөөнөтүнөн мурда добуш бергендердин жалпы санынын 65,78% түзөт.

Көчмө добуш берүү (ст.33)

Мурунку шайлоолордон айырмаланып жаңы конституциялык мыйзамдын 33-беренесинде каралгандай, бөлмөдөн тышкары добуш берүү шайлоого бир календарлык күн калганда өткөрүлдү. Бөлмөдөн тышкары добуш берүүгө арыздар участкалык комиссиялар түзүлгөндөн кийин, бирок добуш берүү күнүнө 3 күн калганга чейин кабыл алынышы керек.

Коалициянын бардык байкоочулары бөлмөдөн тышкары добуш берүүгө, анын бардык процедураларына байкоо жүргүзө алышты. Бирок ошону менен бирге байкоочулар маркировкалоо процедурасынын ойдогудай болбогондугун белгилешти избирателей (6% УШК). Мындан тышкары, байкоочулар көчмө үкөктөрдү чаптоо процедурасы 99% шайлоо участогунда сакталбагандыгын белгилешет.

4% УШКда шайлоочулар тиешелүү документсиз добуш беришкен. Көбүнчө мындай учурлар Ош шаарында катталган.

3% УШКда байкоочуларга кысым жасоо болгон. Мындай инциденттер Ош жана Бишкек шаарында катталган.

Бөлмөдөн тышкары добуш берүү аяктаганда Баткен областындагы УШК 10% жана Бишкек шаарындагы УШК 7% көчмө үкөктөр кошумча УШК мөөрү менен чапталбаган жана сакталууга сейф/шкафка салынбаган.

Коалиция тарабынан белгиленген бардык мыйзам бузуулар боюнча маалыматтар конкретүү УШК номерлерин көрсөтүү менен БШКга берилди.

Добуш берүү күнү

Ачылышы

Белгилей кетүү керек, Коалициянын байкоочулары шайлоо участокторунун ачылышына тоскоолдуксуз киргизилип байкоо жүргүзө алышты. Участкалык шайлоо комиссиялары ишине өз учурунда киришти. Участоктордун ачылыш процедурасы сакталды.

Добуш берүү

Жалпысынан добуш берүү процесси ачык-айкын өттү. Шайлоочулардын активдүүлүгү байкалды. Коалиция бардык участоктордо талапкерлердин өкүлдөрү, коомдук уюмдардан байкоочулар болгондугун белгилейт.

Одоно мыйзам бузуусуз өткөн участоктордун ачылыш процедурасынан кийин, Коалицияга маркирлөөлөр оңой эле өчүп кала тургандыгы туурасында алгачкы сигналдар түшө баштады. Коалиция маалыматты БШКга берди. Ошондой эле шайлоочулар маркирленбеген учурлар катталган.

Канча шайлоочу маркирленбеген?

Кийинки чоң проблема – шайлоочулардын тизмеси болду. Шайлоо участокторунун 65%да шайлоочулар тизмеден өздөрүн тизмеден табышкан жок, андыктан добуш бере алышкан жок. Бул проблема эки себептен улам болгон. Биринчи себеби УШК жоопкерчилигине байланыштуу, шайлоочулар бардык керектүү процедурадан өтүп, арыз беришкен, бирок, кандайдыр бир белгисиз себептерден улам УШК алардын маалыматтарын шайлоочулардын тизмесине киргизбей калган. Экинчи себеби, шайлоочулардын жаңы мыйзамды билбегендигинен улам, тизмеге туруу процедурасын сактабагандыгы болду. Мындай окуялар көбүнчө Бишкек, Ош шаарларында жана Баткен областында болгон. Мурдараак Коалиция шайлоочулардын тизмесин тактоого өтө аз убакыт берилгендиктен жана шайлоочуларга маалымат жеткирүү иши жетишсиз болгондуктан булар шайлоочулардын тизмесинин сапатына таасирин тийгизээрин айтып чыккан.

Канча шайлоочу өзүн шайлоочулардын тизмесинен таба алган жок?

Мындан тышкары, Коалиция добуш берүү учурунда мыйзам бузуулар болгондугун белгилейт. Мисалы, Коалициянын байкоочуларына карата коркутуу учурлары болгондугуна Коалиция басым жасабай кое албайт. Байкоочуларга кысым болбогон 2010-жылдагы Жогорку Кенешке болгон шайлоолорго салыштырмалуу бул ирет айрым шайлоо участкаларында (УШК № 6111 г Талас, УШК № 7179 Аламүдүн району, № 4025, № 4005, № 4157 Нарын областы) Коалициянын байкоочуларына карата коркутуп-үркүтүүлөр болгондугун Коалиция өкүнүү менен белгилейт.

Аламүдүн районунун № 7179 УШКсы жабылып жаткан учурда белгисиз адамдар өздөрүн Коалициянын жетекчисинин жардамчылары катары тааныштырып, биздин байкоочуларыбызды сыртка чакырып чыгып, мыйзам бузуу фактылары боюнча далил катары тартып алган сүрөттөрдү көчүрүп алышкан, байкоочуларыбызды участоктон алып чыгып кетишкен. Анын натыйжасында байкоочулар бул участоктогу добуштарды саноо процессине байкоо жүргүзө албай калышкан.

Айрым шайлоо участокторунда бюллетендерди топтоштуруп таштоолорго байланыштуу одоно мыйзам бузуулар байкалган. Мисалы байкоочулар Нарын областында УШК № 4108, №4059, Талас областында УШК № 6064, №6106,№ 6043, Ош шаарында №5464, Ош областында № 5033, Жалал-Абад областында 2401, Баткен областында №8099, №8180, Чүй областында № 7301, Бишкек шаарында № 7290 бюллетендерди топтоштуруп таштоолор катталган. Алардын айрымдары боюнча Коалициянын байкоочулары тарабынан акт түзүлгөн. Коалиция бул фактылар боюнча түзүлгөн актылардын санын тактап жатат. Такталгандан кийин Коалиция бул фактыларды БШК текшерүүсүн талап кылат, жана алар тастыкталса Коалиция БШКдан тиешелүү чара көрүүнү, керек болсо ошол УШКлар боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууга чейин талап кылат.

Мындан тышкары шайлоочуларга добуш берүүгө келүүсүнө кысым жасоо аракеттери туурасында Коалицияга сигналдар түшкөн. Коалициянын юристтери келип түшкөн сигнал боюнча студенттер добуш берип жаткан КУУнун башкы корпусуна барышты. Анда кайсы бир адамдар тизме студенттердин менен кимиси келип, кимиси келе электигин белгилеп жүргөн. Коалицияда тастыктоочу видеозапись бар. УШК төрагасы уруксаат бергенине карабастан, Коалициянын юристтерине бул окуяны тартууга тыюу салышкан, анын ичинде элдик кошуундар да болгон. КУУнун 6- корпусунда Коалициянын байкоочуларынан мыйзам бузуу тууралуу актты кабыл алуудан баш тартышкан.

Учурда Коалиция мындай окуялар боюнча бардык маалыматтарды чогултуп, тактап жатат.

Участоктордун жабылышы жана добуштарды саноо (35-берене)

Коалиция байкоо жүргүздү жана өлкө боюнча УШКлардын 7%да УШК ичиндеги шайлоочуларды добуш бердирбей койгон. Мындай көрүнүш Нарында УШКлардын 16%да белгиленген. Байкоочулар добуштарды саноо процесси

Процедураларга ылайык жүргөндүгүн белгилешет. Бирок ошону менен бирге

Бишкек шаарындагы № 1212, 1230 УШКларда, жана дагы Чүй №7245 УШКда байкоочуларга протоколдун көчүрмөсүн берүүдөн баш тартышкан.

Байкоочулардын жалпы баалоосу УШКлардын 44%да добуш берүүнүн жыйынтыгына таасир этпеген анчейин мыйзам бузуулар болгондугун белгилейт. Байкоочулардын айтымында УШКлардын 1%да одоно мыйзам бузуулар болгон, алар добуш берүүнүн жыйынтыгына таасир этиши ыктымал. Муну биздин Оштогу байкоочулар белгилеген.

Учурда Коалициянын маалыматтары негизинен, топтоштуруп бюллетендерди таштоолор болгон участокторду эске албаганда, БШКнын маалыматтары менен дал келет. Бирок айрым одоно мыйзам бузуулар катталгандыктан, канчалык деңгээлде алар добуш берүүнүн жыйынтыгына таасир эткендигин аныктоо үчүн ал мыйзам бузууларды дыкат текшерүү зарыл.

Коалиция БШКны жана башка тиешелүү органдарды бардык мыйзам бузууларды кылдат иликтеп чыгып, анын натыйжасында көрүлгөн чаралар боюнча коомчулукка маалымат берүүгө чакырат. Байкоочулар жана талапкерлердин өкүлдөрү тарабынан түзүлгөн акттарды кылдат изилдеп чыгуу өтө маанилүү. Коалициянын маалыматы боюнча добуш берүү күнү талапкерлердин өкүлшдөрү төмөнкү сандагы акттарды түздү.

30- октябрь 2011-ж. Талапкерлер боюнча акттардын саны (маалыматтар Коалиция байкоо жүргүзгөн 500 шайлоо учатскасынан)

VI. РЕКОМЕНДАЦИЯЛАР

1. Шайлоо жөнүндө жаңы мыйзамды мындан ары жакшыртуу үчүн жакшылап талдоо жүргүзүү керек.

2. Одоно мыйзам бузуулар болгондугу туурасында жарыялаган бардык талапкерлерди бардык материалдарды БШК жана башка тиешелүү органдарга жиберүүгө үндөйбүз.

3. Байкоочулар жана талапкерлердин өкүлдөрү билдирген мыйзам бузуулар боюнча кылдат иликтөө жүргүзүү керек.

4. БШК арыз берген шайлоочулардын тизмеге кирбей калган себептерин аныктап, шайлоочуларды каттоого жоопкерчиликтүү болгон күнөөлүү адамдарга карата чара чара көрүү зарыл.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×